Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-февралындагы № 49 токтому менен бекитилген |
Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн ТАРТИБИ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 25-мартындагы № 153, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204, 2018-жылдын 22-майындагы № 245, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №;60 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү аттестациялоонун, аттестациянын мөөнөтүн узартуунун тартиби жана квалификациядан ажыратуу
1-тиркеме. Мүнөздөмө
2-тиркеме. Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн актысы
3-тиркеме. Аттестациялык комиссиянын жыйынынын протоколу
4-тиркеме. Ченөө каражаттарын текшерүүчүнүн күбөлүгүнүн формасы
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү аттестациялоого жапа квалификациясынан ажыратууга карата жалпы талаптарды белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өлчөө каражаттарын текшерүүнү метрология боюнча улуттук орган жана өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте ыйгарым укук берилген юридикалык жактар ишке ашырат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү аттестациялоо - бул, өлчөөлөрдүн ушул тармагындагы адистин компетенттүүлүгүн тастыктоо үчүн керектүү кесиптик даярдыктын, билимдин, практикалык ыкмалардын жана тажрыйбанын деңгээлин баалоо.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Өлчөө каражаттарын текшерүүчү адистер өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөр катары белгиленген тартипте аттестациядан өтүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Аттестациядан өтүүгө жогорку базалык же атайын орто билими бар, метрологиялык кызматтарда бир жылдан кем эмес практикалык стажы бар, квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кесиптик кайрадан даярдоо курстарында же окуу жайларда метрология жана өлчөөчү техника жагында адистешүү менен атайын даярдыктан өткөн метролог адистерге уруксат берилет.
6. Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү кайрадан даярдоо жана аттестациялоо беш жылда бирден кем эмес жолу өткөрүлөт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү аттестациялоонун, аттестациянын мөөнөтүн узартуунун тартиби жана квалификациядан ажыратуу
7. Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдү аттестациялоо метрология боюнча улуттук органдын буйругу менен жети кишиден кем эмес санда түзүлүүчү аттестациялык комиссия тарабынан өткөрүлөт. Аттестациялык комиссия комиссиянын туруктуу мүчөлөрү болуучу төрагадан, секретардан жана комиссиянын убактылуу мүчөлөрүнөн өлчөө бирдиктүүлүгүн камсыздоо боюнча мамлекеттик органдын, метрологиялык көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик органдын адистеринен жана - метрология боюнча улуттук органдын өлчөө каражаттарынын тиешелүү түрлөрүн (топторун, типтерин) текшерүү боюнча адистеринен турат.
Аттестациялык комиссиянын жыйыны ага аттестациялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экиден кем эмеси катышса жарактуу болуп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
8. Аттестацияны даярдоонун жана өткөрүүнүн графиги метрология боюнча улуттук орган тарабынан жыл сайын иштелип чыгат.
9. Аттестациядан өтүү үчүн төмөнкү документтер берилет:
1) метрология боюнча улуттук органдын директорунун атына эркин формадагы арыз;
2) иштеген жерден мүнөздөмө, ал ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык формада түздөн-түз жетекчиси тарабынан жазылат;
3) билим деңгээлин тастыктаган документ.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-майындагы № 245 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ушул токтомдун 9-пунктунда аталган документтер аттестациялык комиссияга аттестациялоо башталганга чейин эки апта мурда тапшырылышы керек.
11. Аттестациялык комиссиянын мүчөлөрү - өлчөө каражаттарынын тиешелүү түрлөрүн (топтун, типтерин) текшерүү боюнча адистер аттестациялык комиссиянын жыйынына чейин аттестацияланып жаткан адистин өлчөө каражаттарына сыноо жүргүзүүсүн текшерет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
12. Текшерүүнүн жыйынтыгы ушул Тартиптин 2-тиркемесинде берилген формада ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүү актысы менен таризделет.
13. Аттестациялык комиссия жыйынында тапшырылган документтерди жана өлчөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн актысын карайт, аттестацияланчу адамдын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктайт жана жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен аны өлчөөлөрдүн тийиштүү тармагында өлчөө каражаттарын текшерүүчү катары аттестациялоо (аттестациядан өткөрбөө) тууралуу чечим чыгарат. Добуштар тең болгон учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Жыйындын натыйжасы боюнча ушул Тартиптин 3-тиркемесине ылайык формадагы протокол таризделет, ага аттестациялык комиссиянын катышкан мүчөлөрүнүн баары кол коюшат. Аттестациялык комиссиянын чечими аттестацияга киргизилген адиске чечимди кабыл алган күнү билдирилет.
15. Аттестациядан өткөн адистерге аттестациялык комиссиянын рекомендациясынын негизинде метрология боюнча улуттук органдын буйругу менен "Өлчөө каражаттарын текшерүүчү" квалификациясы ыйгарылат жана өлчөөнүн түрлөрүн (тармактарын) көрсөтүү менен ушул Тартиптин 4-тиркемесине ылайык форма боюнча күбөлүк берилет. Күбөлүк беш жылга берилет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Комиссиянын чечими менен өлчөө каражаттарын текшерүүчү катары аттестациядан өткөрүлбөгөн адис кийинки аттестацияга аттестациялык комиссиянын жыйыны болгон күндөн тартып 6 айдан эрте эмес, ушул Тартиптин 9-15-пункттарында аныкталуучу тартипте киргизилсе болот.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
17. Аттестациянын жарактуулук мөөнөтүн узартуу үчүн метрология боюнча улуттук органга ушул тартиптин 9-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди тапшыруу керек.
18. Аттестациялык комиссия жыйында тапшырылган документтерди карайт, адис менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө анын кесиптик даярдыгынын деңгээлин аныктайт, адистин квалификациясын, өлчөөнүн түрүндөгү (тармагындагы) иш тажрыйбасын эске алуу менен аттестациянын мөөнөтүн 3 жылга узартуу жөнүндө чечим чыгарат. Аттестациялык комиссия чечимди ушул тартиптин 13-пунктуна ылайык чыгарат.
Аттестациялык комиссиянын чечими менен күбөлүктүн жарактуулук мөөнөтү 3 жылга узартылат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Метрологиялык көзөмөл жүргүзүү процессинде аныкталган текшерүү иштерин жүргүзүүнүн белгиленген эрежелерин жана ченемдерин өлчөө каражаттарын текшерүүчү бузган учурда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан метрологиялык көзөмөл жүргүзүүгө атайын ыйгарым укук берилген аткаруу бийлигинин мамлекеттик органы өлчөө каражаттарын текшерүүчү тарабынан бузуулар жөнүндө актынын көчүрмөсүн метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясына берет. Аттестациялык комиссия берилген актынын негизинде өлчөө каражаттарын текшерүүчүнү квалификациясынан ажыратуу жана күбөлүгүн жараксыз деп таануу жөнүндө чечим чыгарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 60 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Аттестациялык комиссиянын секретары аттестациялык комиссия кабыл алган чечимдердин негизинде каттоо журналына тийиштүү жазуу жазат.
Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартибин жана анын формасын метрология боюнча улуттук орган аныктайт.
21. Өлчөө каражаттарын текшерүүчүлөрдүн ушул Тартиптин 19-пунктуна ылайык жараксыз деп эсептелген күбөлүктөрү, ошондой эле мөөнөтү аяктаган күбөлүктөр метрология боюнча улуттук органга өткөрүлүүгө тийиш.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы №60 токтомунун редакциясына ылайык)
22. Метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын чечимине даттануу "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген административдик (сотко чейинки) тартипте ишке ашырылат. Арыз берүүчү метрология боюнча улуттук органдын аттестациялык комиссиясынын административдик даттануу боюнча чечимине макул болбогон учурда ал сотко кайрылууга укуктуу.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 204 токтомунун редакциясына ылайык)
| Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибине 1-тиркеме |
МҮНӨЗДӨМӨ
__________________________________________________________________
(Аты-жөнү, кызматы)
_______________________________________________________________________
(чарбакер субъекттин аталышы)
1. _______________________________________________________________
(Аттестациялануучунун аты-жөнү, төрөлгөн жылы)
2. _______________________________________________________________
(билими, качан жана кайсы окуу жайын аяктаган
_______________________________________________________________________
же окуп жатат)
3. _______________________________________________________________
(билими боюнча адистиги)
4. _______________________________________________________________
(иш тажрыйбасы боюнча адистиги)
5. _______________________________________________________________
(ишке качан орношкон)
6. _______________________________________________________________
(азыркы учурдагы кызмат орду)
7. _______________________________________________________________
(жалпы эмгек стажы)
8. _______________________________________________________________
(аттестацияланып жаткан адистиги боюнча эмгек стажы)
9. _______________________________________________________________
(мурдагы аттестациядан өткөн күнү жана аттестациялык
_______________________________________________________________________
комиссиянын чечими (мезгилдүү аттестациядан өткөндө))
10. ______________________________________________________________
(өндүрүштүк тартиптин сакталышы)
11. ______________________________________________________________
(аттестациялануучу тарабынан аткарылуучу ченөөнүн
_______________________________________________________________________
түрлөрүнүн (тармактарынын) аталыштары жана ченөөнүн
_______________________________________________________________________
кээ бир түрлөрү боюнча текшерүү ишинин стажы,
_______________________________________________________________________
метрологиялык иштин башка түрлөрү
12. ______________________________________________________________
(корутундулар жана рекомендациялар - ченөөнүн кандай (кайсы)
_______________________________________________________________________
түрлөрү (тармактары) боюнча ченөө каражаттарын
_______________________________________________________________________
текшерүүчү катары аттестацияланышы мүмкүн)
Жетекчи ______________ __________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
201_-жылдын "__" _________
Мүнөздөмө менен тааныштым:
______________ __________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
201_-жылдын "__" _________
| Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибине 2-тиркеме |
Ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн
АКТЫСЫ
__________________________________________________________________
(текшерүүчү бөлүмдүн аталышы)
Түзүлдү __________________________________________________________
(текшерүүгө катышкан адамдардын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ текшерүүдө ____________________________________________________________
(текшерүү каражаттарынын аталышы жана белгилениши)
_______________________________________________________________________ текшергендер __________________________________________________________
(аттестациялануучунун аты-жөнү)
төмөнкүлөрдү аныкташты:
1. Ченөө каражаттарын текшерүү ченөө каражаттарына текшерүү жүргүзүүнүн белгиленген талаптарына шайкеш келет (шайкеш келбейт).
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
2. Текшерүү ишинин сапаты канааттанарлык (канааттанарлык эмес).
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Текшерүүнүн катышуучулары ________________________________________
(аттестациялануучунун аты-жөнү)
______________________________________________________ текшерүү укугуна
(ченөөлөрдүн түрүнүн (тармагынын) аталышы)
аттестациялоо мүмкүн деп эсептешет (мүмкүн эмес деп эсептешет).
Текшерүү жүргүзгөн адам (адамдар):
_____________ ___________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
_____________ ___________________________________________________
(колу) (аты-жөнү)
Акты менен тааныштым:
(аттестациялануучу адис) ____________ ____________________________
(колу) (аты-жөнү)
201_-жылдын "__" _______
| Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибине 3-тиркеме |
Аттестациялык комиссиянын жыйынынын
№ ____ ПРОТОКОЛУ
Бишкек шаары
Төмөнкү курамдагы комиссия:
төрагасы ________________________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
комиссиянын мүчөлөрү: ___________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
______________________________________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
______________________________________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
______________________________________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
комиссиянын секретары ____________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
Комиссияга төмөнкү материалдар берилди:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Аттестациялануучуга кыскача мүнөздөмө:
_______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________ _______________________________________________________________________
Берилген материалдар менен таанышып, комиссия төмөнкү чечимге келди: __________________________________________________________________,
(аты-жөнү, кызматы)
аттестациялансын/аттестацияланбасын.
"ченөө каражаттарын текшерүүчү" квалификациясын ыйгаруу сунушталсын ___________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
_______________________________________________________________________
(ченөөнүн түрүнүн (тармагынын) аталышы)
жана № ____ Күбөлүк
201_-жылдын "__" ______ тартып 201_-жылдын "__" ______ чейинки мөөнөткө берилсин.
Төрага: __________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
Катчы: ___________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
Комиссиянын мүчөлөрү: ____________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
__________________________________________________________________
(аты-жөнү, кызматы)
Тааныштым: _______________________________________________________
(текшерүүчүнүн аты-жөнү)
| Ченөө каражаттарын текшерүүчүлөргө аттестация өткөрүүнүн тартибине 4-тиркеме |
Ченөө каражаттарын текшерүүчүнүн күбөлүгүнүн ФОРМАСЫ
┌──────────────────────────────────┬──────────────────────────────────┐
│ Күбөлүк № __________ │Метрология боюнча ыйгарым укуктуу │
│ │органдын директору │
│┌───────┐ │_________ _______________________│
││ │ _______________________ │ (колу) (аты-жөнү) │
││ Сүрөт │ Аты-жөнү │ │
││ │ _______________________ │Аттестациялык комиссиянын │
│└───────┘ │төрагасы: ______ _________________│
│ │ (колу) (аты-жөнү) │
│ Ченөө каражаттарын текшерүүчү │ │
│ │201_-ж. "__" ______ чейин жарактуу│
│ ________________________________ │201_-ж. "__" ____ чейинки мөөнөткө│
│ (ченөөнүн түрлөрүнүн │кайрадан аттестацияланды │
│ ________________________________ │201_-ж. "__" ______ № ___ протокол│
│ (тармактарынын) аталышы) │ │
│ │Метрология боюнча ыйгарым укуктуу │
│Аттестациялык комиссиянын │органдын директору │
│жыйынынын протоколу │_________ _______________________│
│№ ___, 201_-ж. "__" ________ │ (колу) (аты-жөнү) │
│ │ │
│ │Аттестациялык комиссиянын │
│ │төрагасы ______ __________________│
│ │ (колу) (аты-жөнү) │
└──────────────────────────────────┴──────────────────────────────────┘
|
|