Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 9-апрели № 185
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоорун кайра сурап алуу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен кайра сурап алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-январындагы № 15 "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын "КР ¤кмөтүнүн Ченемдик актылары" тиркемесинде 2013-жылдын 30-апрелинде № 7-8 (436-437) жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |