Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН
ТОКТОМУ
2013-жылдын 15-апрели № 192
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2010-жылдын 5-мартындагы № 69 "Афганистан Ислам Республикасында Кыргыз Республикасынын Элчилигин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына 95898}, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 28-октябрындагы № 688 "Кувейт мамлекетинде Кыргыз Республикасынын Элчилигин түзүү жөнүндө" токтомуна, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 17-апрелиндеги № 249 "Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу шаарында Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугун уюштуруу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
1-пунктундагы "359" жана "212" цифралары тиешелүү түрдө "371" жана "224" цифраларына алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 113 "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин башкаруу схемасы төмөнкү позициялар менен толукталсын:
"
┌──────────────┐
│ Кыргыз │
│ Республикасы-│
│ нын Кувейт │
│ мамлекетинде-│
│ ги Элчилиги │
└──────────────┘
┌──────────────┐
│ Кыргыз │
│ Республикасы-│
│ нын Гуанчжоу │
│ шаарындагы │
│ Башкы │
│ консулдугу │
└──────────────┘
".
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2013-жылдын 16-апрелинде № 29 жарыяланды
Премьер-министри
| Ж. Сатыбалдиев |