Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 11-февралы № 58
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 58 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоору менен 1978-жылдын апрелинен баштап 1989-жылдын 15-февралына чейин согуштук аракеттер мезгилинде Афганстан Республикасында кызмат өтөгөн интернационалист-жоокерлер үчүн жеңилдетилген шарттарда курагы боюнча пенсияга чыгуу укугун караган "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү сунушталат.
Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу тутумунда курагы боюнча пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуунун ар бир ченеми боюнча пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына чейин республикалык бюджеттен каржылоо булагы мыйзам менен бекемделген. Курагы боюнча пенсияга чыгуунун жалпы белгиленген курагына жеткенде (эркектер - 63 жаш, аялдар 58 жаш) ал пенсияларды каржылоо социалдык камсыздандыруу каражаттарынын эсебине өтөт.
Социалдык камсыздандыруу тутумунда (тилектештик бөлүштүрүлүүчү пенсиялык тутумдун алкагында) камсыздандырылгандардын категорияларынын бирине жеңилдиктер башка категориядагы камсыздандырылган адамдардын укугун басмырлоонун эсебинен ишке ашырылбастан, бюджеттик булактардан компенсацияланышы керек.
1978-жылдын апрелинен баштап 1989-жылдын 15-февралына чейин согуш аракеттери мезгилинде Афганстан Республикасында кызмат өтөгөн интернационалист-жоокерлер үчүн пенсияга чыгуу курагын кайра карап чыгуу, бүгүнкү күндө жеңилдетилген (мөөнөтүнөн мурда) пенсия менен камсыз кылуу укугуна ээ айрым категорияларга жеңилдиктерди алып салганда мүмкүн болот.
Мында Өкмөт тарабынан интернационалист-жоокерлерди социалдык жактан колдоо боюнча бир катар чаралар көрүлүп жатканын белгилей кетүү керек.
"Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана тылда эмгектенгендер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Афганстандын аймагында согуштук аракеттерге катышкандар 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине теңештирилген.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы № 795 "Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтомунун негизинде Афганстанда кызмат өтөгөн интернационалист-жоокерлер 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен бир катарда эле жеңилдиктердин ордуна төмөнкүдөй өлчөмдөрдө ай сайын акчалай компенсация алышат:
- башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттерде жаракат алган майып аскер кызматчылар - 7000 сом;
- башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары - 6000 сом.
"Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин негизинде согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген адамдарга курагы боюнча жана майыптыгы боюнча пенсияларына үстөк акылар төлөнөт.
Мында мамлекеттик социалдык кепилдиктерди жана компенсацияларды негизги каржылоо булагы болуп республикалык жана жергиликтүү бюджеттер эсептелет.
Мындан тышкары Афганстанда кызмат өтөгөн аскер кызматчылары-интернационалисттер 20 календардык жыл кызмат өтөсө "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштеген жылдары (курагы боюнча) үчүн пенсияга укуктуу.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабыла турган чыгымдардын көбөйүшүн караган мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн.
Республикалык бюджеттин таңсыктыгы шартында Афганстанда кызмат өтөгөн интернационалист-жоокерлерге курагы боюнча жеңилдетилген шарттагы пенсия белгилөө пенсияларды төлөөгө чыгымдарды каржылоону камсыз кылуу боюнча республикалык бюджетке кошумча жүк болуп эсептелет.
Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты К.Ж.Рыспаев тарабынан демилгеленген "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун кабыл алынышын максатка ылайыксыз деп эсептейт.
|
|