Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-февралындагы № 111 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-январындагы № 39 токтому менен бекитилген |
Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөрдү тандоочу тендердик комиссия жөнүндө Жобо
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Тендердик комиссияны түзүү тартиби
3. Тендердик комиссиянын компетенциясы
4. Тендердик комиссиянын ишинин уюштурулушу
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлору боюнча жеке өнөктөштөрдү тандоочу тендердик комиссияны (мындан ары - тендердик комиссия) түзүү тартибин, анын ыйгарым укуктарын жана ишинин тартибин аныктайт.
2. Тендердик комиссия өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясына, "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына таянат.
3. Бул Жободо пайдаланылган терминдер "Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында аныкталган мааниде колдонулат.
2. Тендердик комиссияны түзүү тартиби
4. Тендердик комиссия мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) боюнча ар бир долбоорго карата түзүлөт.
5. Тендердик комиссия МЖӨ долбоорун ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткенден кийин мамлекеттик өнөктөш тарабынан түзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Тендердик комиссия беш адамдан кем эмес курамда түзүлөт. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн саны так эмес болуш керек.
7. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү квалификациялык талаптар коюлат.
8. Тендердик комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын өкүлү, тийиштүү инфраструктуралык объект боюнча тажрыйбага жана билимге ээ болгон адис, экономика жана (же) финансы тармагындагы адис, юриспруденция тармагындагы адис, МЖӨ долбоору тике таасир тийгизүүчү жергиликтүү жамааттын өкүлү кирет.
9. Төмөнкүдөй адамдар тендердик комиссияга мүчө боло алышпайт:
1) тендерге катышууга арыз бергендер же тендерге катышууга арыз берген жеке өнөктүн штатында тургандар;
2) тендерге катышып жаткан жеке өнөктүн менчик ээси болгондор;
3) каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата мүлктүк укугу жана (же) башка кызыкчылыгы барлар;
4) жеке өнөктүн менчик ээси (түпкү пайда алуучусу) болгон жакын туугандары барлар.
10. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүндө каралып жаткан МЖӨ долбооруна карата кызыкчылыктардын кагылышы болбошу керек, ал жөнүндө алар тендердик комиссияны түзүп жаткан мамлекеттик өнөккө жазуу жүзүндөгү тастыктоосун беришет.
Тендердик комиссиянын курамында андай адамдар бар экени аныкталса, мамлекеттик өнөк аларды тендердик комиссиянын курамынан чыгарат жана башка адамдарды киргизет.
11. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү тендердик комиссиянын ишинин натыйжасында алган маалыматты ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюшат.
3. Тендердик комиссиянын компетенциясы
12. Тендердик комиссиянын компетенциясына мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүгү жана квалификациясы бар жеке өнөктү тандоо боюнча тендер өткөрүү кирет.
13. Тендердик комиссия төмөнкүдөй укуктарга ээ, алар:
1) тендердин катышуучуларынан тендерди өткөрүүгө тиешелүү документтерди жана маалыматтарды сурап алуу, аларды өзүнүн жыйынына чакыруу жана түшүндүрүүлөрүн угуу. Тендердин катышуучулары тендердик комиссияга берүүчү документтер жана маалыматтар жашырын болот;
2) МЖӨ чөйрөсүндө жана (же) жеке өнөктөштү тартуу пландалган чөйрөдө тийиштүү иш тажрыйбага ээ болгон эксперттерди жана консультанттарды ишке тартуу;
3) МЖӨ чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларга ылайык башка укуктар.
14. Тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө алынган документтерди (алардын копияларын) же маалыматтарды үчүнчү жактарга, анын ичинде тендердин башка жеке өнөктөрүнө берүүгө, же ал документтерди (алардын копияларын) тендер өткөрүүдөгү сунуштарды баалоодон башка максаттарга пайдаланууга тыюу салынат. Документтерди жана маалыматтарды үчүнчү жактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда гана берүүгө мүмкүн болот.
4. Тендердик комиссиянын ишинин уюштурулушу
15. Тендердик комиссиянын иши коомдук негизде жүргүзүлөт.
16. Тендердик комиссия өзүнүн ишин жыйын өткөрүү жолу менен жүргүзөт.
17. Тендердик комиссиянын жыйыны ага тендердик комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда жарактуу болот. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү анын жыйынына өзүнүн ордуна башканы алмаштыруу укугусуз катышышат. Тендердик комиссиянын жыйынын анын төрагасы, төрага жок болсо тендердик комиссиянын төрагасынын орун басары өткөрөт.
18. Тендердик комиссиянын тендердик сунуштарга баа берилчү жана тендердин жеңүүчүсү аныкталуучу жыйындардан башка жыйындары ачык өткөрүлөт.
19. Тендердик комиссиянын чечими тендердик комиссиянын жыйынга катышкан мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
Добуштар бирдей болуп калса жыйындын төрагасынын добушу чечүүчү болот.
20. Тендердик комиссиянын төрагасы:
1) тендердик комиссиянын ишин жетектейт жана уюштурат;
2) тендердик комиссияга тапшырылган милдеттердин жана функциялардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчиликте болот;
3) тендердик комиссиянын жыйынын өткөрүүчү күндү жана ордун, күн тартибин аныктайт;
4) берилген жана пайдаланылчу маалыматтардын жашырындыгын, коммерциялык сырдын сакталышын гарантиялайт;
5) тендердин жыйынтыгы жөнүндө кулактандыруу жарыяланган күнгө чейин тендердик сунуштарды баалоонун жыйынтыгы ачыкка чыгарылбашын камсыздайт;
6) жеке өнөктөштөр жана башка кызыкдар жактар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, анын ичинде тендер өткөрүүгө байланыштуу нормативдик укуктук актылардагы өзгөрүүлөр жөнүндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
7) тендердик комиссиянын мүчөлөрүнүн сунуштарын жана чечимдердин долбоорун добуш берүүгө коет;
8) добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат жана кабыл алынган чечимди жарыялайт.
21. Тендердик комиссиянын секретары:
1) жыйындын күн тартиби боюнча керектүү документтерди (материалдарды) даярдайт;
2) тендердик комиссиянын мүчөлөрүнө жыйын болуучу күн жөнүндө кабарлайт жана аларга жыйындын материалдарын жиберет;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тендердик комиссиянын документтерин эсепке алууну жана каттоону камсыздайт.
22. Тендердик комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жана башка жактан камсыз кылуу тендердик комиссияны түзгөн мамлекеттик өнөк тарабынан ишке ашырылат.
23. Тендердик комиссиянын түзүлүшүнө жана иштешине байланыштуу талаш-тартыштар Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте чечилет.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 3-февралындагы № 69 токтомунун редакциясына ылайык)