Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 93 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-февралы № 85
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматтын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренесинин роялти боюнча салык салынуучу объекттерди кеңейтүү бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилген Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 9-августундагы № 158 Мыйзамын ишке ашыруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 85-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-мартындагы № 109 "Салык отчетунун, патенттердин, эсептөөлөрдүн, кабарлоонун, маалыматын жана салыкты башкаруу боюнча маалыматтык эсептөөлөрдүн формаларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун он жетинчи абзацындагы "FORM STI-093" деген сөздөр жана цифралар "FORM STI-105" деген сөздөргө жана цифраларга алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген роялти боюнча отчеттун формасы (FORM STI-093) ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Роялти боюнча отчеттун формасын толтуруу тартиби (FORM STI-093) ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы салык төлөөчүлөрдүн арасында салык отчетун толтуруу жана берүү тартиби (FORM STI-105) жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү камсыз кылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 85 токтомуна 1-тиркеме |
"FORM STI-105
┌───┐ ┌──┐
│001│ └──┘ Баштапкы
└───┘ ┌──┐
└──┘ Такталган
Роялти боюнча
ОТЧЕТ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ I БӨЛҮМ. САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├───┬───────────────────────────────┬───┬─────────────────────────────┤
│102│ ИДЕНТИФИКАЦИЯЛЫК САЛЫК НОМУРУ │103│ УЮМДУН АТЫ-ЖӨНҮ/АТАЛЫШЫ │
├───┘ ├───┘ │
│ │ │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │ │
├───┬───────────────────────────────┴─────────┬───┬───────────────────┤
│104│ САЛЫК ОРГАНЫНЫН КОДУ ЖАНА АТАЛЫШЫ │107│ ОКПО КОДУ │
├───┘ ├───┘ │
│ └─┴─┴─┘ │ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
├─────────────────────────────────────────────┴───────────────────────┤
│ ИШ ЖҮЗҮНДӨ ТУРГАН ЖЕРИ │
├───┬──────────────────┬───┬──────────────────────┬───┬───────────────┤
│112│ ПОЧТА ИНДЕКСИ │113│ ОБЛУС, ШААР/ОБЛ., │114│ КӨЧӨ/КИЧИ РАЙ,│
├───┘ ├───┘ РАЙОН, АЙЫЛ ├───┘ ҮЙ, БАТИР, │
│ └─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │ │ КЕҢСЕ № │
├───┬──────────────────┴────────────┬───┬─────────┴───────────────────┤
│115│ БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНУ: │116│ ЭЛЕКТРОНДУК ПОЧТА ДАРЕГИ: │
├───┘ ├───┘ │
└───────────────────────────────────┴─────────────────────────────────┘
┌─────────────────┬───┬────────────────────┬───┬──────────────────────┐
│ │201│ │202│ │
│САЛЫК МЕЗГИЛИ └───┘ └┴┘└┴┘└┴┴┴┘ тартып └───┘ └┴┘└┴┘└┴┴┴┘ чейин │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│ II БӨЛҮМ. САЛЫК ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ │
├───────────────────────────────────┬────────┬────────┬───────┬───────┤
│ ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫН АТАЛЫШЫ │СУУ │САТУУДАН│ РОЯЛТИ│ РОЯЛТИ│
│ │ӨЛЧӨГҮЧ │ТҮШКӨН │ КОЮМУ │СУММАСЫ│
│ │МЕНЕН │АКЧА │ │ │
│ │ЖЕР │ │ │ │
│ │АСТЫНАН │ │ │ │
│ │АЛЫНГАН │ │ │ │
│ │СУУНУН │ │ │ │
│ │КӨЛӨМҮ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼────────┼────────┼───────┼───────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│1) ИЧҮҮЧҮ СУУ КАТАРЫ КУЮНУ ҮЧҮН │203│ │ х │204│ │205│ │
│МИНЕРАЛДЫК ЖАНА ТУЗСУЗ СУУЛАР ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
│(куб.м) │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│2) БОЛЬНЕОЛОГИЯЛЫК ДАРЫЛОО ҮЧҮН │206│ │ х │207│ │208│ │
│МИНЕРАЛДЫК ЖАНА ТЕРМАЛДЫК СУУЛАР ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
│(куб.м) │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│3) ЖЫЛЫТУУ ҮЧҮН ТЕРМАЛДЫК СУУЛАР │209│ │ х │210│ │211│ │
│(куб.м) ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│4) ИЧҮҮЧҮ ТУЗСУЗ СУУЛАР (куб.м) │212│ │ х │213│ │214│ │
│ ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│5) ТЕХНИКАЛЫК ТУЗСУЗ СУУЛАР (куб.м)│215│ │ х │216│ │217│ │
│ ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼───┬────┼────────┼───┬───┼───┬───┤
│6) АЙЫЛ ЧАРБА ӨНДҮРҮШҮ ҮЧҮН │218│ │ х │219│ │220│ │
│ТУЗСУЗ СУУЛАР (куб.м) ├───┘ │ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│7) КЕНДЕР ҮЧҮН КАМДАРДЫН (10 │ х │221│ │222│ │223│ │
│ТОННАДАН АШУУН КАМЫ БАР) ӨСҮШҮН │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
│ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА │ │ │ │ │
│ПЛАТИНА │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│8) КЕНДЕР ҮЧҮН КАМДАРДЫН (3төн 10 │ х │224│ │225│ │226│ │
│ТОННАГА ЧЕЙИН КАМЫ БАР) ӨСҮШҮН ЭСКЕ│ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
│АЛУУ МЕНЕН АЛТЫН, КҮМҮШ ЖАНА │ │ │ │ │
│ПЛАТИНА │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│9) КЕНДЕР ҮЧҮН КАМДАРДЫН │ х │227│ │228│ │229│ │
│(3 ТОННАДАН АЗ КАМЫ БАР) │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
│ӨСҮШҮН ЭСКЕ АЛУУ МЕНЕН АЛТЫН, КҮМҮШ│ │ │ │ │
│ЖАНА ПЛАТИНА │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│10) ГИПС │ х │230│ │231│ │232│ │
│ │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│11) КАПТООЧУ МАТЕРИАЛДАРДЫ ӨНДҮРҮҮ │ х │233│ │234│ │235│ │
│ҮЧҮН ТАБИГЫЙ ТАШТАР │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│12) ТАШ КӨМҮР, КҮРӨҢ КӨМҮР │ х │236│ │237│ │238│ │
│ │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│13) БАШКА ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАР │ х │239│ │240│ │241│ │
│ЖЕ/ЖАНА ПАЙДАЛУУ КАЗЫНДЫЛАРДЫ КАЙРА│ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
│ИШТЕТҮҮ ПРОДУКТУЛАРЫ │ │ │ │ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───┬───┼───┬───┤
│14) СУУ МЕНЕН КАМСЫЗДООЧУ │ х │242│ │243│ │244│ │
│АДИСТЕШКЕН УЮМДАР │ ├───┘ ├───┘ ├───┘ │
├───────────────────────────────────┼────────┼───┬────┼───────┼───┬───┤
│ЖЫЙЫНТЫГЫ: │ х │245│ │ х │246│ │
│ │ ├───┘ │ ├───┘ │
└───────────────────────────────────┴────────┴────────┴───────┴───────┘
┌──────────────────────────┬──────────────────────────────────────────┐
│ САЛЫК ТӨЛӨӨЧҮ ҮЧҮН │ САЛЫК ОРГАНЫ ТАРАБЫНАН КАБЫЛ АЛЫНДЫ │
├────────────┬─────────────┼────────┬──────┬───┬──────────────────────┤
│ │ │ │ КҮНҮ │901│ │
│ МӨӨР │ КОЛУ │ МӨӨР │ └───┘ └─┴─┘ └─┴─┘ └─┴─┴─┴─┘│
│ │ │ ├────────────┬───┬────────────────┤
│ │ │ │ИНСПЕКТОРДУН│902│ │
│ │ │ │ИСН └───┘ │
│ │ │ │ │
│ │ │ │ └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘ │
└────────────┴─────────────┴────────┴─────────────────────────────────┘
".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 18-февралындагы № 85 токтому менен бекитилген |
"Роялти боюнча отчеттун формасын толтуруунун
ТАРТИБИ
(FORM STI-105)
1. Ушул Тартип Роялти боюнча отчетту (мындан ары - Отчет) толтуруунун Тартибин аныктайт.
2. 001-уячада:
- бир айга кезектеги Отчетту берген учурда - "баштапкы" уячасында "X" мааниси түрүндөгү белги көрсөтүлөт;
- ушул эле салык мезгилинин ичинде мурда берилген Отчетко өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү учурунда, "такталган" уячасына "X" мааниси түрүндөгү белги көрсөтүлөт.
3. Отчеттун формасында сап-сабы менен төмөнкү маалымат чагылдырылат:
- 102-уячада салык төлөөчүнүн ИСНи көрсөтүлөт;
- 103-уячада салык төлөөчүнүн толук аталышы аты-жөнү) көрсөтүлөт;
- 104-уячада салык төлөөчүнүн катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт;
- 107-уячада салык төлөөчүнү мамлекеттик каттоого алуу учурунда статистика органы тарабынан ыйгарылган ОКПОнун коду көрсөтүлөт;
- 112-уячада салык төлөөчүнүн анык турган орду боюнча почта байланышынын индекси көрсөтүлөт;
- 113-уячада салык төлөөчүнүн анык турган орду боюнча калктуу конуштун аталышы (облусу, шаары, району, айылы ж.б.) көрсөтүлөт;
- 114-уячада салык төлөөчүнүн анык турган орду боюнча чыныгы дареги (көчөнүн/кичи райондун аталышы, үйдүн, кеңсенин, батирдин номуру) көрсөтүлөт;
- 115-уячада салык төлөөчүнүн телефон номуру көрсөтүлөт;
- 116-уячада салык төлөөчүнүн электрондук дареги көрсөтүлөт;
- 201-уячада анын артынан Отчет бериле турган салык мезгилинин башталышынын күнү: күнү, айы, жылы көрсөтүлөт. Мисалы: "01.01.2013";
- 202-уячада анын артынан Отчет бериле турган салык мезгилинин башталышынын акыркы күнүнүн түзүлгөн күнү: күнү, айы, жылы көрсөтүлөт. Мисалы: "31.01.2013";
- 901-уячада салык органы тарабынан Отчетту алган күнү көрсөтүлөт;
- 902-уячада Отчетту кабыл алган салык органынын кызматкеринин ИСНи көрсөтүлөт.
4. 203, 204, 205, 206, 207, 208, 209, 210, 211, 212, 213, 214, 215, 216, 217, 218, 219, 220, 221, 222, 223, 224, 225, 226, 227, 228, 229, 230, 231, 232, 233, 234, 235, 236, 237, 238, 239, 240, 241, 242, 243, 244-уячаларында көрсөткүчтөрдүн маанилери жок болгон учурда "0" мааниси коюлат.
5. 2-графанын 203, 206, 209, 212, 215 жана 218-уячаларында суу өлчөгүч боюнча жер алдынан алынуучу суунун көлөмү көрсөтүлөт.
6. 3-графанын 221, 224, 227, 230, 233, 236, 239 жана 242-уячаларында пайдалуу казындыларды сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт. Пайдалуу казындыларды кайра иштетүү продуктулары сатылган учурда, аталган уячаларда аларды сатуудан түшкөн акча көрсөтүлөт.
7. 4-графанын 204, 207, 210, 213, 216, 219, 222, 225, 228, 231, 234, 237, 240 жана 243-уячаларында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 310-беренесине ылайык роялти коюмдары көрсөтүлөт.
8. 3-графанын 245-уячасынын мааниси 221, 224, 227, 230, 233, 236, 239, жана 242-уячаларынын маанилеринин суммасына барабар.
9. 5-графанын 246-уячасынын мааниси 205, 208, 211, 214, 217, 220, 223, 226, 229, 232, 235, 238, 241 жана 244-уячаларынын маанилеринин суммасына барабар.
1-мисал.
"А" жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан 2012-жылдын май айынын ичинде ичүүчү суу катары куюу үчүн 50 куб.м өлчөмүндө минералдык жана тузсуз сууну алуу (жер алдынан алуу) ишке ашырылган.
"А" жоопкерчилиги чектелген коому роялти боюнча отчетту төмөнкүдөй толтурат:
- "Суу өлчөгүч боюнча жер алдынан алынуучу суунун көлөмү" 2-графасынын 203-уячасында "50" цифралары көрсөтүлөт;
- "Роялти коюму" 4-графасынын 204-уячасында "200" цифралары көрсөтүлөт;
- "Роялти суммасы" 5-графасынын 205-уячасында "10000" сом (50 куб.м x 200 сом) цифралары, б.а. 2012-жылдын май айында төлөнүүгө тийиш роялти салыгынын суммасы көрсөтүлөт;
- 5-графанын 246-уячасында ушул графа боюнча жыйынтык суммасы "10000" көрсөтүлөт.
2-мисал.
"Б" акционердик коому 3 тоннадан 10 тоннага чейин камы бар кен чыккан жерде күмүш казуу жана сатуу менен алектенет. 2012-жылдын март айында алар 500000 сом суммасында (КНСти жана сатуудан алынуучу салыкты эсептебегенде) күмүш сатышкан.
"Б" акционердик коому роялти боюнча отчетту төмөнкүдөй толтурат:
- "Сатуудан түшкөн акча" 3-графасынын 224-уячасында "500000" цифралары көрсөтүлөт;
- "Роялти коюму" 4-графасынын 225-уячасында "3" цифрасы көрсөтүлөт;
- "Роялти суммасы" 5-графасынын 226-уячасында "15000" сом (500000 сом x 3%) цифралары, б.а. 2012-жылдын март айында төлөнүүгө тийиш роялти салыгынын суммасы көрсөтүлөт;
- 3-графанын 245-уячасында ушул графа боюнча жыйынтык суммасы "500000" көрсөтүлөт;
- 5-графанын 246-уячасында ушул графа боюнча жыйынтык суммасы "15000" көрсөтүлөт.".
|
|