КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2011-жылдын 21-июну № 334
Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88 жана 90-беренелерине ылайык, Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыздоо максатында, ошондой эле облустун кен казуучу ишканалары менен Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын ортосундагы макулдашууларды көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясынын алдында Нарын облусунун өнүктүрүү фонду түзүлсүн.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Нарын облусунун өнүктүрүү фонду жөнүндө жобо;
- Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоо кеңешинин курамы.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын региондук өнүктүрүү жана мониторинг бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | А.Атамбаев
|
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-июнундагы № 334 токтому менен бекитилген
Нарын облусунун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин КУРАМЫ
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 59 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, Байкоочу кеңештин төрагасы.
Байкоочу кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн инспектору;
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары;
Нарын шаарынын биринчи вице-мэри (макулдашуу боюнча);
Нарын шаарын өнүктүрүү жана куруу боюнча дирекциянын директору (макулдашуу боюнча);
"Бакубат" коомдук бирикмесинин директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директору;
Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин Нарын региондук бөлүмүнүн жетекчиси.