Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-августундагы № 459 токтомунун редакциясына ылайык)
2013-жылдын 25-апрели № 214
Административдик имаратты мамлекеттик менчикке кабыл алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, мамлекеттик имараттарды эсепке алууну тартипке келтирүү, алардын натыйжалуу пайдаланылышын башкарууну жана контролдоону ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 30-октябрындагы № 460 "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагына өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси жөнүндө" токтомуна ылайык мурда Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун карамагына өткөрүп берилген, Бишкек шаары, Абдумомунов көчөсү, 220 дареги боюнча жайгашкан имарат мамлекеттик менчикке кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд:
- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган имараттын мамлекеттик менчикке кабыл алынышына байланыштуу ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн;
- (3-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-августундагы № 459 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 26-августундагы № 459 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
|
|