Редакцияот 18.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-февралы № 80

Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүү тартибин бекитүү жөнүндө

"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүү тартиби бекитилсин.

2. Изин суутпай издөө ишин жүргүзүүчү Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети жана администрациялык ведомстволору өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев