Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 5-апрели № 171
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилгечи болгон "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилгечи болгон "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-апрелиндеги № 171 токтомуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилгечи болгон "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Эрматов демилгечи болгон "Мамлекеттик органдардын коомдук кеңештери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аны төмөнкү пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык, преамбула - ченемдик укуктук актынын милдеттүү эмес өз алдынча бөлүгү, анда актыны кабыл алуунун (чыгаруунун) себептери, шарттары жана максаттары жөнүндө маалыматтар камтылат. Преамбулага ченемдик буйрумдарды киргизүүгө жол берилбейт.
Ошого байланыштуу, берилген Мыйзам долбоорунун преамбуласын алып салууну, ал эми мыйзам долбоору жөнгө салуучу предметти өзүнчө беренеде баяндоону сунуштайбыз.
Мындан тышкары, мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан реформаларга байланыштуу мамлекеттик органдардын аталыштары өзгөрүп жаткандыгын эске алып, ошондой эле Мыйзам долбоорунун жоболору ашыкча пайдаланышын болтурбоо максатында Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгүндөгү "министрлик; мамлекеттик комитет; Социалдык фонд; мамлекеттик агенттик, фонд, мамлекеттик инспекция, кызмат, комиссия же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу башка мамлекеттик органдарда" деген сөздөрдү "мамлекеттик органдарда" сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге эле, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин алдында чечимдерди кабыл алуунун жана аларды ишке ашыруунун жол-жоболорунун ачык-айкындуулугун жогорулатуу боюнча мамлекеттик органдын жана жарандык коомдун өз ара аракеттенүүсү үчүн коомдук байкоочу кеңештери түзүлүшү мүмкүндүгүн белгилейбиз. Бул аталган Мыйзамда коомдук кеңештер администрациялык ведомстволордун алдында түзүлүшү каралган эмес.
Ошого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык эгерде ченемдик укуктук актыны колдонуу үчүн башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл болсо, ченемдик укуктук актынын киргизилүүчү долбооруна ушундай өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүчү башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлору тиркелүүгө тийиш экендигин белгилейбиз.
Мыйзам долбоорунун 2-беренесинин 1-бөлүгү менен коомдук кеңештерди коомдук органдар деп бекитүү сунушталууда. Бирок, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында "коомдук орган" деген терминдин аныктамасы жок, ошондуктан, бул уюмдар кандай статуска ээ болору, тактап айтканда, юридикалык жак болобу, ошондой эле кандай уюштуруучулук-укуктук формага ээ болору түшүнүксүз экендигин билдиребиз.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренеси менен ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун милдеттүү түрдө коомдук талкуулоо каралгандыгын белгилеп кетүү зарыл.
Ошого байланыштуу, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда, 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "коомдук экспертизасына" деген сөздөрдү "коомдук талкуулоосуна" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге эле, мамлекеттик саясаттын аныкталышы тиешелүү ченемдик укуктук актыны кабыл алуу менен ишке ашырылгандыктан, ошондой эле коомдук кеңештер ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга катышарын эске алып, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда жана 6-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктунда "ошондой эле тигил же бул тармакта мамлекеттик саясатты аныктоого катышуу" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз.
Ошондой эле, Мыйзам долбоорунун 4-беренеси боюнча төмөнкү сын-пикирлер жана сунуштар бар:
- 1-бөлүгүнүн 2-пунктун "уюмдардан" деген сөздөн кийин "мыйзамдарга ылайык" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, анткени мамлекеттик органдар мыйзам менен чектелбеген маалыматты гана берүүгө укуктуу;
- 1-бөлүгүнүн коомдук кеңештердин ишине ата мекендик жана эл аралык эксперттик илимий билимдерди тартуу жөнүндө 4-пункту 1-бөлүктүн 6-пунктун кайталап жаткандыктан, 6-пунктту алып салууну сунуштайбыз;
- 1-бөлүгүнүн 7-пунктундагы "тигил же бул" деген сөздөрдү алып салууну сунуштайбыз;
- 1-бөлүгүнүн 7-пунктун "кызматкерлерин" деген сөздөн кийин "тиешелүү мамлекеттик органдын компетенциясына кирген" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз;
- 4-берененин 3-бөлүгүндө баяндалган жоболор "Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын предмети болгондуктан бир эле маселе боюнча көп жолку мыйзамдык жөнгө салууну болтурбоо максатында долбоордун 4-беренесинин 3-бөлүгүн алып салууну сунуштайбыз;
- мамлекеттик органдардын, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, бирикмелердин, уюмдардын, аскердик кошуундардын жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын республиканын аймагындагы жана чет өлкөдөгү мекемелериндеги иштеринин бардык түрлөрүндө мамлекеттик сырды сактоо системасынын иштөөсүнүн мыйзамдык негизи "Кыргыз Республикасында мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын предмети болгондуктан, 4-бөлүктү алып салууну сунуштайбыз.
Ошону менен бирге эле, мыйзамды колдонуу практикасында талаштарды жана так эместиктерди болтурбоо максатында, Мыйзам долбоорунун 4-беренесинин 1-бөлүгүндө жана 5-беренесинин 5-бөлүгүндө коомдук кеңештердин укуктарынын толук тизмесин жана коомдук кеңештердин отчетторун жарыялоо ыкмаларынын толук тизмесин берүүнү сунуштайбыз.
Ушундай эле пикирди Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 1-бөлүгү боюнча (конкурска катышуу үчүн керектүү документтердин толук тизмесин берүүнү сунуштайбыз), 9-берененин 2-бөлүгү боюнча (комиссиянын ыйгарым укуктарынын толук тизмесин берүү зарыл), 13-берененин 2-бөлүгү боюнча (коомдук кеңештердин мүчөлөрүнүн санын өзгөртүүчү учурлардын толук тизмесин келтирүү зарыл) жана мыйзам долбоорунун 15-беренесинин 3-бөлүгүнүн 3-пункту боюнча жана 4-бөлүгү боюнча (коомдук кеңештин төрагасынын орун басарынын жана коомдук кеңештин катчылыгынын функцияларынын толук тизмеси) да айтмакчыбыз.
Мыйзам долбоорунун 6-беренесинин мазмунуна ылайык Мыйзам долбоорунун 5-беренесинин 1-бөлүгүн алып салуу керек деп эсептейбиз. Мындан тышкары, 5-берене "Коомдук кеңештердин милдеттери" деп аталат, ошого байланыштуу ушул беренеде коомдук кеңештердин милдеттерин тактап жазуу зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 8-беренесинин 11-бөлүгү боюнча, "далилдер" болуп эмне түшүнүлөөрүн тактоо зарыл деп эсептейбиз. Мындан тышкары, конкурстун катышуучулары берген "далилдерди" карап чыккандан кийинки конкурстун уюштуруучуларынын иш-аракеттерин аныктоону максатка ылайык деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 12-беренесинин 1-бөлүгү менен мамлекеттик органдан кирген комиссия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын токтотуунун бир гана учуру каралган. Ошол эле учурда, Мыйзам долбоорунун 7-беренесинин 5-бөлүгүндө мамлекеттик орган өз өкүлүн кайсы учурда болсо да кайра дайындоого укуктуу экени каралган. Ошого байланыштуу, ички карама-каршылыктарды болтурбоо максатында, комиссиянын мамлекеттик органдардан мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотуу үчүн себептердин тизмесин мамлекеттик органдын өз өкүлүн кайра дайындоо жөнүндө чечими сыяктуу негиз менен толуктоону зарыл деп эсептейбиз.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 8-бөлүгүнүн биринчи абзацын "Кыргыз Республикасынын жараны" деген сөздөрдөн мурда "соттолбогон (анын ичинде соттуулугу жоюлган)" деген сөздөр менен толуктоону сунуштайбыз, ал эми долбоордун 13 жана 14-беренелеринде коомдук кеңештердин курамына алуу үчүн талаптар жана андан чыгаруу үчүн себептер катары талапкерлердин жана коомдук кеңештердин мүчөлөрүнүн администрациялык жана жазыктык жоопкерчиликке тартылгандык фактыларын, ошондой эле алардын укукка каршы, мыйзамга каршы иштерди жасагандык фактыларын кошумча көрсөтүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунда укуктук мамиленин субъектисине тигил же бул кырдаалды мыйзам менен бекитилген критерийлерге таянбастан өзү каалагандай чечмелеп баалоого укук берген коррупция жаратуучу жоболор бар экенин белгилейбиз. Андай баалоочу позициялар 4-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда ("негизсиз четке кагылган" деген сөздөр), 5-берененин 4жана 5-бөлүктөрүндө ("же башка жол менен", "алгылыктуу башка ыкма менен" деген сөздөр), 6-берененин 1-бөлүгүнүн 9-пунктунда ("маанилүү коомдук мааниси бар" деген сөздөр), 8-берененин 5-бөлүгүндө ("иште кынтыксыз кадыр-баркка, жарандык демилге көтөрүү тажрыйбасына ээ жана активдүү коомдук иши бар" деген сөздөр), 12-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("Комиссияга мүчөлүгүнө тоскоолдук кылган жагдайлар" деген сөздөр) жана 12-берененин 3-бөлүгүнүн 3-пунктунда ("кынтыксыз эмес жүрүм-туруму" сөздөрү) баяндалган.
Ошого байланыштуу мыйзам долбоорунун жогоруда аталган беренелеринин жоболорунун редакциясын кайрадан иштеп чыгууну сунуштайбыз. Мисалы, мыйзам долбоорунун 8-беренесин кайрадан иштеп чыгууда альтернатива катары, комиссия мүчөлүгүнө жарандык коомдон талапкерлер ылайык келүүчү талашсыз, калыс критерийлерди киргизүүнү сунуштайбыз. Мисалы, жаш курагы, иш тажрыйбасы, соттолбогону ж.б.
Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын аймагында 2000дей жалпыга маалымдоо каражаттары катталган, ошого байланыштуу, 8-берененин 1 жана 18-бөлүктөрүндө "жалпыга маалымдоо каражаттарында" деген сөздөрдү "Өкмөт тарабынан аныкталган жалпыга маалымдоо каражаттарынын биринде" деген сөздөргө алмаштырууну же жалпыга маалымдоо каражаттарынын тизмесин конкреттештирүүнү сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 13-беренесинин 5-бөлүгү боюнча да ушундай эле пикир бар.
Мыйзам долбоорунун 20-беренесинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусу жана коомдук кеңештер менен бирдикте жыл сайын конференция өткөрүлүп, анда мамлекеттик кеңештердин жана коомдук кеңештердин өкүлдөрү бийлик менен коомдук кеңештердин өз ара байланышта иштешүүсүнө баа бериши каралган. Мында андай конференцияны өткөрүү үчүн уюштуруу комитети түзүлөт, ал конференциянын программасын түзөт жана конференция өткөрүү үчүн башка маселелерди чечет.
Бирок, долбоордо ошондой конференцияны өткөрүүнүн тартибин жөнгө салган жоболор жок экендигин белгилейбиз.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 6-беренесинин, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесинин ченемдерин эске алып, Мыйзам долбоорунун 23-беренесиндеги "мамлекет аралык келишимдердин" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 24-беренесинин 2-бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 Жарлыгына ылайык мурда түзүлгөн мамлекеттик органдарга караштуу коомдук байкоо жүргүзүүчү кеңештердин ыйгарым укуктары 2013-жылдын 31-декабрына чейин улантылаары каралган (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2011-жылдын 5-мартындагы № 56 Жарлыгынын редакциясына ылайык).
Бирок, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы № 212 Жарлыгы менен бекитилген Мамлекеттик органдардын алдындагы коомдук байкоочу кеңештер жөнүндө жобого ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүнө жараша баардык коомдук байкоочу кеңештерге талапкерлерди тандоо боюнча конкурс жарыялаганын (конкурс жөнүндө кулактандыруу коомдук байкоочу кеңештердин сайтында 2013-жылдын январынын аягына чейин жайгаштырылган) жана бул багытта иш жүргүзүлүп жатканын белгилейбиз.
Ошого байланыштуу долбоордун 24-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мындан тышкары, Мыйзам долбоорунун 5-беренесинде (коомдук кеңештер милдеттүү түрдө коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө коомдук кеңештердин веб-сайты аркылуу маалымат берүүсү), 17-берененин 9-бөлүгүндө (коомдук кеңештин ишине уюштуруучулук жана материалдык-техникалык жактан көмөк көрсөтүү) жана 20-беренесинде (жыл сайын конференция өткөрүү) коомдук кеңештердин ишин мамлекеттик бюджеттен каржылоо маселеси каралган.
Ошого байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши каржылоо булагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталгандан кийин кабыл алышы мүмкүн экенин белгилейбиз.
Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 28 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Регламентинин 114-пунктуна ылайык, ишке ашыруу финансылык жана материалдык чыгымдарды талап кылган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө кароого киргизилген учурда финансылык-экономикалык негиздеме берилет, анда эсептөөлөрү жана өтүп жаткан (же) кийинки жылдарда каржылоонун булактары жөнүндө маалыматтар болушу керек.
Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен Мыйзам долбооруна тиркелген түшүндүрмө катты керектүү маалыматтар менен толуктоо зарыл деп эсептейбиз.