Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 185 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-январы № 15
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзам долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН КОНСТИТУЦИЯЛЫК МЫЙЗАМЫ "Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Аскердик абал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 4, 371-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
расмий тилдеги текстинин экинчи абзацы "вооруженной силы" деген сөздөрдөн кийин "другим" деген сөз менен толукталсын;
алтынчы абзацта:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөр "жана башка аскерлердин" деген сөздөр менен толукталсын;
"буйруктарына жана" деген сөздөр "ыкчам" деген сөз менен толукталсын;
сегизинчи абзацы "согуш мезгилинде" деген сөздөрдөн кийин "күжүрмөн аракеттердин зонасына кирген аймактарда" деген сөздөр менен толукталсын;
онунчу абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Аймактык коргонуу күчтөрү жана каражаттары - Кыргыз Республикасынын аймагында калкты, объекттерди жана коммуникацияларды душмандын аракеттеринен, диверсиялык же террордук акттардан коргоого, ошондой эле аскердик абалдын режимин киргизүүгө жана кармап турууга арналган Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскерлердин кошуундары, бөлүктөрү, мекемелери, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, укук коргоо органдарынын резервдик түзүлүштөрү жана бөлүмчөлөрү.";
төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Башка аскерлер - бул аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдар: аскер соту, аскер прокуратурасы, жазык-аткаруу тутумунун ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын бөлүмчөсү, ошондой эле башка аскердик түзүлүштөр - улуттук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүмчөлөрү; ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ички аскерлери.".
2. 3-берененин сегизинчи абзацындагы ", ал эми Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде - 72 сааттын ичинде" деген сөздөр алып салынсын.
3. 4, 6, 7-беренелерде ар түрдүү жөндөмөдөгү "мамлекеттик бийлик органдары" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "мамлекеттик органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 4-берененин үчүнчү бөлүгүндө:
"жарандык" деген сөз "коргонуу" деген сөз менен толукталсын;
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү" деген сөздөр "жана башка аскерлер" деген сөздөр менен толукталсын.
5. 5-берененин 3-бөлүгү "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскерлерди" деген сөздөр менен толукталсын.
6. 6-беренеде:
биринчи абзацы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү" деген сөздөр "жана башка аскерлер" деген сөздөр менен толукталсын;
6-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"6) аскердик абалдын режимин камсыз кылуу боюнча башка иш-чараларды өткөрүүгө катышуу.".
7. 9-берененин биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысы катары аскердик абалды киргизүү менен Кыргыз Республикасын коргоону жетектейт жана аскердик абал мезгилинде:".
8. 11-берененин 1-бөлүгүндө:
2-пункт "Куралдуу Күчтөрүнүн" деген сөздөрдөн кийин "жана башка аскерлердин," деген сөздөр менен толукталсын;
10-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
"10) аймактык коргонууга жана жарандык коргонууга жетекчилик кылат;".
9. 12-берененин төртүнчү бөлүгү төмөнкү редакцияда берилсин:
"Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы кол башчысынын буйруктары жана ыкчам директивалары түрүндө таризделген Коргоо кеңешинин чечими Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жана башка аскерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары тарабынан аткарылууга милдеттүү.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
|