Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-апрелиндеги N 209 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларынын жетекчилерин шайлоо тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан жана мамлекеттик жогорку окуу жайларынын (мындан ары - ЖОЖ) жетекчилерин (ректорлорун, президенттерин, начальниктерин, директорлорун) шайлоо тартибин жөнгө салат.
2. Кыргыз Республикасынын ички иштер, тышкы иштер жана коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын адистештирилген мамлекеттик ЖОЖдорунун жетекчилерин кошпогондо мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси мамлекеттик ЖОЖдун жамаатынын жалпы жыйналышында шайланат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
3. ЖОЖдун жетекчисин шайлоого (белгиленген тартипте келишимдик-конкурстук негизде бул кызмат орундарын ээлеген мугалимдер, ассистенттер, окутуучулар, улук окутуучулар, доценттер, профессорлор, кафедра башчылары, бөлүмдөрдүн жана циклдердин башчылары, факультеттердин декандары) илимий кызматкерлер жана административдик-башкаруу персоналы (ЖОЖдун жетекчиси, проректорлор, ЖОЖдун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (институттарынын, борборлорунун, колледждеринин, лицейлеринин, обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнүн) жетекчилери жана жетекчилеринин орун басарлары) ЖОЖдун башкармалыктары менен бөлүмдөрүнүн начальниктери жана начальниктеринин орун басарлары) катышат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган талаптарга жооп берген адамдар талапкерлер боло алышат. ЖОЖдун жетекчиси кызматын катары менен эки мөөнөт ээлеген адам талапкер боло албайт.
5. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерлерди көрсөтүү анын окуу жана башка түзүмдүк бөлүмдөрү тарабынан же өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде жүргүзүлөт.
6. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчисин кезектеги шайлоо иштеп жаткан жетекчинин ыйгарым укугу токтотулган күндөн тартып отуз календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт. Мурдагы жетекчинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда, мамлекеттик ЖОЖдун жаңы жетекчисин шайлоо ыйгарым укуктар токтотулган күндөн тартып алтымыш календардык күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.
2. Жетекчини шайлоо боюнча уюштуруу комитети
7. Жетекчини шайлоо боюнча уюштуруу маселелерин чечүү үчүн ЖОЖдо уюштуруу комитети (мындан ары - уюштуруу комитети) түзүлөт.
8. Уюштуруу комитетинин иши ушул Жобого жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан бекитилген Регламентке ылайык жүргүзүлөт.
9. Уюштуруу комитетинин курамы жана түзүү тартиби иштеп жаткан жетекчинин ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирилбестен ЖОЖдун окумуштуулар кеңеши тарабынан аныкталат жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына бекитүүгө киргизилет.
10. Уюштуруу комитетинин курамына Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын жана анын карамагындагы жогорку окуу жайынын уюштуруучусунун өкүлдөрү киргизилет.
11. Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы уюштуруу комитетинин курамын 3 календардык күндүн ичинде бекитет.
3. Шайлоо өткөрүү тартиби
12. ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерлерди көрсөтүү жана каттоо мөөнөтү жалпыга маалымат каражаттарында жарыяланат.
13. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерлерди каттоо үчүн уюштуруу комитетине төмөнкү документтер берилет:
- ЖОЖдун окуу жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерди көрсөтүү жөнүндө чечими;
- мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкердин өзүнүн арызы (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде катталган талапкерлер үчүн);
- талапкердин фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган жылы, иштеген жери, ээлеген кызматы жана жашаган жери көрсөтүлгөн биографиялык маалыматтар;
- "Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 38-беренесине ылайык мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына талапкерге коюлуучу талапты ырастаган тиешелүү документтер.
14. "Шайлоо эки же андан ашык талапкерлердин катышуусу менен альтернативдик негизде өткөрүлөт.
Эгерде жалпы жыйналышта добуш берүү эки талапкер боюнча өткөрүлсө жана талапкерлердин эч кимиси добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш албаса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет.
Эгерде жалпы жыйналышта добуш берүү үч жана андан ашык талапкер боюнча өткөрүлсө жана талапкерлердин эч кимиси добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш алышпаса, анда кайра добуш берүү өткөрүлөт, ага эң көп сандагы добуш алышкан эки талапкер катышат. Кайрадан добуш берүү танаписи жок, ошол эле жалпы жыйналышта өткөрүлөт.
Эгерде жалпы жыйналышта үч же андан ашык талапкер бирдей сандагы добуш алышса, анда шайлоо өткөн жок деп эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
15. Эсептөө комиссиясынын сандык жана жеке курамы жамааттын жалпы жыйналышында ачык добуш берүү менен бекитилет.
16. Добуш берүүнүн жыйынтыгы шайлоо өткөн күнү жамааттын жалпы жыйналышында жарыяланат.
17. Уюштуруу комитети бир күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына шайлоонун протоколунун түп нускасын жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуш берүүгө катышкандардын санынын элүү пайызынан жогору добуш алган талапкердин документтерин жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
18. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы үч күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине "улуттук" деген статуска ээ мамлекеттик жогорку окуу жайдын жетекчиси кызмат ордуна бекитүү үчүн шайлоонун жыйынтыгы боюнча добуштардын жалпы санынын элүү пайызынан жогору добуш алган талапкерге сунуштаманы жиберет.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
19. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматына сунушталуучу талапкерди дайындоо жөнүндө сунуштамага төмөнкү документтер тиркелет:
- уюштуруу комитетинин бардык мүчөлөрү кол койгон шайлоолордун протоколунун түп нускасы;
- кадрларды каттоо боюнча өздүк баракчасы;
- илимий эмгектеринин тизмеси;
- билими, илимий даражасы жана наамдары жөнүндө документтердин көчүрмөсү;
- сыйлыктары, анын ичинде мамлекеттик сыйлыктары тууралуу маалымат;
- эмгек китепчесинин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомунун редакциясына ылайык)
20. Мамлекеттик ЖОЖдун жетекчиси кызматка беш жылдык мөөнөткө шайланат жана бекитилет.
21. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарында каралган учурларда мамлекеттик ЖОЖдун жетекчисинин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн.