Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 656 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 26-февралы № 98
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 14-апрелиндеги № 147 "Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Айылдык товар өндүрүүчүлөргө мамлекеттик кредиттерди товардык-материалдык ресурстар түрүндө бөлүштүрүү жана берүү тартиби жөнүндө жободо:
- бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы саясат жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиги" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги" жана "Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департамент" деген сөздөр менен тиешелүү түрдө алмаштырылсын;
- 1.2-пункттагы "облустук," жана "жана айыл өкмөттөрүнүн комиссиялары" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.1-пункттагы "облустук,", "жана айыл өкмөтүнүн деңгээлинде", "облустарга,", ", айыл өкмөттөрүнө" деген сөздөр алып салынсын;
- 3.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3.2. Республикалык деңгээлдеги мамлекеттик комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн буйругу менен түзүлөт, анын курамына Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондунун, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаментинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондусунун, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жана "Айыл Банк" ачык акционердик коомунун, ошондой эле Кыргызстандын үрөн чарбаларынын ассоциациясы" коомдук уюмунун өкүлдөрү кирет.";
- 3.3., 3.5., 4.4-пункттары күчүн жоготту деп табылсын;
- 3.6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3.6. Мамлекеттик республикалык комиссия өтүнмөнүн бар жогуна карабай Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бөлүп берген товардык-материалдык ресурстарды бөлүштүрүүнү жүргүзөт.";
- 4.2-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.2. Товардык кредит түрүндө ресурстарга муктаждыктардын көлөмү айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн түшкөн өтүнмөлөргө ылайык жүргүзүлгөн, райондордун администрациялары берген эсептөөлөрдүн негизинде аныкталат. Эсептөөлөр алдын ала жалпылоодон кийин Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигине берилет, ал товардык кредиттерди бөлүштүрүү жөнүндө сунуштарды Товардык кредиттерди бөлүштүрүү боюнча республикалык мамлекеттик комиссиянын кароосуна жиберет.";
- 4.5-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"4.5. Райондук комиссия товардык кредиттерди Республикалык мамлекеттик комиссиянын тизмесине ылайык бөлүштүрөт.";
- 4.6-пункттагы "облустук,", "облустардын", "облустардын жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 4.8-пункттагы "облустук," деген сөз алып салынсын;
- 4.9-пункту "мамлекеттик фонду" деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте" деген сөздөр менен толукталсын;
- расмий тилдеги тестинде "обеспечивает" деген сөз "обеспечивают" деген сөз менен алмаштырылсын;
- 5.1-пункттун жетинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Мамлекеттик башкы техникалык инспекциясынын" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Механизациялоо жана энергиялык камсыздоо департаментинин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр |
Ж.Сатыбалдиев |