Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 80 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилүүчү ИСИИнин жыйынтыктарына коюлуучу талаптар
3. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко ИСИИнин жыйынтыктарын берүү
4. ИСИИни ишке ашырган органдар жөнүндө маалыматты коргоо жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо
1-тиркеме. ИСИИЧтин жыйынтыктарын тариздөөдө пайдаланылуучу документтердин, буюмдардын жана далилдердин тизмеси
2-тиркеме. Алгачкы тергөө органына, тергөөчүгө, прокурорго, сотко изин суутпай издөө иштеринин жыйынтыктарын берүү жөнүндө токтом
3-тиркеме. Алгачкы тергөө органына, тергөөчүгө, прокурорго, сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүү жөнүндө токтом
4-тиркеме. Мамлекеттик жашырын сыр болуп эсептелген маалыматтарды жана аларды алып жүрүүчүлөрдү ачыкка чыгаруу тууралуу токтом
1. Жалпы жоболор
1. Изин суутпай издөө ишинин (мындан ары - ИСИИ) жыйынтыгы деп даярдалган, жасалуучу же жасалган кылмыштын белгилери жөнүндө, укук бузууну даярдаган, жасоочу же жасаган, жаза өтөөдөн баш тартып, алгачкы тергөө органдарынан, тергөөчүдөн, прокурордон же соттон жашырынып жүргөн жана дайынсыз жоголгон адамдар жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык же экологиялык коопсуздугуна коркунуч келтирген окуялар же иш-аракеттер жөнүндө "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында (мындан ары - "ИСИИ жөнүндө" КР Мыйзамы) белгиленген тартипте ыкчам бөлүктөр алган маалыматтар түшүнүлөт.
ИСИИ жыйынтыктары ыкчам-кызматтык документтерде (билдирмелер, маалымкаттар, маалыматтар, актылар, отчеттор ж.б.) чагылдырылат жана системага салынат. Ыкчам-кызматтык документтерге изин суутпай издөө иш-чараларын (мындан ары - ИСИИЧ) жүргүзүүдө алынган буюмдар жана документтер тизмеге ылайык тиркелиши мүмкүн (1-тиркеме).
2. Ыкчам-техникалык иш-чаралар (мындан ары - ЫТИЧ) - ыкчам-техникалык каражаттарды пайдалануу менен жүзөгө ашырылган ИСИИЧтин бир түрү. ИСИИЧ өткөрүүнүн демилгечиси, ага тете анын субъектиси ыкчам бөлүктүн кызматкери болуп эсептелет. ИСИИЧтин алкагында ишке ашырылган ЫТИЧ жыйынтыгы маалыматты материалдык (физикалык) алып жүрүүчүлөрдө (фонограммаларда, видеограммаларда, кинотасмаларда, фототасмаларда, фототартууларда, магниттик, лазердик дисктерде ж.б.) белгилениши мүмкүн.
3. ИСИИЧ өткөрүү жөнүндө кабыл алынган чечим үчүн негиз болгон материалдар ИСИИни ишке ашырган органдарда гана сакталат. Ыкчам материалдарды, ыкчам-кызматтык документтерди жана ИСИИни ишке ашырган органдардын ыкчам каттоо иштерин сактоонун тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
2. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берилүүчү ИСИИнин жыйынтыктарына коюлуучу талаптар
4. Кылмыш ишин козгоо тууралуу маселени чечүү үчүн берилген ИСИИнин жыйынтыктары кылмыштын белгилерин көрсөткөн, айрыкча кандай кылмыштын белгилери, кандай жагдайда, кандай жерде табылгандыгы жөнүндө, кылмыш жасаган адам (адамдар) тууралуу маалыматтар (эгер ал (алар) белгилүү болсо), кылмышты көргөндөр жөнүндө (эгер алар белгилүү болсо), кылмыш издеринин жайгашкан жери, далил буюм катары боло турган документтер жана буюмдар жөнүндө, кылмыш ишин козгоо тууралуу маселени чечүү үчүн мааниге ээ ар кандай фактылар жана жагдайлар жөнүндө маалыматтарды толук камтуусу зарыл.
Берилүүчү жыйынтыктардагы маалыматтар окуянын бар экендигин жана жосундун укукка жат экендигин тастыкташы керек.
5. Тергөө жана сот иш-аракеттерин даярдоо, ишке ашыруу үчүн берилүүчү ИСИИнин жыйынтыктары тергөө жана сот органдарынан жашырынып жүргөн адамдар жөнүндө, кылмыш иши үчүн мааниге ээ жагдайлар жана фактылар тууралуу кабардар адамдар, далилдин мүмкүн болуучу булактары жөнүндө, кылмышка колдонгон куралдардын жана каражаттардын жайгашкан орду, кылмыш жолу менен алынган акчалар жана баалуулуктар, далилдөөнүн предметинин жагдайлары менен байланышкан документтер жана буюмдар жөнүндө, тергөө иш-аракеттерин өткөрүүнүн ырааттуулугун жана көлөмүн аныктоого, конкреттүү кылмыш иши боюнча тергөөнүн методикасын иштеп чыгууга, өндүрүштүн тактикасын тандоого мүмкүндүк бере турган башка фактылар жана жагдайлар жөнүндө маалыматтарды өзүнө камтуусу керек.
6. ИСИИнин жыйынтыктары далилдерди чогултууну, текшерүүнү жана баалоону жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын жазык-процессуалдык мыйзамдарынын жобосуна ылайык гана кылмыш иши боюнча далилдерде колдонулушу мүмкүн.
7. "ИСИИ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык жашырын ИСИИЧ жүргүзүүдө пайдаланылып жаткан же пайдаланылган маалыматтар мамлекеттик жашырын сырды түзөөрүн материалдарды даярдоодо эске алуу зарыл.
ИСИИЧтин жыйынтыктарынын сырын ачуу жана ачыкка чыгаруу жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда ИСИИни ишке ашыруучу органдын жетекчисинин токтомунун негизинде гана кабыл алынат.
3. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко ИСИИнин жыйынтыктарын берүү
8. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко "ИСИИ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык колдонулушу мүмкүн болгон ИСИИнин жыйынтыктары берилет.
9. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко ИСИИнин жыйынтыктарын берүү ИСИИни жүргүзүүчү органдын жетекчисинин токтомунун негизинде жүзөгө ашырылат, ал кылмыш сот өндүрүшү үчүн маанилүүлүгү жана тиешелүүлүгү аныкталгандан кийин кылмыш ишине тиркелет.
10. Жыйынтыктарды берүү өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- ИСИИни ишке ашырган органдын жетекчисинин алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко ИСИИнин жыйынтыктарын берүү жөнүндө токтомду чыгаруусу;
- "ИСИИ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган милдеттерди чечүү жана максаттарга жетүү үчүн ИСИИЧтин жыйынтыктарын пайдаланууга мүмкүн болбогон учурларда, мамлекеттик жашыруун сырды камтыган өзүнчө ыкчам-кызматтык документтердеги жашыруун сырды ачыкка чыгаруу жөнүндө токтомду чыгаруу;
- коштоочу документтерди жана иш жүзүндө бере турган материалдарды тариздөө (почта аркылуу кайра жөнөтүү, колмо-кол берүү ж.б.).
11. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко ИСИИнин жыйынтыктарын берүү жөнүндө токтом үч бөлүктөн турат: киришүү, баяндоо жана жыйынтыктоо.
Киришүү бөлүгүндө документтин аталышы, анын толтурулган орду жана убагы, ИСИИни ишке ашырган органдын же түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин фамилиясы, аты, атасынын аты, кызматы жана наамы (аскердик, атайын), ошондой эле ушул токтомду чыгарууга негиздер камтылат.
Токтомдун баяндоо бөлүгүндө ИСИИЧтин жыйынтыгында кандай материалдар алынды, айрыкча кайсынысы, алар кандай максатта сунушталат (кылмыш ишин козгоо үчүн себеп жана негиз катары колдонуу, тергөө жана соттук иш-аракетти даярдоо жана ишке ашыруу, кылмыш иши боюнча далилдерге колдонуу), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда конкреттүү ИСИИЧ качан жана ким тарабынан санкциялангандыгы, аны өткөрүүгө соттун чечиминин бар экендиги көрсөтүлөт.
Токтомдун жыйынтыктоо бөлүгү ИСИИнин жыйынтыктарын чагылдырган ыкчам-кызматтык документтерди жөнөтүү жөнүндө органдын жетекчисинин чечими менен берилет жана жөнөтүлө турган айкын документтер толук эсептелип жазылат.
12. ИСИИнин жыйынтыктарын берүү жөнүндө токтом бир нускада даярдалат, органдын жетекчиси кол коет жана ыкчам каттоо ишинин материалына же тиешелүү номенклатуралык ишке тиркелет.
13. ИСИИнин жыйынтыктары жалпыланган маалымат түрүндө же ыкчам-кызматтык документтердин түп нускасы түрүндө берилиши мүмкүн.
14. Берилген материалдар ИСИИнин жүрүшүндө буюмдардын жана документтердин алынган орду, убагы жана жагдайы, видео жана аудио жазууларды, кино жана фото материалдарды алуу жөнүндө маалыматтарды камтышы керек, аталган буюмдардын жана документтердин жеке белгилеринин көчүрмөлөрү жана үлгүлөрү, сүрөттөлүшү келтирилиши зарыл.
Берилген материалдардын, тиркемелердин жашыруундугунун даражасы жана берүү жөндөмдөрү жашыруун иш кагаздарын жүргүзүүнүн тартибине ылайык, ар бир учурларда өзүнчө, анын ичинде алынган сурамдын маанисине жана жашыруун болууга тийиш болгон маалыматтын болуусуна карата аныкталат.
Материалдарды көчүрмө катары анын ичинен бирдиктүү алып жүрүүчүгө маанилүү учурларды (сүйлөшүүлөрдү, сюжеттерди) көчүрүү менен, берүүгө жол берилет, бул коштоочу документтерде (протоколдордо) милдеттүү түрдө белгиленет. Алып жүрүүчүлөрдүн түрүн ИСИИЧтин демилгечиси аныктайт. Мындай учурларда материалдардын түп нускасы соттук териштирүү бүткөнгө жана өкүм мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин ыкчам бөлүктө сакталат.
15. Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко берүү үчүн ИСИИнин жыйынтыктарын даярдоодо жана тариздөөдө аларды жөнөтүүдө берилүүчү материалдардын бүтүндүгүн жана сакталышын камсыздоо максатында зарыл чаралар көрүлүшү керек (деформациядан, магнитин кетирүүдөн, өңүн өчүрүүдөн, өчүп калуудан коргоо ж.б.).
16. Кийинкиге калтырууга мүмкүн болбогон, оор жана өзгөчө оор кылмыш жасоого алып келүүгө мүмкүн болгон учурда, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик, аскердик, экономикалык жана экологиялык коопсуздугуна келтирилүүчү коркунуч тууралуу маалымат болгондо ИСИИнин жыйынтыктары алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко кечиктирилбестен берилиши керек. Бул учурда, Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексине ылайык ыкчам бөлүк кылмышты токтотууга жана бөгөт коюуга, демек кылмыштын издерин аныктоого чараларды көрүүгө милдеттүү.
17. Өздөрүнүн өндүрүшүндө болгон кылмыш иши боюнча ИСИИЧти жүргүзүү жөнүндө соттун чечимин жана алгачкы тергөө органдарынын, тергөөчүнүн, прокурордун тапшырмасын аткарууда алынган ИСИИнин жыйынтыктарын берүү.
Алгачкы тергөө органдарынын, тергөөчүнүн тапшырмасы, прокурордун көрсөтмөсү же соттун чечими боюнча ИСИИЧти өткөрүү мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда, тапшырма алынган учурдан баштап үч күндүн ичинде, аларга аталган тапшырманы аткарган органдын жетекчисинин колу менен негизделген кат жөнөтүлөт.
4. ИСИИни ишке ашырган органдар жөнүндө маалыматты коргоо жана анын катышуучуларынын коопсуздугун камсыздоо
18. ИСИИни ишке ашырган органдар жөнүндө маалыматты коргоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
19. ИСИИнин катышуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында "Күбөлөрдүн, жабырлануучулардын жана жазык-сот өндүрүшүнүн ар кандай катышуучуларынын укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган тартипте аларды коргоо боюнча атайын иш-чараларды жүргүзүүгө жол берилет.
20. Купуя негизде ИСИИни ишке ашырып жатышкан органдарга көмөк көрсөткөн же көрсөтүп жаткан адамдар жөнүндө маалыматты ачыкка чыгаруу алардын макулдугу менен кат жүзүндө жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана жол берилет.
21. ИСИИЧти өткөрүүнү жана анын катышуучуларын ачыкка чыгаруунун реалдуу коркунучтары пайда болгон учурда, ИСИИни ишке ашыруучу органдар жөнүндө маалыматты жана ИСИИЧтин түздөн-түз катышуучуларынын коопсуздугун коргоо боюнча иш-чаралардын планы токтом менен даярдалат.
22. ИСИИнин жыйынтыктары төмөнкү учурларда берилбейт:
- кылмыш процессинде ошол жыйынтыктарды берүүгө же колдонууга байланышкан ИСИИнин субъектилеринин (катышуучулардын) коопсуздугун камсыздоого мүмкүн болбосо;
- эгерде аларды кылмыш процессинде колдонсо жашыруун ИСИИЧ өткөрүүдө колдонулган же колдонуучу күчтөр, каражаттар, булактар, методдор, пландар жана ИСИИнин жыйынтыктары жөнүндө, уюшкан кылмыштуу топторго киргизилген адамдар жөнүндө, штаттык жашыруун кызматкерлер жөнүндө жана аларга жашыруун көмөк көрсөткөн адамдар жөнүндө, ошондой эле ИСИИЧти өткөрүү жана тактикасын уюштуруу жөнүндө, мыйзам менен мамлекеттик сырга киргизилген маалыматтарды (аталган маалыматтар "ИСИИ жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте ачыкка чыгарылган учурду кошпогондо) айкын кылуунун (ачыкка чыгаруунун) реалдуу мүмкүндүгүн түзсө.
23. Тиешелүү ИСИИЧти аткаруучу ушул Тартиптин 22-пунктунда каралган негиз боюнча ИСИИнин жыйынтыктарын көрсөтүүдөн баш тарткан учурда, бул органдар аталган маалыматты көрсөтпөөнүн себеби тууралуу органдын же түзүмдүк бөлүктүн жетекчисинин колу коюлган негизделген катты жөнөтөт, анын көчүрмөсү ыкчам каттоо ишинин материалдарына тиркелет.
| Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүүнүн тартибине 1-тиркеме |
1. ИСИИЧтин жыйынтыктары таризделүүчү документтер
- агентуралык билдирүүлөр, же агентуралык каттар (изин суутпай издөө ишин жүргүзүүчү жашырын кызматкерлер, же жашырын негизде ИСИИ өткөрүүгө көмөк көрсөтүшкөн адамдар тарабынан берилген маалымат);
- жарандардын арызы, же ИСИИЧке катышуучу-жарандардын түшүндүрүүсү;
- акт, же башка ведомстволук документ;
- ишеним кат, же нотариалдык күбөлөндүрүлгөн башка документтер;
- кириш-чыгыш документтер;
- кызматкердин билдирмеси;
- маалымат (меморандум-маалымат);
- отчет.
2. ИСИИЧтин жыйынтыктары жөнүндө документтерге тиркеме
- документтер (накладнойлор, эсеп-фактуралар, келишимдер, контракттар, уюштуруучу документтер, уставдар жана башкалар), предметтер (мөөрлөр, штамптар, ачкычтар, фотографиялар жана башкалар), кылмыш жарактары;
- аудио-видео жана башка техникалык алып жүрүүчүлөр.
3. Далилдөөлөр
Берилген материалдардын негизинде түзүлгөн далилдөөлөрдүн түрлөрү:
- сурак протоколу;
- эксперттин корутундусу;
- буюм далилдер (документтер, аудио-видео жазуулар, эсептеп чыгаруучу техника каражаттарынын магниттик алып жүрүүчүсү, уурдалган буюмдар, кылмыш жарактары);
- башка документтер жана материалдар.
| Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүүнүн тартибине 2-тиркеме |
_______________________ "__" ______ 201_-ж.
(түзүү орду)
ИСИИни ишке ашыруучу органдын аталышы ИСИИнин жыйынтыктары жиберилүүчү _____________________________________ адамдын кызмат орду, ___________ Анык штаттык аталышы ________________ ________________________________ _____________________________________ Анын фамилиясы, аты-жөнү _______ Индекс, почта жана телеграфтык ________________________________ дареги, телефон, факстын, электрондук ________________________________ почтанын № __________________________
______________ № ____________________
№ ___________________________________
"Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесин жетекчиликке алуу менен Сиздин дарекке изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын жиберебиз
__________________________________________________________________
(материалдар кайсы максат үчүн жиберилип жатат: кылмыш ишин
_______________________________________________________________________
козгоо, сот жана тергөө аракеттерин даярдоо жана ишке ашыруу
_______________________________________________________________________
жөнүндө маселелерди чечүү үчүн, кылмыш иштери боюнча
_______________________________________________________________________
далилдөөнү пайдалануу үчүн)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ (качан, кайсыл жерде, кайсыл ИСИИЧтин жыйынтыгы боюнча жана кандай натыйжаларга ____________________________________________________________ жетишилди, ИСИИге качан жана ким тарабынан санкция берилген, аны жүргүзүү жөнүндө соттук чечим көрсөтүлөт) _____________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Бул билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет
(билдирүүгө тиркелген предметтер, буюмдар, материалдык (физикалык) алып жүрүүчүлөр жөнүндө маалымат) _____________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ алардын жеке белгилери, убактысы, орду жана аларды алып коюудагы (алгандагы) маалымат _____________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(кызматы, атайын (аскердик) наамы,
ИСИИни ишке ашыруучу органдын
жетекчисинин аты-жөнү)
__________________________________ ______________________
(колу)
| Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүүнүн тартибине 3-тиркеме |
_______________________ "__" ________ 201_-ж.
(түзүү орду)
__________________________________________________________________
(изин суутпай издөө иштерин жүргүзүүчү органдын жетекчисинин
_______________________________________________________________________
кызматы, атайын (аскердик) наамы, аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
АНЫКТАДЫМ:
__________________________________________________________________
(качан, кайсыл жерде, кайсыл изин суутпай издөө иш-чарасынын
_______________________________________________________________________
натыйжасында жетишилген натыйжа, алар кайсыл максат үчүн берилет
_______________________________________________________________________
(кылмыш ишин козгоо үчүн себеп жана негиз катары колдонуу,
_______________________________________________________________________
тергөө же сот аракеттерин даярдоо катары пайдалануу, кылмыш
_______________________________________________________________________
иштери боюнча далилдөөдө пайдалануу үчүн ж.б.)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(кылмыш иши боюнча конкреттүү изин суутпай издөө иш-чарасы
_______________________________________________________________________
качан жана ким тарабынан санкцияланган ж.б.)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
(конкреттүү изин суутпай издөө иш-чарасы качан жана ким тарабынан
_______________________________________________________________________
санкцияланган, аны өткөрүү жөнүндө соттун чечиминин бар болушу)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жогорудагы жазылгандарды эске алып жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 4-бөлүмүн жана 15-беренесин, Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго, же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүүнүн тартибинин 11-пунктун жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
__________________________________________________________________
(Изин суутпай издөө ишинин натыйжаларын чагылдыруучу
_______________________________________________________________________
ыкчам-кызматтык документтеринин багыты жөнүндө изин суутпай
_______________________________________________________________________
издөө иш-аракетин жүзөгө ашыруучу органдын жетекчисинин чечими,
_______________________________________________________________________
жөнөтүлүүчү документтердин тизмеси)
_______________________________________________________________________
(ИСИИ жүргүзүүчү органдын жетекчисинин
кызматы, атайын (аскердик) наамы, аты-жөнү
__________________________________________ ____________________
(колу)
| Алгачкы тергөө органдарына, тергөөчүгө, прокурорго же сотко изин суутпай издөө ишинин жыйынтыктарын берүүнүн тартибине 4-тиркеме |
________________________ "__" _________ 201_-ж.
(түзүлгөн орду)
__________________________________________________________________
(изин суутпай издөө ишин ишке ашыруучу органдын жетекчисинин
_______________________________________________________________________
кызматы, атайын (аскердик) наамы, аты-жөнү
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
АНЫКТАДЫМ:
__________________________________________________________________
(качан, кайсыл жерде, кайсыл изин суутпай издөө иш-чараларынын
_______________________________________________________________________
натыйжасында кандай жыйынтык алынган изин суутпай издөө иш-чаралары
_______________________________________________________________________
кайсыл максат үчүн жүргүзүлгөн, качан жана ким санкциялаган,
_______________________________________________________________________
аны өткөрүүгө соттун чечиминин бар болушу, мамлекеттик
_______________________________________________________________________
жашырын сыр болуп эсептелген маалыматтарды жана алардын
_______________________________________________________________________
алып жүрүүчүсүн ачыкка чыгарууга негиз)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Жазылгандарды эске алып жана "Изин суутпай издөө иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛДЫМ:
__________________________________________________________________
(изин суутпай издөө иштерин жүргүзүп жаткан органдын
_______________________________________________________________________
жетекчисинин, мамлекеттик жашырын сыр болуп эсептелген
_______________________________________________________________________
маалыматтарды жана аларды алып жүрүүчүлөрдү ачыкка чыгаруу
_______________________________________________________________________
жөнүндө, ачыкка чыгарылууга тийиш болгон документтердин жана
_______________________________________________________________________
аларды алып жүрүүчүлөрдүн тизмеси жөнүндө чечими)
_______________________________________________________________________
(ИСИИ жүргүзүүчү органдын жетекчисинин
кызматы, атайын (аскердик) наамы,
аты-жөнү)
______________________________________
______________________________________ _______________________
(колу)
|
|