Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы № 93
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Кадыров жана Э.Эрматов демилге кылган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 26-февралындагы № 93 токтому менен жактырылган |
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Б.Кадыров жана Э.Эрматов демилге кылган "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, аны төмөнкү сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен кабыл алууга макулдук берет.
Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 29-декабрындагы № 206 "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "жалпы орто" деген сөздөрдү "орто жалпы" деген сөздөргө алмаштыруу бөлүгүнө оңдоолор киргизилгендигин көңүлгө алып, Мыйзамдын 1-беренесинин 2-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзамдарда бирдей терминдер колдонулуусу керек экендигин эске алуу менен, Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктунун редакциясын "инклюзивдүү билим берүү" деген түшүнүктү ачып берген "Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин жоболорун эске алуу менен кайра карап чыгууну же аталган Мыйзамга тиешелүү оңдоолорду киргизүүнү караштырууну сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин жоболорун жетекчиликке алуу менен төмөнкүлөрдү сунуш кылабыз:
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 8 жана 12-пункттарындагы "негизги орто" деген сөздөрдү "негизги жалпы" деген сөздөргө алмаштырууну;
- Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 13-пунктунун жана 10-бөлүгүнүн сегизинчи абзацынын редакциясын кайра карап чыгууну.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүнүн 11-пунктун төмөнкү редакцияда берүүнү сунуш кылабыз:
"11) техникум (окуу жайы жана адистештирилген коождор) - базалык деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу кесиптик орто окуу жайы;".
Ошол эле учурда Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 3-бөлүгүн төмөнкүдөй мазмундагы пункт менен толуктоону сунуштайбыз:
"колледж - базалык жана жогорулатылган деңгээлдеги кесиптик орто билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу кесиптик орто окуу жайы;".
Берилген долбоордун баяндалышын "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3-главасында белгиленген ченем чыгаруу техникасынын талаптарын эске алуу менен кайрадан карап чыгуу керек экендигин белгилей кетүү зарыл.
Алсак, жогоруда аталган Мыйзамдын 12-беренесине ылайык ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү жана (же) толуктоолорду киргизүүдө анын бөлүктөрүнүн, бөлүмдөрүнүн, главаларынын, беренелеринин (пункттарынын) номурларын өзгөртүүгө жол берилбейт. Эгерде ченемдик укуктук актылар жаңы түзүмдүк элементтер менен толукталса, анда жаңы түзүмдүк элементтер негизги цифранын жана тамгалык белгилөөлөрдүн үстүнө жайгаштырылуучу цифралар менен кошумча белгиленет.
Буга байланыштуу Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8, 9, 10, 11, 12, 13 жана 14-бөлүктөрүнүн редакциясын кайрадан карап чыгууну сунуштайбыз.
Мындан тышкары долбоордун 1-беренесинин 3, 4 жана 5-бөлүктөрүндө оңдоолор киргизилген түзүмдүк элементтердин (бөлүктөр, абзацтар) номурларын тактоо керектигине көңүл бурууну сунуштайбыз.
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык кошумча билим берүү жалпы жана кесиптик билим берүү программаларынын алкагында жүргүзүлөт. Кошумча билим берүү мектептен тышкаркы, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, мектептерде жана башка кошумча билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт (аталган Мыйзамдын 17-беренеси). Тиешелүү түрдө кошумча билим берүү билим берүүнүн курамдык бөлүгү катары бааланышы мүмкүн. Баяндалгандарды эске алуу менен, аталган Мыйзамдын 4-беренесине өзгөртүү киргизүүнү максатка ылайыксыз деп эсептейбиз. Буга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 4-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Жогоруда аталган Мыйзамдын 12-беренесин колдонулуудагы редакциясында калтырууну максатка ылайык деп эсептейбиз, анткени, окуу-тарбиялык комплекси, автордук окуу-тарбиялык комплекси, мектеп-комплекси билим берүү процессин уюштуруу формасы же ар кандай окуу жайларды бир комплекске бириктирүү формасы болуп саналат. Окуу-тарбиялык комплексинин уставын түзүү билим берүү уюмдарынын ар кандай түрдөгү уставдарынын жоболорун бир уставга бириктирүүнү талап кылат, бул уставдарга талапты белгилөөчү "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине карама-каршы келет. Тактап айтканда окуучуларды билим берүү уюмдарына кабыл алуу тартибин; окуудан чыгаруу тартибин; окуу процессин уюштурууну; окуучулардын окуу режимин аныктоодо проблемалар жаралышы мүмкүн.
Баяндалгандын негизинде билим берүү тутумуна окуу-тарбиялык комплексин киргизүү азыркы учурда эрте деп эсептейбиз. Мында билим берүү уюмдарынын жогоруда аталган формаларын түзүү республикалык бюджеттен кошумча каражаттарды талап кылаарын белгилейбиз. "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 26-беренесине ылайык ишке aшыруу мамлекеттик бюджеттен каржылоого алып келген ченемдик укуктук актылар, алар боюнча каржылоо булактары аныкталганга чейин кабыл алынбайт. Буга байланыштуу долбоордун 1-беренесинин 6-бөлүгүн алып салууну сунуш кылабыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 7-бөлүгүндөгү "сөз кошулсун" деген сөздөрдү "сөз менен толукталсын" деген сөздөргө алмаштырууну сунуштайбыз.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 8-бөлүгү менен "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 16-берене менен толуктоо сунуш кылынат, буга ылайык мектепке чейинки билим берүүгө тартылбаган балдар үчүн бирдей старттык мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу максатында республикалык бюджеттен каржылануучу жалпы билим берүү уюмдарында 5-6 жаштагы балдарды мектеп алдында даярдоо боюнча программалар ишке ашырылууда.
Бул берененин мазмуну боюнча маалымат катары төмөнкүлөрдү белгилейбиз: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-августундагы № 601 "Мектепке чейинки билим берүүчү уюмдарга барбаган балдарды мектепке даярдоо жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барбаган балдарды мектепке даярдоону 2011-2012-окуу жылына базистик окуу планына салыштырмалуу 2012-2013-окуу жылына 5-11-класстар үчүн базистик окуу планы боюнча жумалык жүктөмдү азайтуудан ар жылдык үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен ишке ашыруу тапшырылган.
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу укугуна ээ ченем чыгаруучу органдардын толук тизмеги белгиленгендиктен, Мыйзам долбоорунун 18-беренесинин 3-абзацында, 1-беренесинин 9-бөлүгүндө берилген "билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан" деген сөздөрдү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан" деген сөздөргө алмаштырууну максатка ылайык деп эсептейбиз.
18-беренесинин бешинчи абзацында (долбоордун 1-беренесинин 9-бөлүгү) кошумча билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөн түшкөн каражаттар билим берүү уюму тарабынан өз алдынча сарпталаары каралган. Муну менен бирге алынган каражаттарды өз алдынча тескөө укугу бөлүгүндө (эч кандай чектөөлөрсүз) аталган уюмдарга кеңири ыйгарым укук берилгендиктен, белгиленген жобо коррупциялык мүнөзгө ээ болот.
Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 14-бөлүгүнүн экинчи абзацынын редакциясын анын берилишинин так эместигине байланыштуу тактоону сунуштайбыз.
Ошол эле учурда "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык билим берүү кызматкерлерине 5 жылдык педагогикалык иш стажы үчүн - эмгек акынын он пайызынан аз эмес, 10 жыл үчүн - жыйырма пайызынан аз эмес, 15 жана андан көп жыл үчүн - отуз пайызынан аз эмес өлчөмдө кошумча акы белгиленген.
Ушуну менен катар Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 151-беренесине ылайык үстөктөр жана кошумча акы түрүндө компенсациялык жана дем берүүчү мүнөздөгү төлөөлөр эмгек акысына эсептелүүчү райондук коэффициентти кошпогондо, кызматтык (тарифтик) маянасына абсолюттук өлчөмдө же пайыз менен белгиленет.
Буга байланыштуу аталган карама-каршылыктарды четтетүү максатында бул Мыйзам долбоорунун алкагында "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аталган беренесинин "эмгек акыдан" деген сөздү "маянадан" деген сөзгө алмаштыруу бөлүгүнө оңдоолорду киргизүү мүмкүнчүлүгүн кароону сунуш кылабыз.