Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-марты № 123
Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы жөнүндө
Текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү жана атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, элди иш менен камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы;
- Кыргыз Республикасынын текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер жана ведомстволор квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасынын негизги максаттары
3. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
4. Программанын иш-чараларын каржылоо булактары
5. Программанын иш-чараларын ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
1. Жалпы жоболор
Текстиль жана тигүү өндүрүшү (мындан ары - ТжТӨ) иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарынын бири. Бир катар себептердин негизинде республиканын экономикасында бул тармак стратегиялык ролго ээ.
Биринчиден, ТжТӨ кайра иштетүү жагында орчундуу потенциалга ээ жергиликтүү чийки затты пайдаланууга багытталган.
Экинчиден, ТжТӨ жумушчу күчкө жеңилдетилген салык салуу тутумун орнотуу жаатында пайдаланылуучу өзгөчө кеңири тармак жана мунун өзү калкты иш менен камсыздайт.
Үчүнчүдөн, ички базардын тардыгына жана өзүнүн атаандаштыкка жарактуулугуна байланыштуу ТжТӨ продукциясы экспортко багытталат.
Бул жагдайларды эске алуу менен тармактын ишкерлерине ыктыярдуу патенттин жана алгылыктуу ставкалардын негизинде камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүлгөн, ал тигүү өндүрүшүн жакшыртууга жана Россия менен Казакстандын базарларындагы атаандаштыкта артыкчылыкты сактап калууга мүмкүндүк берди.
Акыркы беш жылда ТжТӨ продукциясын өндүрүү тигүү индустриясынын эсебинен дээрлик эки эсе көбөйдү жана тигилген буюмдарды экспорттоо 2,6 эсеге өстү.
Расмий маалыматтар боюнча иштин ийкемдүү графигине жана жума сайын төлөнүүчү жакшы эмгек акыга байланыштуу ТжТӨдө 110 миңден ашык адам эмгектенет, алардын көпчүлүгү аялдар. Тармактын атаандаштык позициясын чыңдоо максатында ушул ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы иштелип чыкты.
Бул Программада текстиль жана тигүү өндүрүштөрүн, баарыдан мурда республиканын региондорунда өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө айрыкча көңүл бурулат, бул жергиликтүү калктын кесиптик деңгээлинин өсүшүнө, ички жана тышкы миграциянын кыскарышына шарт түзөөрү шексиз. Экспортту өнүктүрүүгө, жаңы сатуу базарларын өздөштүрүүгө, тармак үчүн кадрларды даярдоого, ТжТӨ ишканалары менен мамлекеттик органдар ортосунда социалдык диалогду активдештирүүгө, ошондой эле ички базарда ата мекендик товарлардын үлүшүн көбөйтүүгө өзгөчө маани берилет.
2. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата
программасынын негизги максаттары
Бул Программанын негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- ТжТӨнүн атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу, экспортту диверсификациялоо жана кеңейтүү;
- текстилдик өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү;
- республиканын региондорунда ТжТӨнү өнүктүрүү;
- ишканалар менен мамлекеттик органдардын ортосундагы социалдык диалогду жана өнөктөштүктү активдештирүү.
3. ТжТӨнү өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата
артыкчылыктуу милдеттери жана багыттары
1) ТжТӨдө кыргыз товар өндүрүүчүлөрү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселеси боюнча Бажы союзуна кирген мүчө мамлекеттер менен болгон сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
Бул милдетти ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасы Бажы союзуна киргенде тигүү өндүрүшү үчүн кездемелердин, фурнитуранын жана башка материалдардын импортуна карата преференциялуу режимди орнотуусу зарыл. Муну менен бирге Бажы союзунун талаптарына ылайык аккредиттелген ТжТӨ продукцияларын сыноо боюнча адистештирилген лаборатория түзүү маанилүү. Өндүрүшчүлөр үчүн Бажы союзунун эл аралык сапат стандарттары, техникалык регламенттери боюнча тренингдерди уюштуруу керек болот. Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы союзунун техникалык регламенттерин түздөн-түз колдонуу үчүн техникалык жөнгө салуу жана стандартташтыруу боюнча өкмөттөр аралык деңгээлде эл аралык келишимдерди түзүү зарыл. Бажы союзунун курамына кирүү Кыргызстанда тигүү, байпак жана тор кийимдер өндүрүшү үчүн Россиядан жана Беларустан чийки заттын жана материалдардын жаңы базарларын издөө маселесин, ошондой эле бул мамлекеттерге кийим-кечелерди жеткирүү боюнча чоң заказдарды аткаруу маселесин алдыңкы планга алып чыгат.
2) ТжТӨ кызматкерлери үчүн ыктыярдуу патенттик салык салуу системасын жана кабыл алынган социалдык чегерүүлөр тартибин сактоо.
2005-жылы белгиленген бул шарттар ТжТӨдөгү жеке ишкерликтин шарттарында өзүнүн жакшы жактарын көрсөтүп, азыркы мезгилдеги тигүү өндүрүшүн өнүктүрүүнүн аныктоочу факторунун бири болуп калды. Мындан ары колдонулуучу ченемдерди начарлатуучу өзгөртүүлөрдү болтурбоо маанилүү.
3) Бишкек шаарында же Чүй облусунда тигүү технополисин түзүү.
Тигүү технополистерин уюштуруу үчүн турак жай массивдеринен жер участогун берүү (тиешелүү инфратүзүмү жана коммуникациялары бар автономдуу аймакта тигүү ишканаларын топтоштуруу), бул чоң тапшырыктардын чегинде талап кылынган продукция чыгарууну кеңейтүү максатында өндүрүштүк жайлардын таңкыстыгынын проблемасын чечүүгө мүмкүндүк берет. Ушуну менен бирге эле өнөр жай өндүрүшүн жумушчу кадрлар менен толуктоо маселеси чечилет жана эл көп жайгашкан райондордо элди иш менен камсыздоо ишке ашырылат. Бул иштин ийгилиги кийин региондорго да жайылтылышы мүмкүн, бул эмгекке жарамдуу калктын миграциясынын азайышына жакшы таасирин тийгизүүгө тийиш.
4) ТжТӨгө инвестицияларды тартуу.
Мында өзгөчө ролду көрмөролик жана көркөм тасмаларды, инвестициялык долбоорлордун каталогдорун даярдап жана аларды чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана соода өкүлчүлүктөрүнүн тарамдары аркылуу жайылтууну камтыган кеңири жарнамалык өнөктүк ойноого тийиш. Инвестициялык форумдарды уюштуруу дагы маанилүү. Кытайда токуу өндүрүшү дүркүрөп өнүгүп жатканын жана ата мекендик текстиль тармагынын потенциалын эске алуу менен инвесторлорду тартуу боюнча ишти активдештирүү керек.
5) ТжТӨ долбоорлорун каржылоонун натыйжалуу механизмдерин иштеп чыгуу.
Бул жагдайда даяр продукцияны өндүрүүчү аркылуу каржылоо механизмин ишке ашыруу болжолдонот, бул төмөнкүдөй схеманы уюштурууга мүмкүндүк берет: ТжТӨ ишкерлери (тигүүчүлөр, тор кийим тигүүчүлөр, текстилчилер) - айыл чарбалык өндүрүүчүлөр (чийки зат өндүрүүчүлөр). Текстиль жана тигүү өндүрүштөрүндө долбоорлордун ишке ашырылышын коштоочу шаймандардын болуусу, ишкерлерде аз пайыздуу жана узак мөөнөттүү насыя ресурстарын алууга мүмкүнчүлүктү камсыздоо да маанилүү.
6) Текстиль өндүрүшүн жандандыруу.
Ата мекендик текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү тигүүчүлөрдүн кездеменин импортуна көз карандылыгын жарым-жартылай болсо да азайтат. Каралып жаткан мезгилде ушул процесс үчүн шарттарды түзүү белгиленүүдө. Келечекте табигый булалардан кездеме чыгаруу жана андан кийим тигүү жаңы сатуу базарларын өздөштүрүүгө, кыргыз кийимдеринин керектөөчүлөрдүн элиталык деңгээлине чыгарылышына мүмкүндүк ачат жана экспорттук жагын диверсификациялайт. Мындан сырткары, бул чектеш тармак болгон айыл чарбасын өнүктүрүүгө мүмкүндүк түзөт. Айрым сынамык долбоорлорду ишке ашыруу, атап айтканда пахта буласын кайра иштетүү, жибек өндүрүүнү жана уяң жүндүү кой чарбасын калыбына келтирүү схемаларын кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу аркылуу текстиль өнөр жайын өнүктүрүүгө мүмкүн болмокчу.
7) ТжТӨдө төмөнкү, ортоңку жана жогорку звенодогу кадрлар менен адистерди даярдоо.
Бул багытта ар кыл баскычтагы окуу жайлардын потенциалын күчөтүү талап кылынат. Өзгөчө роль ТжТӨнү кадрдык камсыздоо чөйрөсүндө окуу жайлар менен ишканалардын өз ара байланышта иштешүүсүнө жана координациялоо маселесине берилүүсү керек. Атап айтканда, кыска мөөнөттүү программа боюнча кесиптик-техникалык билим берүү системасында: тигүүчү, бычмачы, токуучу, жабдууларды оңдоочу адистиктери боюнча билим алуучулардын санын көбөйтүү, ошондой эле иштеп жаткан кесиптик лицейлер менен өндүрүштөрдүн базасында окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзүү мүмкүндүгүн караштыруу зарыл. Россиянын, Беларустун жана Түркиянын ЖОЖдоруна окууга жиберилүүчү студенттердин санын көбөйтүү максатка ылайык.
8) Республиканын региондорунда ТжТӨнү өнүктүрүү.
Бир эле мезгилде ресурсту жана эмгекти көп талап кылуу менен ТжТӨлор бир гана экономикалык эмес, социалдык маселелерди чечүүгө да натыйжалуу таасир этүүдө. Ошол себептүү инвестицияларды тартуу, төмөнкү жана ортоңку звенодогу кадрларды окутуу боюнча курстарды өткөрүү, лизингди актуалдаштыруу, жаңы технологиялар, кийимди конструкциялоо, менеджмент, сатууларды уюштуруу, моданын жана дизайндын келечектүү багыттары боюнча тренингдерди уюштуруу мүмкүндүгүн камсыз кылуучу тигүү жабдууларынын корун түзүү, иш-чараларынын комплексин ишке ашыруу аркылуу региондордо бул тармакты өнүктүрүүгө көңүл бурулушу керек.
9) Республикада кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү.
Азыркы учурда улуттук кийимдин элементтерин, тиричилик буюмдарын, анын ичинде жерге салынуучу жана дубалга тагылуучу кийиз жасалгаларды, ТжТӨ чөйрөсүнө тийешелүү жүн жана кебез жиптерди жасоочу кол өнөрчүлүк өндүрүшкө тыкыр көңүл буруу зарыл. Эксперттик баага ылайык бул өңдүү буюмдарды чыгаруу жылдан-жылга көбөйүп жатат. Бул сегментке иштиктүү колдоо көрсөтүп жана иштин ушул багытынын өнүгүүсүнө көмөктөшүү зарылдыгы бышып жетилди, бул аларды ТжТӨ чөйрөсүнө кошуунун максатка ылайыктыгын шарттайт.
10) Базар субъекттеринин ортосундагы социалдык диалогду жана өнөктөштүктү активдештирүү.
Коомдук бирикмелерди жана товар өндүрүүчүлөр уюмдарын тартуу менен иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүү саясаты маселелерин тейлеген мамлекеттик органдын калкасы алдында туруктуу иштеген диалогдук аянтча түзүү сунуш кылынат. Ал ТжТӨдөгү көйгөйлөрдү ыкчам талкуулоого жана тармактагы иштин бардык тармактарына тиешелүү чечимдерди чыгарууга, анын ичинде ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзөт.
4. Программанын иш-чараларын каржылоо булактары
Программанын иш-чараларын негизинен донор уюмдардын: GIZ (Германия эл аралык кызматташтык агенттиги), ITC (ЭСБ - Швейцария Өкмөтүнүн каражатынын эсебинен долбоорлорду ишке ашыруучу Эл аралык соода борбору), USAID, BUS программалары (АӨБ) каражаттарынын эсебинен каржылоо күтүлүүдө. Ошондой эле ТжТӨдө иштеген ишкерлердин өздөрү тикелей катышуусу да күтүлүүдө.
Донорлор тарабынан Программанын иш-чараларын каржылоонун кезектеги жылга карата көлөмү бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирин эске алуу менен талкуулардын негизинде аныкталат. Практикалык жардам көрсөтүү үчүн консультанттарды тартуу иши дагы донордук каражаттардын эсебинен болот.
5. Программанын иш-чараларын ишке ашыруудан
күтүлгөн натыйжалар
┌─┬────────────────────────────────────────┬──────────────────────────┐
│№│ Көрсөткүчтөр │ Болжолдуу маанилери │
│ │ ├────────┬────────┬────────┤
│ │ │2013-жыл│2014-жыл│2015-жыл│
├─┼────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┤
│1│Өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүндө │ 5,2 │ 6,5 │ 8,7 │
│ │ТжТӨ продукциясынын салыштырма салмагын │ │ │ │
│ │арттыруу (% менен) │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┤
│2│ТжТӨ продукцияларын чыгарууну көбөйтүү │ 110,1 │ 118,4 │ 125 │
│ │(физикалык көлөмдүн индекси % менен) │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┤
│3│ТжТӨ продукцияларынын экспортун көбөйтүү│ 115 │ 119 │ 134 │
│ │(% менен) │ │ │ │
├─┼────────────────────────────────────────┼────────┼────────┼────────┤
│4│ТжТӨдөгү жаңы долбоорлордун эсебинен │ 2900 │ 13000 │ 5700 │
│ │жаңы иш орундарды түзүү (бирдик менен) │ │ │ │
└─┴────────────────────────────────────────┴────────┴────────┴────────┘
Программаны ишке ашыруу максатында ТжТӨнү мындан ары өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү караштырылган Иш-чаралар планы иштелип чыкты.
Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун жүрүшүндө ТжТӨлөрдө продукция чыгаруунун көлөмүн көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзө турган орто жана чакан ишканаларды активдүү өнүктүрүү күтүлүүдө. Мисалы, ТжТӨлөрдө продукция өндүрүү көлөмүнүн өсүшү 2015-жылы 43,5 пайызды түзөт, ал эми тигүү продукциясын экспорттоонун көлөмү 60 пайызга өсөт. Тигүү технополисин уюштуруунун эсебинен 2015-жылы экспорт көлөмү орчундуу көбөйөөрү күтүлүүдө. Кошумча иш орундарды ачуу кыйла маанилүү көрсөткүч болмокчу. Үч жыл ичинде 21 миңден ашык иш орун түзүлөт. 2014-жылы Чүй облусунда (Сокулук районунун Военно-Антоновка айылдык аймагында) жана Ош шаарында (окуу-өндүрүштүк комплекс) тигүү технополистерин уюштуруунун эсебинен жаңы иш орундарды ачуу пландаштырылууда.
Тигүү өндүрүшүн уюштуруу үчүн автономдуу аймактарды (тигүү технополистери, окуу-өндүрүштүк комплекстер), ошондой эле экспорттук-өнөр жайлык аймактарды түзүү тигүү цехтеринин өндүрүштүк кубаттуулугунун абалын олуттуу жакшыртат, экспорт үчүн чоң тапшырыктарды аткаруу мүмкүндүгүн кеңейтет, жаңы технологияларды тартат, тигүү индустриясындагы субъекттердин да, ошондой эле жалпысынан өлкөнүн бюджетинин да финансылык абалын жакшыртат, региондордун өнүгүүсүнө дем берет.
Программанын иш-чараларын ишке ашыруунун маанилүү натыйжасынын бири ата мекендик эксперттердин жана кызыкдар тараптардын ТжТӨнүн Бажы союзунун чегинде иштеши үчүн кыйла ыңгайлуу шарттарды түзүү боюнча иштери болмокчу. Сыноо лабораторияларын уюштуруу (модернизациялоо) ТжТӨ продукциясынын сапатын жакшыртууга, атаандаштык деңгээлин жогорулатууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана сатуу базарын кеңейтүүгө мүмкүндүк берет.
Ата мекендик текстиль өндүрүшүн калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт, текстиль өндүрүшүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү, региондордо тигүү ишканаларын жайгаштыруу, инвестицияларды тартуу жана жаңы иш орундарды ачуу инвестицияларды тартууга шарттарды түзүүнү караштырган тийиштүү ченемдик укуктук актылардын долбоорлору иштелип чыгат.
Окутуу, тренингдерди өткөрүү, технологиялар жана өндүрүштүн жаңы, алдыңкы усулдары боюнча билим алуу, тажрыйба алмашуу, жарманкелерге, көргөзмөлөргө, кийим моделдеринин көрсөтмөлөрүнө катышуу ж.б. ишкерлердин квалификациясын жана билимин жогорулатууга, аларды базарды диверсификациялоого, өз продукциясынын экспортун көбөйтүүгө, саркеч кийим-кечелерди тигүүгө шыктандырат.
Жалпысынан Программанын чегинде ишке ашырылуучу иш-чаралар экономиканын социалдык-тиричиликтик, өндүрүштүк, билим берүүчү багыттарын жакшыртууга багытталган.
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы № 123 токтому менен бекитилген |
┌──┬──────────────────────┬──────┬────────┬───────────┬───────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │ Ишке │ Жооптуу│ Өнөктөш │ Күтүлгөн │
│ │ │ашыруу│аткаруу-│ уюмдар │ натыйжалар │
│ │ │мөөнө-│ чулар │(макулдашуу│ │
│ │ │ тү │ │ боюнча) │ │
├──┴──────────────────────┴──────┴────────┴───────────┴───────────────┤
│ ТжТӨнүн атаандаштыкка жарактуулугун арттыруу, диверсификациялоо │
│ жана экспортту кеңейтүү │
├──┬──────────────────────┬──────┬────────┬───────────┬───────────────┤
│1 │Чүй облусунда │2013- │ЭӨМ │GIZ, ITC, │ТжТӨнүн │
│ │технополис уюштуруу │2015- │ │"Легпром" │экспорттук │
│ │ │жж. │ │ассоциация-│кубаттуулугун │
│ │ │ │ │сы │кеңейтүү, │
│ │ │ │ │ │кошумча иш │
│ │ │ │ │ │орундарды ачуу,│
│ │ │ │ │ │жаңы │
│ │ │ │ │ │технологияларды│
│ │ │ │ │ │тартуу, │
│ │ │ │ │ │логистиканы │
│ │ │ │ │ │өркүндөтүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│2 │ТжТӨ чөйрөсүндөгү │2013- │ЭМ, ЭӨМ │"Легпром" │Инвестиция │
│ │долбоорлорду │2015- │ │жана │көлөмүн │
│ │каржылоону кеңейтүү │жж. │ │"Союзтекст-│көбөйтүү, │
│ │боюнча сунуштарды │ │ │иль" │тармакта │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ассоциация-│ишканаларды │
│ │ │ │ │лары, USAID│түзүү жана/же │
│ │ │ │ │ │өнүктүрүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│3 │Асыл тукум заводдор │2013- │ЭӨМ, │GIZ, │ТжТӨ │
│ │(чарбалар) жана жүндү │2015- │АЧМ │"Легпром" │ишканаларын │
│ │кайра иштетүүчү жана │жж. │ │жана │чийки зат менен│
│ │тор кийим ишканалары │ │ │"Союзтекст-│туруктуу │
│ │менен жыл сайын өтүүчү│ │ │иль" │камсыздоо │
│ │жолугушууларды │ │ │ассоциация-│максатында │
│ │уюштуруу жана уяң жүн │ │ │лары, Кой │келишимдерди │
│ │берүү боюнча │ │ │багуучулар │түзүү │
│ │макулдашууларга │ │ │ассоциация-│ │
│ │(келишимдерге) кол │ │ │сы, │ │
│ │коюу │ │ │ишкерлер, │ │
│ │ │ │ │донорлор │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│4 │Пахтачылыкта үрөндүк │2013- │АЧМ, ЭМ,│ │Пахта үрөнүнүн │
│ │фондду жакшыртуу │ж. │ЭӨМ │ │жана сырьесунун│
│ │боюнча сунуштарды │ │ │ │сапатын │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │жакшыртуу │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│5 │ТжТӨ ишкерлери үчүн │2013- │ЭӨМ │GIZ, USAID │Чийки зат жана │
│ │өндүрүштөгү чийки │2015- │ │"Легпром" │материалдар │
│ │заттын жана │жж. │ │жана │жөнүндө │
│ │материалдардын ар кыл │ │ │"Союзтекст-│комплекстүү │
│ │ассортименти менен │ │ │иль" │маалыматтарды │
│ │таанышуу жана │ │ │ассоциация-│алуу, │
│ │пайдалануу боюнча │ │ │лары │чыгарылуучу │
│ │көргөзмө залдарын │ │ │ │продукциянын │
│ │уюштуруу │ │ │ │ассортиментин │
│ │ │ │ │ │кеңейтүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│6 │Бажы союзуна мүчө │2013- │ЭӨМ, ЭМ │"Легпром" │ТжТӨ ишкерлери │
│ │болгон шартта ТжТӨ │ж. │ │жана │үчүн алынып │
│ │үчүн чийки зат, │ │ │"Союзтекст-│келчү чийки зат│
│ │материал, жип жана │ │ │иль" │жана │
│ │фурнитураларды Кыргыз │ │ │ассоциация-│материалдар │
│ │Республикасына │ │ │лары, │үчүн ыңгайлуу │
│ │импорттоого карата │ │ │ишкерлер │импорттук │
│ │алымдар боюнча кыргыз │ │ │ │алымдарды │
│ │тараптын сунуштарын │ │ │ │белгилөө │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│7 │Эл аралык талаптарга │2013- │ЭМ, ЭӨМ │USAID, GIZ,│Лабораторияны │
│ │жана шарттарга ылайык │2014- │ │башка │модернизациялоо│
│ │сыноочу │жж. │ │донорлор │(уюштуруу) │
│ │лабораторияларды │ │ │ │ │
│ │уюштурууну каржылоо │ │ │ │ │
│ │үчүн донорлорду издөө │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│8 │Сыноочу лабораторияны │2013- │ЭМ │GIZ, USAID,│Лабораторияны │
│ │эл аралык деңгээлде │2015- │ │ITC, │аккредитациялоо│
│ │аккредитациялоого │жж. │ │донорлор │ │
│ │даярдоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│9 │ТжТӨ кызматкерлери │2013- │ЭӨМ │"Легпром" │Өндүрүштү │
│ │үчүн төмөнкүлөр боюнча│2015- │ │жана │уюштуруунун, │
│ │тренингдерди (түндүк │жж. │ │"Союзтекст-│продукцияны │
│ │жана түштүк │ │ │иль" │сатуунун, │
│ │региондордо │ │ │ассоциация-│атаандаштыкка │
│ │эки-экиден) өткөрүү: │ │ │лары, GIZ, │жарактуулуктун │
│ │- өндүрүш менеджменти;│ │ │USAID, ITC │деңгээлин │
│ │- сатууну уюштуруу, │ │ │ │жогорулатуу │
│ │- продукциянын │ │ │ │ │
│ │маркетинги жана жаңы │ │ │ │ │
│ │технологиялар; │ │ │ │ │
│ │- моданын келечектүү │ │ │ │ │
│ │багыттары жана │ │ │ │ │
│ │кийимдердин дизайны. │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│10│Тигүү, байпак жана тор│2013- │ЭӨМ, ЭМ │"Легпром" │Чийки заттын │
│ │кийимдер ишканалары │2015- │ │жана │жаңы түрлөрүн │
│ │үчүн чийки зат менен │жж. │ │"Союзтекст-│пайдалануу │
│ │материалдардын жаңы │ │ │иль" │менен │
│ │түрлөрүн издөө │ │ │ассоциация-│продукциянын │
│ │ │ │ │лары, │ассортиментин │
│ │ │ │ │Соода-өнөр │кеңейтүү │
│ │ │ │ │жай │ │
│ │ │ │ │палатасы │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│11│Беларустун жана │2013- │ЭӨМ │ITC, │ТжТӨ │
│ │Россиянын сатып │ж. │ │"Легпром" │продукциясын │
│ │алуучулары тараптан │ │ │жана │сатуу │
│ │тапшырыктарды алууга │ │ │"Союзтекст-│базарларын │
│ │даярдыкка изилдөө │ │ │иль" │кеңейтүү │
│ │жүргүзүү │ │ │ассоциация-│ │
│ │ │ │ │лары │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│12│Беларустун жана │2014- │ЭӨМ │ITC, │Сатуу │
│ │Россиянын │ж. │ │"Легпром" │базарларын │
│ │тапшырыкчылары менен │ │ │жана │кеңейтүү жана │
│ │жолугушууларды │ │ │"Союзтекст-│өндүрүш көлөмүн│
│ │уюштуруу аркылуу │ │ │иль" │көбөйтүү │
│ │кыргыз ишкерлеринин │ │ │ассоциация-│ │
│ │тигүү боюнча │ │ │лары │ │
│ │кызматтарын алдыга │ │ │ │ │
│ │жылдыруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│13│ИСО 9001 жана 14000 эл│2013- │ЭӨМ, ЭМ │USAID, ITC │Продукцияны │
│ │аралык стандарттар │2014- │ │ │БСнын │
│ │менен тааныштыруу, │жж. │ │ │талаптарына │
│ │ТжТӨ продукциясы │ │ │ │ылайык чыгаруу │
│ │үчүн, анын ичинде │ │ │ │жана ТжТӨнүн │
│ │балдардын буюмдары │ │ │ │атаандаштыкка │
│ │үчүн БС техникалык │ │ │ │жарактуулугун │
│ │регламенттеринин │ │ │ │сактоо │
│ │талаптарын окуп │ │ │ │ │
│ │үйрөнүү боюнча │ │ │ │ │
│ │тренингдерди өткөрүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│14│Түздөн-түз донорлор │2013- │ЭӨМ │USAID, GIZ,│Маалымдуулукту │
│ │менен иштешкен ТжТӨ │ж. │ │ITC │кеңейтүү, │
│ │ишканаларынын санын │ │ │"Легпром" │ТжТӨдө алдыңкы │
│ │40ка жеткирүү │ │ │жана │тажрыйбаны жана│
│ │ │ │ │"Союзтекст-│билимди │
│ │ │ │ │иль" │жайылтуу │
│ │ │ │ │ассоциация-│ │
│ │ │ │ │лары │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│15│Тигүү өндүрүшү боюнча │2013- │ЭӨМ │GIZ, ITC, │Билим алуу, │
│ │тажрыйба алмашуу үчүн │2014- │ │"Легпром" │тажрыйба │
│ │Беларусь │жж. │ │жана │алмашуу, сатуу │
│ │Республикасына, ал эми│ │ │"Союзтекст-│базарларын │
│ │текстиль өндүрүшү │ │ │иль" │изилдөө │
│ │боюнча Түркия менен │ │ │ассоциация-│ │
│ │Өзбекстанга окутуучу │ │ │лары │ │
│ │турларды уюштуруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│16│"Швей-Профи" ОБнын │2013- │ЭӨМ │GIZ, │ТжТӨ техникалык│
│ │тигүү жана тор кийим │2015- │ │"Швей-Проф-│камсыздык │
│ │ишканаларына │жж. │ │и" ОБ, │деңгээлин жана │
│ │тренингдик кызматтарды│ │ │USAID, ITC,│кызматкерлердин│
│ │көрсөтүүчү потенциалын│ │ │"Легпром" │квалификациясын│
│ │күчтөндүрүү: │ │ │жана │жогорулатуу │
│ │- токуу жабдууларын 7 │ │ │"Союзтекст-│ │
│ │бирдикке жаңыртуу; │ │ │иль" │ │
│ │- ОБнын тренерлеринин │ │ │ассоциация-│ │
│ │квалификациясын │ │ │лары │ │
│ │жогорулатуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│17│"Жеңил өнөр жай" │2013- │ЭӨМ │"Жеңил өнөр│Продукцияларды │
│ │ассоциациясынын Россия│2015- │ │жай" │экспорттоонун │
│ │жана Казакстандагы │жж. │ │ассоциация-│көлөмүн │
│ │соода өкүлчүлүктөрүн │ │ │сы │көбөйтүү жана │
│ │кеңейтүү, БСга │ │ │ │сатуу │
│ │киргенден кийин Минск │ │ │ │базарларын │
│ │шаарында (Беларусь) │ │ │ │кеңейтүү │
│ │соода өкүлчүлүгүн │ │ │ │ │
│ │уюштуруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│18│Жыл сайын "Мода │2013- │ЭӨМ │"Легпром" │Сатуу │
│ │индустриясы. Жабдуулар│2015- │ │жана │базарларын │
│ │жана буюмдар" деп │жж. │ │"Союзтекст-│кеңейтүү. ТжТӨ │
│ │аталган эл аралык │ │ │иль" │ишканаларынын │
│ │жарманкелерди уюштуруу│ │ │ассоциация-│техникалык │
│ │ │ │ │лары, │жабдылышын │
│ │ │ │ │USAID, GIZ,│жакшыртуу. │
│ │ │ │ │ITC │Ишкерлердин │
│ │ │ │ │ │маалымдуулугун │
│ │ │ │ │ │күчөтүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│19│Кыргыз ишкерлеринин │2013- │ЭӨМ │"Легпром" │ТжТӨ │
│ │жыл сайын Москвада │2015- │ │жана │продукциясын │
│ │өтүүчү россиялык │жж. │ │"Союзтекст-│тышкы │
│ │көргөзмө-жарманкелерге│ │ │иль" │базарларга │
│ │жана мода │ │ │ассоциация-│чыгаруу │
│ │көрсөтүүлөрүнө │ │ │лары, │ │
│ │катышуусу │ │ │USAID, GIZ,│ │
│ │ │ │ │ITC │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│20│Региондордогу │2013- │БИМ, │"Легпром" │ТжТӨ │
│ │тармактык окуу │2015- │ЖЭИКМ │жана │ишканаларын │
│ │жайларда бош жумуш │жж. │алдында-│"Союзтекст-│адистер менен │
│ │орундарынын │ │гы КТБ │иль" │камсыздоо │
│ │жарманкелерин өткөрүү │ │агентти-│ассоциация-│ │
│ │ │ │ги │лары, │ │
│ │ │ │ │USAID, GIZ,│ │
│ │ │ │ │ITC │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│21│ТжТӨ кадрларын │2013- │БИМ, │"Легпром" │ТжТӨ │
│ │даярдоону кеңейтүү: │2015- │ЖЭИКМ │жана │ишканаларын │
│ │- КТБ системасында │жж. │алдында-│"Союзтекст-│жумушчу кадрлар│
│ │тигүүчү, токуучу жана │ │гы КТБ │иль" │менен │
│ │механиктер │ │агентти-│ассоциация-│камсыздоо, │
│ │кесиптерине; │ │ги │лары │кадрларды │
│ │- улуттук тренерлерди │ │ │ │даярдоо │
│ │даярдоо, анын ичинде │ │ │ │деңгээлин │
│ │түштүк региондордогу │ │ │ │жогорулатуу │
│ │тигүү цехтери үчүн │ │ │ │ │
├──┴──────────────────────┴──────┴────────┴───────────┴───────────────┤
│ Текстиль өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу │
│ шарттарды түзүү │
├──┬──────────────────────┬──────┬────────┬───────────┬───────────────┤
│22│Потенциалдуу │2013- │ЭӨМ │ITC │Кебез жана жүн │
│ │инвесторлордун кебез │ж. │ │ │өндүрүшүн │
│ │жана жүн өндүрүш │ │ │ │өнүктүрүүгө │
│ │чөйрөлөрүндөгү │ │ │ │инвестицияларды│
│ │талаптарын изилдөө. │ │ │ │тартуу │
│ │Тармактардын бул │ │ │ │ │
│ │талаптарга ылайык │ │ │ │ │
│ │келүү мүмкүндүктөрүн │ │ │ │ │
│ │изилдөө │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│23│Жибек өндүрүшүн │2013- │ЭӨМ │Донорлор │Жибек өндүрүшүн│
│ │калыбына келтирүүнүн │2015- │ │ │калыбына │
│ │техникалык-экономикал-│жж. │ │ │келтирүү │
│ │ык негиздемеси │ │ │ │мүмкүнчүлүгүн │
│ │ │ │ │ │жана этаптарын │
│ │ │ │ │ │аныктоо │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│24│Экспорттук-өнөр жай │2013- │ЭӨМ, ЭМ │USAID, GIZ │ТжТӨнү │
│ │аймактары тууралуу │2014- │ │ │өнүктүрүү │
│ │Мыйзам долбоорун иштеп│жж. │ │ │боюнча ЭПАларды│
│ │чыгуу │ │ │ │түзүү, анын │
│ │ │ │ │ │ичинде │
│ │ │ │ │ │региондордо │
│ │ │ │ │ │түзүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│25│Текстиль өндүрүшү │2013- │ЭӨМ, │ │Жаңы │
│ │боюнча долбоорлордун │2015- │кызыкдар│ │өндүрүштөрдү │
│ │ишке ашырылышын аларды│жж. │министр-│ │уюштуруу, │
│ │куруудан баштап │ │ликтер │ │кошумча иш │
│ │пайдаланууга │ │жана │ │орундарды ачуу │
│ │киргизгенге чейин │ │ведомс- │ │ │
│ │камсыздоо │ │тволор │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│26│Кол өнөрчүлүктү ТжТӨ │2013- │ЭӨМ, ЭМ │ │Кол өнөрчүлүктү│
│ │чөйрөсүнө киргизүү │ж. │ │ │ТжТӨ түзүмүнө │
│ │боюнча негиздеме │ │ │ │киргизүү │
│ │даярдоо │ │ │ │ │
├──┴──────────────────────┴──────┴────────┴───────────┴───────────────┤
│ Региондордо ТжТӨнү өнүктүрүү │
├──┬──────────────────────┬──────┬────────┬───────────┬───────────────┤
│27│Региондордогу ТжТӨ │2013- │ЭӨМ │"Жеңил өнөр│Региондордо │
│ │чөйрөлөрүндө │ж. │ │жай" │ТжТӨнү │
│ │экспорттук-өнөр жай │ │ │ассоциация-│өнүктүрүү, │
│ │аймактарын түзүү │ │ │сы, GIZ, │калкты иш менен│
│ │ │ │ │USAID │камсыздоо, │
│ │ │ │ │ │продукция │
│ │ │ │ │ │өндүрүүнүн жана│
│ │ │ │ │ │экспорттоонун │
│ │ │ │ │ │көлөмдөрүн │
│ │ │ │ │ │көбөйтүү │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│28│Текстиль өндүрүшүнө │2013- │ЭӨМ, ЭМ │USAID, │Текстиль │
│ │инвесторлорду тартуу │2015- │ │"Легпром" │өндүрүшүн │
│ │максатында региондордо│жж. │ │жана │өнүктүрүүгө │
│ │инвестициялык │ │ │"Союзтекст-│инвестицияларды│
│ │форумдарды уюштуруу │ │ │иль" │тартуу │
│ │ │ │ │ассоциация-│ │
│ │ │ │ │лары │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│29│Региондордо көчмө │2013- │ЭӨМ, │USAID, GIZ,│Өндүрүштү │
│ │тренингдерди уюштуруу:│2015- │ │ITC, "Жеңил│уюштуруунун │
│ │- продукциянын │жж. │ │өнөр жай" │жана │
│ │маркетинги, │ │ │жана │продукциянын │
│ │менеджменти, эмгектин │ │ │"Союзтекст-│сапатынын │
│ │сапаты жана │ │ │иль" │деңгээлин БС │
│ │өндүрүмдүүлүгү боюнча;│ │ │ассоциация-│талаптарына │
│ │- ТжТӨ продукцияларына│ │ │лары │ылайык │
│ │карата БСнын талаптары│ │ │ │жогорулатуу │
│ │боюнча │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│30│Жыл сайын окутуучу │2013- │ЭӨМ │USAID, GIZ,│Механиктердин, │
│ │программаларды │2015- │ │ITC │тигүүчүлөрдүн, │
│ │өткөрүү: │жж. │ │ │конструкторлор-│
│ │- тигүүчүлөрдү │ │ │ │дун │
│ │даярдоо; │ │ │ │квалификациясын│
│ │- тигүү жабдууларынын │ │ │ │жана ишкерлерди│
│ │механиктеринин │ │ │ │коргоонун │
│ │квалификациясын │ │ │ │укуктук │
│ │жогорулатуу; │ │ │ │маселелери │
│ │- материал бычуу; │ │ │ │боюнча │
│ │- кийимди │ │ │ │маалымдуулугун │
│ │конструкциялоо; │ │ │ │жогорулатуу │
│ │- ишкерлерди коргоонун│ │ │ │ │
│ │укуктук маселелери │ │ │ │ │
│ │боюнча │ │ │ │ │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│31│Токуу өндүрүшүн │2013- │ЭӨМ │ │Инвестициялар │
│ │түзүүгө кызыкдар │ж. │ │ │көлөмүн │
│ │болгон КЭР │ │ │ │көбөйтүү жана │
│ │инвесторлорун издөөгө │ │ │ │жаңы иш │
│ │көмөк көрсөтүү │ │ │ │орундарды ачуу │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│32│Кездеме өндүрүүчүлөр │2013- │ЭӨМ │GIZ, │Ата мекендик │
│ │менен байланыш түзүү │ж. │ │донорлор │өндүрүшчүлөргө │
│ │максатында Кычауга │ │ │ │кездемени түз │
│ │(КЭР, Гуанчжоу │ │ │ │берүү, тажрыйба│
│ │провинциясы) таанышуу │ │ │ │алмашуу, боюнча│
│ │турун уюштуруу │ │ │ │келишимдерге │
│ │ │ │ │ │жана │
│ │ │ │ │ │контракттарга │
│ │ │ │ │ │кол коюу │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│33│Тигүү жабдууларынын │2013- │ЭӨМ │GIZ, │Ишканалардын │
│ │корун уюштуруу │ж. │ │USAID │техникалык │
│ │ │ │ │ │жабдылышын │
│ │ │ │ │ │жакшыртуу │
├──┼──────────────────────┼──────┼────────┼───────────┼───────────────┤
│34│Кийимдерди моделдөө, │2013- │ЭӨМ │"Жеңил өнөр│Өнүгүп жаткан │
│ │конструкциялоо, │2014- │ │жай" жана │тигүү │
│ │дизайны жана лекало │жж. │ │"Союзтекст-│өндүрүштөрүнө │
│ │чыгаруу боюнча │ │ │иль" │практикалык │
│ │лаборатория түзүү │ │ │ассоциация-│жардам көрсөтүү│
│ │мүмкүндүгүн изилдөө │ │ │лары │ │
└──┴──────────────────────┴──────┴────────┴───────────┴───────────────┘
Шарттуу белгилер жана кыскартуулар
┌──────────────┬──────────────────────────────────────────────────────┐
│ЭӨМ │Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай │
│ │министрлиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│АЧМ │Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация │
│ │министрлиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ЭМ │Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ЖЭИКМ │Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен │
│ │камсыз кылуу министрлиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│КББ │Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен │
│ │камсыз кылуу министрлигинин алдындагы Кесиптик │
│ │техникалык билим берүү агенттиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ITC │Эл аралык Соода борбору; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│GIZ │Германия эл аралык кызматташтык коому; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│USAID │АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│КЭР │Кытай Эл Республикасы; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ТжТӨ │Текстиль жана тигүү өндүрүшү; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│"Жеңил өнөр │Жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы; │
│жай" │ │
│ассоциациясы │ │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│"Союзтекстил" │Текстиль өнөр жайы ишканаларынын ассоциациясы; │
│ассоциациясы │ │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│БС │Россиянын, Беларустун жана Казакстандын Бажы союзу; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ОБ │Окуу борбору; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ТЭН │Техникалык-экономикалык негиздеме; │
├──────────────┼──────────────────────────────────────────────────────┤
│ЭӨА │Экспорттук-өнөр жайлык аймактар. │
└──────────────┴──────────────────────────────────────────────────────┘