Редакцияот 11.02.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-февралы № 59

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын түзүмүнүн, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамынын өзгөрүүсүнө жана райондук кеңештердин институттарынын жоюлушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 "Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 59 токтомуна тиркеме

 

Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.

 

Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;

Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;

Нарын шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);

Нарын шаарын өнүктүрүү жана куруу боюнча дирекциянын директору (макулдашуу боюнча);

"Бакубат" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);

Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;

Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Нарын региондук бөлүмүнүн жетекчиси.