Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 291 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-апрели № 220
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 88-беренесине, Кыргыз Республикасынын Президентинин "2013-2017-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүшүнүн улуттук стратегиясы жөнүндө" 2013-жылдын 21-январындагы № 11 Жарлыгына ылайык мыйзамдуулукту, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыздоо, коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоонун тиркелген чаралары бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- коомчулуктун өкүлчүлүктөрүнүн жана көз каранды эмес эксперттердин кеңири катышуусу менен, атайын жумушчу топту түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашырууга карата Иш-аракеттер планынын долбоорун иштеп чыксын, кеңейтилген талкуу жүргүзсүн жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин;
- бир айлык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартип тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү тууралуу сунушту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-апрелиндеги № 220 токтому менен бекитилген
1. Киришүү
Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралар (мындан ары - чаралар) Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын реформалоо боюнча кечиктирилгис чечимдерди кабыл алуу жөнүндө коомдук суроо-талаптарды эске алган концептуалдык мамилелерди чагылдырат.
Ички иштер органдарын реформалоого жасалган бардык мурунку аракеттерди, эл аралык тажрыйбаларды көңүлгө алуу менен сунуш кылынган чаралар артыкчылыктуу катары аныкталды, себеби алар жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрү жана көз каранды эмес эксперттер менен болгон кеңири талкуунун жыйынтыгында жактырылган. Мындан тышкары булар өлкөнүн өнүгүүсүнүн учурдагы абалынын өзгөчөлүктөрүн жана реалийлерин эске алуу менен аныкталган.
Сунушталган документ ички иштер органдарын реформалоонун максатын, милдеттерин жана негизги багыттарын аныктайт.
2. Кырдаалга талдоо
Азыркы кырдаалды кыскача талдоо коомдук күтүүлөр менен укук коргоо ишмердигинин абалынын ортосундагы ажырым коопсуздукту тиешелүү түрдө камсыздоого, укук бузуулар жөнүндө баардык арыздарга сот адилеттигине жетүүнү камсыздаган натыйжалуу, өз убагында чара көрүүгө, кылмыштуу коркунучтардан жарандардын укуктарын коргоого калктын ишениминин жоктугу менен шартталгандыгын көрсөттү.
Милициянын ишине канааттанбагандыкка, калктын аларга болгон ишениминин төмөндөшүнө, биринчи кезекте, төмөнкүдөй терс көрүнүштөр себеп болууда:
- коррупция, мыйзамдуулуктун жана кызматтык тартиптин бузулушу;
- жарандарга орой, сыйлабагандык менен мамиле кылуу, жүрүм-турум адептерин сактабоо;
- кесипкөйлүктүн төмөнкү деңгээли;
- милиция кызматкерлеринин адам укуктарын бузуусу;
- ишти созуу, жаап-жашыруу, кылмышты тергөөдө процессуалдык ченемдерди сактабоо;
- кылмыштуу кырдаалдарды адекваттуу талдоосуна негизделген зарыл болуучу башкаруучу чечимдерди кабыл алууга зыян келтирүү менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын баалоо тутумунун (б.а. "таякча") начардыгынын айынан статистикалык дайындарды бурмалоо;
- эскирген, мурдакы калыптагы иштин формалары жана методдору, жаңылануунун жоктугу, кадрдык иштердеги тутумдук кемчиликтер, кесиптик даярдоонун жана окутуунун сапатынын төмөндөшү;
- милиция ишмердигиндеги ачык-айкындыктын жоктугу.
3. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча
чараларды ишке ашыруунун максаты
Аталган терс көрүнүштөр өткөөл мезгилдин татаал экономикалык көйгөйлөрүнүн курч социалдык-саясий процесстердин шарттарында курчуганын эске алганда, негизги күч-аракет өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө жетишүүгө багытталышы керек. Ушуга байланыштуу ички иштер органдарын реформалоо боюнча чаралар 2013-2017-жылдарда Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын талаптарын эске алуу менен аныкталды жана башкы максатка - коом тарабынан ишенимге ээ болгон, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоонун натыйжалуу тутумун түзүүгө багытталды.
4. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруунун милдеттери
Бул коюлган максатты ишке ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди чечүү зарыл:
- укук бузууларды алдын алуу, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча биргелешип иштөө үчүн жана милиция ишмердигине жарандык контролдоо институтун өнүктүрүү үчүн социалдык өнөктөштүк принциптеринин негизинде милиция менен коомдун эриш-аркак иштөөсүн чыңдоо зарыл;
- милициянын натыйжалуу ишинин башкы көрсөткүчү болуп ички иштер органдарына келип түшкөн жарандардын бардык арыздары жана даттануулары боюнча чараларды толук жана өз учурунда көрүүгө, жарандардын бузулган укуктарын калыбына келтирүү, укуктук тартипти жана коомдук коопсуздукту тиешелүү түрдө камсыздоо боюнча милиция көргөн чараларга коомдун берген баасы болушу керек;
- милиция ишмердигиндеги терс көрүнүштөрдү жоюу максатында мыйзамдуу жана уюштуруу-башкаруучулук мүнөздөгү коррупцияга каршы чараларды көрүү;
- кесиптик даярдоо тутумун жакшыртуу жана жогорку квалификациялуу жана кесиптик этиканын талаптарына ылайык келген ички иштер органдарынын кадрдык курамын түзүү үчүн зарыл шарттарды түзүү.
Ошол эле учурда милициянын бардык ишмердиги толук түрдө төмөнкүлөрдү камсыздоого багытталышы керек:
- инсандын ажырагыс укуктарын жана эркиндиктерин коргоо;
- коомдук тартипти камсыздоо;
- укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштардын бетин ачуу жана тергөө;
- калкка укук коргоо кызматтарын жана жардамдарын көрсөтүү.
2013-2017-жылдарга өлкөнү туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясына ылайык реформанын өтмө артыкчылыктары болуп ички иштер органдарынын көп улуттуу кадрдык курамын түзүү жана гендердик саясатты эске алуу болуп эсептелет.
5. Ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруунун негизги багыттары
Коюлган максаттарга жана милдеттерге ылайык ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларын төмөнкү негизги багыттар боюнча ишке ашыруу болжолдонот:
коомдук тартипти коргоодо жана укук бузууларды алдын алууда милициянын жана коомдун өз ара байланышын төмөндөгүлөр аркылуу бекемдөө:
- сотко чейинки тездетилген өндүрүштү киргизүү жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн иши боюнча тескөөчүлөрдүн жана милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн ролун күчөтүү;
- "Коопсуз шаар" тутумун киргизүү, аны техникалык түзүмдөн тышкары, натыйжалуу заманбап жол-кайгуул кызматын (ЖКК) түзүү менен толуктоо зарыл;
- Кыргызстанда апробацияланган алдыңкы дүйнөлүк тажрыйбаны эсепке алуу менен калкка укук коргоо жана жардам берүү кызматын көрсөтүү (милициянын көчмө кабылдамасы, "коңшу көзөмөл" ж.б.);
- калктын милиция менен кызматташуусунун негизинде коомчулуктун коопсуздугуна тиешеси бар болгон ыкчам маалыматты анализдөө, чогултуу жана ишке ашыруу;
- коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн жарандык баалоо жана контролдоо боюнча өнөктөштүк өз ара аракеттенишүү чөйрөсүндө жарандык коомдун институттары менен ички иштер органдарынын ортосундагы кызматташтыктын жаңы механизмдерин активдештирүү жана иштеп чыгуу;
- кесиптик этиканын ченемдерин жана адам укуктарын ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан кынтыксыз сакталышынын натыйжалуу механизмин түзүү;
ички иштер органдарынын реформасынын коррупцияга каршы компоненттеринин мыйзамдык, уюштуруучу-башкаруучулук жана ресурстук негизин төмөндөгүлөр аркылуу жакшыртуу:
- ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны алдыңкы эл аралык тажрыйбага ылайык жакшыртуу;
- тышкы коомдук контролдоо жана баалоо механизмдерин киргизүү менен ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүн баалоонун критерийлерин өзгөртүү;
- "Электрондук Кылмыш каттоо китебине" электрондук каттоону "Электрондук Кылмыш каттоо китебин" киргизүү аркылуу жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын толугу менен жана ачык карап чыгуу, анын ичинде бирдиктүү мамлекеттик нөөмөткер-диспетчердик кызматын түзүү жөнүндө маселени карап чыгуу, ошондой эле статистикалык маалыматтардын жалпы базасынын негизинде кылмыштарды каттоо жана эсепке алуучу бирдиктүү ведомстволор аралык тутумду түзүү;
- кадрдык иштеги тутумдук өзгөрүүлөр, анын ичинде кадрларды тандоонун, топтоонун жана ордуларына коюунун ачык механизмдерин түзүү аркылуу (мисалы, тандап алуучу комиссия тарабынан ишке ашырылуучу, кызматка ачык конкурс аркылуу тандоо);
- бардык карьералык өсүү этаптарында квалификациялык экзамендерди берүү;
- кызматкерлердин кызмат шарттарын жана социалдык коргонуусун жакшыртуу, анын ичинде ички иштер органдарынын кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн социалдык пакет жана жеңилдетүүлөрдү берүү тартибин так аныктаган "Ички иштер органдарынын кызматкерлерине социалдык кепилдик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу; үй менен камсыз кылуу аркылуу Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарын каржылык жана материалдык-техникалык камсыздоосун жакшыртуу; жашоо жана ден-соолук үчүн топтолмо камсыздандырууну киргизүү; кызматкерлерге психологиялык жардам берүү механизмдерин түзүү; аймактык ички иштер органдарынын имараттарын оңдоо;
- иш ордуларын заманбап иш техникалары менен жабдуу (бул үчүн мамлекеттик бюджеттик камсыздоодон тышкары зарыл болгон каражаттарды, анын ичинде гранттык, демөөрчүлүк ж.б. издөөнү жана тартууну ишке ашыруу);
- децентрализацияны эсепке алуу менен, борбордук аппараттын жана ички иштер органдарынын башкармалыктарынын функцияларын карап чыгуу, конкреттүү аймактагы кылмыштуулук абалды, тейленүүчү аймактагы калктын сандык жана сапаттык курамын, жетекчилер менен аткаруучулардын сандык катышын талдоо менен ички иштер органдарынын түзүмүн оптималдаштыруу;
- ички иштер органдарынын көп улуттуу кадрдык курамын жана гендердик саясатты түзүү маселеси боюнча ведомстволук ченемдик актыларды иштеп чыгуу.
кадрларды окутуу жана кесиптик даярдоо тутумун төмөнкүлөр аркылуу жаңыртуу:
- жогорку юридикалык билим берүү программасы боюнча кабыл алууну кыскартуунун эсебинен (б.а. курсанттар), ИИМдин Академиясына жогорку юридикалык окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн ички иштер органдарында кызмат өтөө үчүн кайра даярдоо курстарына кабыл алуу ички иштер органдарынын кадрларын жаңыртууга шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет;
- квалификациясын жогорулатуу курстарына ички иштер органдарынын учурда иштөөчү кызматкерлеринин жылына жөнөтүлүүчү санын олуттуу жогорулатуу жана жогору турган кызматка дайындоо үчүн ажырагыс шарт катары квалификацияны жогорулатууну жана профилдик кайра даярдоону (тиешелүү тастыктамаларда чагылдырылган) милдеттүү түрдө ченемдик укуктук бекемдөөнүн эсебинен кадрлардын квалификациясын жогорулатуунун жана кайра даярдоонун ролун жогорулатуу;
- ички иштер органдарынын кесиптик өзөгүн бекемдөө максатында ыкчам чеберчилик мектептеринин ишмердүүлүгүнө инновациялык мамиле кылууну жайылтуу, алар аркылуу ички иштер органдарынын учурдагы кызматкерлери алдынкы тажрыйбаларды үйрөнүшөт, анын ичинде уюшулган кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге жана башка заманбап чакырууларга жана коркунучтарга каршы күрөшүү чөйрөсүндө тажрыйбаларды үйрөнүшөт.
6. Ишке ашыруунун механизми
Ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруунун негизги механизми болуп, жүргүзүлүүчү реформаларды координациялоо, мониторингдөө, баа берүү жана контролдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартип тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңешти түзүү эсептелет. Анын курамына мамлекеттик түзүмдүн, жер-жерлердеги мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, эл аралык эксперттер кирет. Конкреттүү баскычтуу иш чараларды иштеп чыгуу аркылуу чараларды деталдаштыруу атайын түзүлгөн жумушчу топтор аркылуу ишке ашырылат, алар тиешелүү индикаторлорду жана аны аткарууга зарыл болуучу ресурстарды аныктоо менен Иш аракеттин планын, ошондой эле ишке ашыруунун баскычтарын түзүшөт. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Укуктук тартип тутумун реформалоо жана өнүктүрүү боюнча кеңештин ишмердиги жана Иш-аракеттин планынын аткарылышынын жыйынтыктары жалпыга маалымдоо каражаттарында жана атайын веб-барактарда чагылдырылат.
7. Күтүлүүчү натыйжалар
Ички иштер органдарын реформалоо боюнча чараларды ишке ашыруунун жүрүшүндө, төмөнкүдөй натыйжалар камсыз кылынат:
- калк тарабынан ички иштер органдарына карата ишенимдин өсүшү;
- калкта корголуунун жана коопсуздуктун сезилиши;
- ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүндө калкка карата ачыктыкка, отчеттуулукка жетишүү;
- ички иштер органдарынын тутумунда коррупциялык жана башка терс көрүнүштөрдүн деңгээлин төмөндөтүү;
- ички иштер органдарынын ишмердүүлүгүнө карата туруктуу жарандык контролдоо тутумун түзүү;
- кесиптик даярдоонун тутумун жаңыртуу жана кадр курамынын компетенттүүлүгүн жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу.
|
|