Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-февралы № 49
Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын "Ченөө бирдейлигин камсыз кылуу жөнүндө" Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартиби бекитилсин.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |