КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 24-сентябры № 547
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 11-пункту "Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри" деген сөздөрдөн мурда "социалдык өнүктүрүү маселелерин тейлөөчү" деген сөздөр менен толукталсын;
- 14-пунктунда "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
| Дж.К. Оторбаев |