Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 19-июнундагы № 386 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-марты № 133
Иштетүүчү өнөр жай тармактарын өнүктүрүү, учурдагы өндүрүштүк кубаттуулукту кыйла толук пайдалануу, ата мекендик продукциянын атаандаштык жөндөмүн жогорулатуунун негизинде экспортту жана импорт алмаштырууну кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасы;
- Кыргыз Республикасынын иштетүүчү өнөр жайын өнүктүрүүнүн 2013-2015-жылдарга карата программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы).
2. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат берип турушсун.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө жалпыланган отчет берип турсун.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому менен бекитилген |
1. Жалпы жоболор
2. Программанын максаттары
3. Иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнүн багыттары
4. Программанын иш-чараларын каржылоо
5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
1. Жалпы жоболор
Кыргыз Республикасынын азыркы учурдагы өнөр жайы кен казуучу, иштетүүчү өнөр жай жана электр энергетикасы болуп бөлүнөт. Иштетүүчү өнөр жай кыйла көлөмдүү болуп эсептелет, анын салыштырма салмагы 80 пайыздан ашат.
Өнөр жайдын түзүмү өзүнө 17 тармакты камтыйт, анын ичинде эки тармак кен казуу өнөр жайына, 14 тармак - иштетүүчү өнөр жайга таандык. Электр энергетикасы - өнөр жайдын өзүнчө тармагы катары каралат.
Алардын ичинен беш тармак экономика жана салык түзүүчү болуп эсептелет, алардын төрт тармагы иштетүүчү өнөр жайы чөйрөсүнө тиешелүү.
Алар: металлургия жана азык-түлүктү иштетүүчү тармак, текстиль жана кийим тигүү өндүрүшү; башка металл эмес минералдык продукттардын өндүрүшү жана энергетика. Чогуу алганда, аталган тармактар өнөр жай продукциясынын 90 пайыздан ашыгын чыгарат.
Өнөр жай чөйрөсүндө 2090го жакын ишкана бар, аларда иштегендердин саны 200 миң адамдан ашат.
2012-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПга кошкон үлүшүнүн чоң эместигине - 16,8 пайыз экендигине карабастан, бюджетке болгон которууларды жана экспорттук сатууларды эске алганда, өнөр жай экономиканын абдан маанилүү тармагы бойдон калууда.
Бул кырдаал максаттуу өнөр жай саясатын жүргүзүүнүн жана экономиканын аталган тармагын туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу реформаларды мындан ары жүргүзүүнүн зарыл экендигин ырастайт.
2. Программанын максаттары
Бул Программанын максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өнөр жай продукцияларынын өндүрүлүшүнүн жана экспортунун өсүшү;
- кыргыз өнөр жай продукциясынын Бажы союзунун базарларында атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу;
- ИДПда өнөр жай продукциясынын салыштырма салмагынын көбөйүшү;
- өнөр жайда кошумча жумушчу орундарды түзүү;
- жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү коргоо, айрым өнөр жай товарлары үчүн ата-мекендик базарларды өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасына инвесторлорду тартуу аркылуу өнөр жайлык жана техникалык ноу-хауну жогорулатуу.
3. Иштетүүчү өнөр жайды өнүктүрүүнүн багыттары
Өнөр жайды өнүктүрүү саясатын түзүүдө бир нече өзгөчөлүктөрдү эске алуу зарыл. Биринчиден, өнөр жайды өнүктүрүүнүн заманбап саясаты бизнес чөйрөнү өнөр жайдын өсүү келечеги менен оптималдаштырууга багытталууга тийиш. Экинчиден, мамлекеттин милдети базарларда өнөр жайды өнүктүрүүгө тоскоолдук кылуучу кыйынчылыктарды жоюу, атап айтканда түзүмдүк өзгөрүүлөрдү жүргүзүү, өнөр жайдын жаңы тармактарын колдоо жана продукциянын ички базарда да, тышкы базарда да атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырууга өбөлгө түзүү болуп эсептелет.
Бул Программа өлкө үчүн стратегиялык жактан маанилүү болгон иштетүүчү өнөр жайдын артыкчылыктуу тармактарын колдоого негизделген өнөр жайын өнүктүрүүгө багытталат. Өнөр жайды өнүктүрүү саясатын тармактарга изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде ишке ашыруу абзел. Мунун натыйжасында келечекте өнүгүүнүн тармактык программалары иштелип чыгуусу мүмкүн.
Иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү төмөнкү багыттарды ишке ашыруу менен өз ара байланышкан.
1) Сооданы өнүктүрүү
Тышкы соодадагы маанилүү жагдайлардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Бажы союзуна кирүү мүмкүнчүлүгү саналат. Кыргызстандын Бажы союзуна кирүүсү жөнүндө принциптүү чечим кабыл алынды, болгону кандай шарттарда жана качан боло турганын аныктоо зарыл.
Мында бажы алымдары тууралуу маселе республика үчүн көйгөйлүү болуп жатат. Кыргыз Республикасында бажы алымынын колдонулуп жаткан орточо ставкасы - 51%, Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы орточо ставкасы 7,5%, ал эми Бажы союзундагы мамлекеттердин Бирдиктүү бажы тарифинин (ББТ) орточо ставкасы - 10,6%.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө кыргыз өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарга жетишүү жана өнөр жай өндүрүшүндө Кыргыз Республикасынын позициясын күчтөндүрүү маанилүү.
2) Салык саясаты
Жеке ишкердиктин демилгеси менен катар, өнүктүрүүдөгү негизги ролдордун бирин бизнес жана өндүрүштү өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө, атап айтканда ыңгайлуу салык климатын камсыз кылууга тийиш болгон мамлекет ойноого тийиш.
Жаңы түзүлүп жаткан, ошондой эле иштеп жаткан ишканаларга карата абдан жакшы ыңгайлуу режимди түзүү үчүн төмөнкүлөрдү караштыруу зарыл:
- сатуудан алынуучу салыкты алып салуу мүмкүндүгүн кароо;
- экспортерлор үчүн пайыздык коюмдарды субсидиялоо (экспорттук-импорттук мамлекеттик насыя мекемелерин түзүү);
- экспортту ишке ашыруучу ишканалар үчүн мамлекеттик насыя мекемелеринен каражат алууга өзгөчө жеңилдик берилген жеткиликтүүлүк;
- экспорттоочу ишканалар үчүн республикада өндүрүлбөгөн негизги каражаттардын импортунда ташып келүүдө бажы алымдарынын нөлдүк коюмдарын сактоо;
- салык жана бажы мыйзамдарынын либералдык шарттарын сактоо.
3) Инвестицияларга, экспортко жана кооперацияга көмөк көрсөтүү
Ыңгайлуу инвестициялык климатты түзүү.
Кыргызстан экономикалык иш чөйрөсүндө алкактык шарттарды (мыйзамдарды) өркүндөтүү жагында кыйла ийгиликтерге жетишти. Ушуну менен бирге эле, Кыргызстандык жана эл аралык инвесторлордун ишенимине ээ болуу үчүн, ошондой эле өлкөгө инвестициялардын келишин көбөйтүү үчүн укуктук коопсуздукту жакшыртуу жана жеке менчик укуктарынын сакталышын камсыз кылуу зарыл. Ошондой эле ачык соода саясатын жүргүзүү жана соода тоскоолдуктарын азайтуу милдеттүү болуп саналат, ошол эле учурда ДСУда каралган атайын жоболорду болушунча пайдалануу керек.
Өнөр жай (индустрия) зоналарын түзүү.
Бизнес жүргүзүү үчүн атайын шарттарды берген өнөр жай (индустрия) зоналарын түзүү инвестицияларды тартуу каражаттарынын бири. Өнөр жай (индустрия) зоналарынын артыкчылыгы өнөр жай өндүрүшү үчүн зарыл инфратүзүмдүн (энергия менен камсыздоо, коммуникациялар, бажылык тариздөө ж.б.) болушунда турат. Инвесторлорду кызыктыруучу атайын жоболорду иштеп чыгуу зарыл.
Өнүктүрүүнүн финансылык институттары.
Өнөр жайдын жана экспорттун өсүшүнө өбөлгө түзүү үчүн өнүктүрүүнүн финансылык институттарынын зарылдыгы барган сайын айкын болуп жатат. Мындай институттар жок дегенде экөө болушу зарыл.
Биринчи институт акча каражатын узак мөөнөттүү пайдаланууга берүүчү Өнүктүрүү банкынын (Өнүктүрүү фондунун) ролун аткарууга тийиш. Бул максатка өнүктүрүүнүн эл аралык институттарынын, донорлордун ресурстарын тартууга болот.
Экинчи институт - бул насыяны кыска мөөнөткө берүүчү экспорттук-импорттук насыя мекемеси. Экспорттук-импорттук операцияларды ишке ашыруучу ишканалардын жүгүртүүдөгү каражаттарын насыялоо анын негизги милдети болот. Бул насыя мекемесинин негизинде өлкөлөрдүн - негизги тышкы соодалык өнөктөрдүн насыялык линияларын пайдаланууга мүмкүн болот.
Ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциясын тышкы рынокторго чыгаруу жана инвестицияларды коргоо үчүн мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү (мындан ары - МЖӨ) түзүү.
МЖӨ принциптерин ишке ашыруу өнөр жайды өнүктүрүү боюнча биргелешкен күч-аракеттердин зарылдыгы менен шартталган. Мамлекет менен бизнестин ортосундагы туруктуу диалог ишкердик чөйрөдө болуп жаткан терс тенденцияларды азайтат.
4) Ата мекендик чийки затты иштетүүнү өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү
Кыргыз Республикасында иштетүүчү өнөр жайдын орчундуу бөлүгү мурда өлкө ичинде өндүрүлгөн чийки затты иштетчү. Мурдагы тармак аралык байланыштарды калыбына келтирүү - азыр чечилиши кыйын маселе болуп калды.
Ошол эле учурда, экономиканын баштапкы тармактарында продукциянын көлөмүнүн үлүшү салыштырмалуу жогору (30%га чейин). Бул, продукцияны кайра иштетүү потенциалга ээ экендигин билдирет.
Импортко карата теңдештирилген тарифтик саясатты жүргүзүү, товарлардын конкреттүү түрлөрүн өндүрүүнү тикелей субсидиялоо түрүндө айыл чарбасына колдоо көрсөтүүнү толуктоо ирээтинде, кайра иштетүүнү өнүктүрүүгө түрткү берет.
5) Кадрларды даярдоо
Акыркы жылдары инженердик-техникалык кесиптер эмгек акынын төмөндүгүнөн улам барктуу болбой калды. Окуу жайлары менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда өз ара байланыштын жоктугунан бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү адистиги боюнча ишке орношо алышпайт. Инженердик-техникалык адистиктердин кадыр-баркы өнөр жайдын жанданышына жана чыңдалышына түздөн-түз көз каранды экендиги ачык көрүнүп турат.
Кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдеринде: баштапкы кесиптик, орто кесиптик жана жогорку кесиптик билим берүүдө реформа жүргүзүү зарыл. ЖОЖго өтпөй калган абитуриенттердин көңүлүн кесиптик билим алууга буруу маанилүү, бул жумушчу кадрлар тартыш болуп жаткан шартта зарыл болуп эсептелет.
Мектептик билим берүү чөйрөсүндө, өзгөчө анын мазмунун модернизациялоо бөлүгүндө реформа жүргүзүү да андан кем эмес маанилүү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 201 "Кыргыз Республикасында билим берүү системасын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары жөнүндө" токтому менен бекитилген билим берүү чөйрөсүндөгү жана анын өнүгүүсүн 2020-жылга чейин аныктаган стратегиялык мүнөздөгү документтерди ишке ашыруу биринчи кезектеги чара катары кызмат кылат.
6) Эмгектик мамилелер жагында социалдык стандарттарды киргизүү
Эмгек базарын өнүктүрүү, калкты жумуш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек акыны жөнгө салуу жана эмгекти коргоо менен байланышкан маселелер боюнча негизги иш-чараларды ишке ашыруу социалдык өнөктөштүктүн өнүгүүсүнө шарт түзөт. Бул үчүн "Кыргыз Республикасындагы эмгек мамилелери жаатындагы социалдык өнөктөштүк жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 30-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасында социалдык өнөктөштүк системасын өнүктүрүү концепциясы жөнүндө" токтому кабыл алынган жана аларды ишке ашырууну активдештирүү зарыл.
7) Экологиялык стандарттарды киргизүү
2003-жылы Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясына карата Киото протоколун ратификациялаган. Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да Киото протоколун ишке ашыруу боюнча механизмдерди иштеп чыга элек. Бул документти экономикалык иштин ар кыл жааттарын модернизациялоо үчүн чет өлкөлүк инвестициялардын келишине өбөлгө түзүүчү шайман катары пайдаланууга болот. Киото протоколунун базар механизмдери "жашыл инвестицияларды" тартууга өбөлгө түзөт жана ошону менен катышуучу-өлкөлөргө алардын милдеттенмелерин аткарууга жана киреше алууга жардам көрсөтүшү мүмкүн.
8) Изилдөөлөрдү, иштеп чыгууларды жана инновацияларды алга жылдыруу
Илимий иштеп чыгууларга, изилдөөлөргө жана инновацияларга жетишсиз көңүл бурулууда. Өнөр жай менен илим жай темпте өнүгүүдө. Дүйнөдө жаңы иштелмелер жана инновациялар өнөр жайда ийгиликти камсыз кылышат. Бул көп учурда илимий-изилдөө институттарынын жана илимий иштелмелерге заказ берген жана каржылаган бизнестин биргелешкен ишинин натыйжасы. Илимий-изилдөө институттарынын кызматташуу мүмкүндүгүн да карап чыгуу зарыл.
Илимди колдоо үчүн мамлекет тарабынан бөлүнүүчү чектелүү каражатты сарамжалдуурак пайдаланса болот, атап айтканда илимий институттар конкурстук негизде бериши мүмкүн болгон долбоордук сунуштардын ишке ашырылышын каржылоого болот.
9) Өнөр жай чөйрөсүндөгү коомдук уюмдарды күчтөндүрүү
Өнөр жай чөйрөсүндө түзүлүп жаткан коомдук уюмдар мамлекеттик органдардын жана өндүрүшчүлөрдүн ишин координациялоодо чечүүчү ролду ойноого тийиш. Мындай уюмдар, биринчи кезекте көпчүлүктүн кызыкчылыгын эске алып, чечимдерди кабыл алууда бизнестин диалогу жана катышуусу аркылуу бийлик менен өз ара байланышта иштешүүнү камсыз кылуу, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча жигердүү саясат жүргүзүү, атаандаштык шарттарды (бизнес-этика, корпоративдик башкаруу, ишмер турмуштун стандарттарын) камсыз кылуу максатында ишкер коомчулуктун ичинде мамилелерди өзгөртүү, социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүү, региондук жана глобалдык экономикага өнөр жайчыларды интеграциялоого жардам көрсөтүү менен бириктирилген позицияны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн чыңдай алышат.
4. Программанын иш-чараларын каржылоо
Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды каржылоо негизинен донорлордун каражатынын, ошондой эле ишкерлердин каражатынын эсебинен жүргүзүлөт, бюджеттин тартыштык шартында бул абдан маанилүү.
Программанын кезектеги жылга иш-чараларын донорлор тарабынан каржылоонун көлөмү бардык кызыкдар тараптардын ой-пикирлери эске алынган талкуунун негизинде түзүлөт.
5. Программаны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар
┌─┬─────────────────────────────────────┬─────────────────────────────┐
│№│ Көрсөткүчтөр │ Болжол │
│ │ ├─────────┬─────────┬─────────┤
│ │ │ 2013-ж. │ 2014-ж. │ 2015-ж.│
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│1│Өнөр жай продукциясынын ИДПдагы │ 18,1 │ 21 │ 25 │
│ │салыштырма салмагы (% менен) │ │ │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│2│Өнөр жай чөйрөсүндө продукция чыгаруу│ 108,2 │ 107,9│ 118,0 │
│ │(% менен) │ │ │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│3│Өнөр жай продукциясын экспортко алып │ 10 │ 12 │ 15 │
│ │чыгуунун өсүшү (% менен) │ │ │ │
├─┼─────────────────────────────────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│4│Өнөр жайды өнүктүрүүнүн эсебинен жаңы│15000 │ 21000 │ 10000 │
│ │иш орундарды түзүү (бирдик менен) │ │ │ │
└─┴─────────────────────────────────────┴─────────┴─────────┴────────
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 14-мартындагы № 133 токтому менен бекитилген |
┌──┬──────────────────┬───────┬────────────┬───────────┬──────────────┐
│№ │ Иш-чаралар │Ишке │ Жооптуу │ Өнөктөш │ Күтүлүүчү │
│ │ │ашыруу │аткаруучулар│ уюмдар │ натыйжалар │
│ │ │мөөнөтү│ │(макулдашуу│ │
│ │ │ │ │ боюнча) │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│1 │Иштетүүчү өнөр │2013-ж.│ ЭӨМ │Бизнес- │Иштетүүчү өнөр│
│ │жайдын │ │ │коомчулук │жайдын │
│ │артыкчылыктуу │ │ │жана │артыкчылыктуу │
│ │тармактарын │ │ │донорлор │тармактарын │
│ │аныктоо предметине│ │ │ │аныктоо жана │
│ │изилдөөлөрдү │ │ │ │диверсифика- │
│ │жүргүзүү │ │ │ │циялоо │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│2 │Иштетүүчү өнөр │2013- │ЭӨМ, ЭМ, │Бизнес- │Өнөр жай │
│ │жайдын │2015- │ыйгарым │коомчулук │өндүрүшүн │
│ │артыкчылыктуу │жж. │укуктуу │ │өнүктүрүү, │
│ │тармактары боюнча │ │өкүлдүн │ │иштетүүчү өнөр│
│ │программаларды │ │аппараты, │ │жайдын │
│ │иштеп чыгуу жана │ │ЖМА, ЖӨБО │ │артыкчылыктуу │
│ │ишке ашыруу │ │(макулдашуу │ │тармактарынын │
│ │ │ │боюнча) │ │атаандаштыкка │
│ │ │ │ │ │жөндөмдүүлүгүн│
│ │ │ │ │ │арттыруу жана │
│ │ │ │ │ │диверсифика- │
│ │ │ │ │ │циялоо │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│3 │Өнөр жайдын │2013- │ЭӨМ, ЭМ, │Бизнес- │Республикалык │
│ │көмүскө бөлүгүн │2014- │АЧМ │коомчулук │бюджетке │
│ │мыйзамдаштырууга │жж. │ │ │чегерүүлөрдүн │
│ │дем берүү боюнча │ │ │ │өсүшү │
│ │механизмдерди │ │ │ │ │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│4 │Продукция өндүрүү │2013- │ЭМ, ЭӨМ │Бизнес- │Өндүрүш үчүн │
│ │үчүн Кыргыз │2014- │ │коомчулук │материалдарды │
│ │Республикасына │жж. │ │ │жана чийки │
│ │чийки зат жана │ │ │ │затты │
│ │материалдарды │ │ │ │импорттоого │
│ │импорттоонун │ │ │ │ыңгайлуу │
│ │ыңгайлуу режимин │ │ │ │бажылык │
│ │түзүү боюнча Бажы │ │ │ │алымдарды │
│ │союзуна мүчө │ │ │ │белгилөө │
│ │өлкөлөр менен │ │ │ │ │
│ │сүйлөшүүлөрдү │ │ │ │ │
│ │жүргүзүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│5 │Өнөр жай │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │Бизнес- │Продукцияны │
│ │продукциясынын │2014- │ыйгарым │коомчулук │экспорттоонун │
│ │экспортун колдоо │жж. │укуктуу │ │көлөмүн жана │
│ │боюнча дем берүүчү│ │өкүлдүн │ │экспортерлор- │
│ │чараларды иштеп │ │аппараты, │ │дун санын │
│ │чыгуу │ │ЖМА, ЖӨБО │ │көбөйтүү │
│ │ │ │(макулдашуу │ │ │
│ │ │ │боюнча) │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│6 │Кыргыз │2013-ж.│ЭМ, │Бизнес- │Өнөр жай │
│ │Республикасында │ │министрлик- │коомчулук │продукциясынын│
│ │экспортту │ │тер жана │ │экспортун │
│ │өнүктүрүүнүн │ │ведомстволор│ │кеңейтүү жана │
│ │2013-2015-жылдарга│ │ │ │диверсифика- │
│ │улуттук │ │ │ │циялоо │
│ │стратегиясынын │ │ │ │ │
│ │долбоорун иштеп │ │ │ │ │
│ │чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│7 │Өнөр жай │2013- │ЭМ, │Бизнес- │Жаңы │
│ │тармактарына │2015- │тармактык │коомчулук │өндүрүштөрдү │
│ │инвестицияларды │жж. │министрлик- │ │уюштурууга │
│ │тартуу үчүн │ │тер жана │ │инвестициялар-│
│ │жогорку │ │ведомстволор│ │ды көбөйтүү │
│ │технологиялуу │ │ │ │ │
│ │өндүрүштөрдүн │ │ │ │ │
│ │долбоорлорун иштеп│ │ │ │ │
│ │чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│8 │Лицензияларды жана│2013-ж.│ЭМ, │Бизнес- │Бизнестин │
│ │башка уруксат │ │тармактык │коомчулук │өнүгүшүнө │
│ │берүүчү │ │министрлик- │ │бөгөт болгон │
│ │документтерди │ │тер жана │ │тоскоолдуктар-│
│ │берүү │ │ведомстволор│ │ды кыскартуу │
│ │жол-жоболорун │ │ │ │ │
│ │жөнөкөйлөтүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│9 │Өнөр жай │2013- │ЭӨМ, ыйгарым│Бизнес- │Логистиканы, │
│ │чөйрөсүндө жаңы │2014- │укуктуу │коомчулук │инфратүзүмдү │
│ │субъекттерди │жж. │өкүлдүн │ │жакшыртуу, │
│ │уюштуруунун │ │аппараты, │ │региондордо │
│ │шарттарын │ │ЖМА, ЖӨБО │ │өнөр жайды │
│ │жакшыртуу боюнча │ │(макулдашуу │ │өнүктүрүү │
│ │сунуштарды иштеп │ │боюнча) │ │ │
│ │чыгуу жана ишке │ │ │ │ │
│ │ашыруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│10│Өнөр жайлык │2013- │ЭӨМ, ЭМ, │Бизнес- │Жаңы │
│ │(индустриялык) │2015- │ыйгарым │коомчулук │өндүрүштүк │
│ │зоналарды уюштуруу│жж. │укуктуу │ │кубаттуулук- │
│ │боюнча сунуштарды │ │өкүлдүн │ │тарды │
│ │иштеп чыгуу │ │аппараты, │ │жайгаштыруу, │
│ │ │ │ЖМА, ЖӨБО │ │анын ичинде │
│ │ │ │(макулдашуу │ │региондордо │
│ │ │ │боюнча) │ │жайгаштыруу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│11│Эркин экономикалык│2013-ж.│ЭМ │ЭЭЗ │Тейлеме кызмат│
│ │зоналарда │ │ │ │көрсөтүүнү │
│ │инвесторлор үчүн │ │ │ │жакшыртуунун │
│ │кызмат көрсөтүүнүн│ │ │ │эсебинен ЭЭЗ │
│ │жаңы түрлөрү │ │ │ │кардарларынын │
│ │боюнча сунуштарды │ │ │ │санын көбөйтүү│
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│12│Өнөр жайда "жашыл │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │ЮНИДО, │"Экологиялык │
│ │экономика" │2014- │Токой │бизнес- │таза │
│ │принциптерин иштеп│жж. │агенттиги │коомчулук │технологиялар-│
│ │чыгуу жана ишке │ │ │ │ды" киргизүү, │
│ │киргизүү │ │ │ │атмосферага │
│ │ │ │ │ │зыяндуу │
│ │ │ │ │ │чыгарууларды │
│ │ │ │ │ │азайтуу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│13│Эмгек мамилеси │2013- │ЭМЖМ │ │Эмгек шартын │
│ │жагындагы улуттук │2014- │ │ │жана │
│ │социалдык │жж. │ │ │кызматкерлер- │
│ │стандарттарды эл │ │ │ │дин │
│ │аралык │ │ │ │укуктарын │
│ │стандарттарга │ │ │ │жакшыртуу │
│ │ылайык келтирүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│14│"Таза технология" │2013- │ЭӨМ, ЭМ, │Бизнес- │"Таза │
│ │идеясын алдыга │2015- │ГМРМА │коомчулук, │технологиялар-│
│ │жылдыруучу │жж. │ │ГЭФ, эл │ды" киргизүү │
│ │экологиялык жана │ │ │аралык │боюнча │
│ │энергия үнөмдөөчү │ │ │долбоорлор │долбоорлорду │
│ │технологияларды │ │ │жана ЮНИДО │ишке ашыруу │
│ │колдонууга │ │ │ │ │
│ │киргизүүчү │ │ │ │ │
│ │юридикалык │ │ │ │ │
│ │жактарга колдоо │ │ │ │ │
│ │көрсөтүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│15│Киото протоколунун│2014- │ЭӨМ │ГЭФ, эл │"Таза │
│ │базар │2015- │ │аралык │технологиялар-│
│ │механизмдерин │жж. │ │долбоорлор │ды" киргизүү │
│ │пайдалануу боюнча │ │ │ │үчүн эл аралык│
│ │каражаттарды иштеп│ │ │ │уюмдардын │
│ │чыгуу │ │ │ │ресурстарын │
│ │ │ │ │ │тартуу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│16│Экологиялык жана │2013- │ЭӨМ, МЖЭМ, │ГЭФ, эл │Маалымдуулукту│
│ │социалдык │2015- │ГМРМА, Токой│аралык │арттыруу │
│ │стандарттар боюнча│жж. │агенттиги │уюмдар жана│ │
│ │маалыматтык │ │ │ассоциация-│ │
│ │өнөктүктөрдү │ │ │лар │ │
│ │уюштуруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│17│"Эмгек мамилелери │2013- │МЖЭМ, ЭӨМ │Профсоюз- │Мамлекеттин, │
│ │жаатындагы │2014- │ │дар, │жеке сектордун│
│ │социалдык │жж. │ │бизнес- │жана │
│ │өнөктөштүк │ │ │коомчулук │кызматкерлер- │
│ │жөнүндө" Кыргыз │ │ │ │дин ортосунда │
│ │Республикасынын │ │ │ │туруктуу │
│ │Мыйзамын ишке │ │ │ │диалогду │
│ │ашыруунун │ │ │ │камсыздоо, │
│ │механизмдерин │ │ │ │кызматкерлер- │
│ │иштеп чыгуу │ │ │ │дин эмгек │
│ │ │ │ │ │шарттарын │
│ │ │ │ │ │жакшыртуу, │
│ │ │ │ │ │эмгектин │
│ │ │ │ │ │коопсуздугун │
│ │ │ │ │ │арттыруу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│18│Региондордун │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │ │Инвесторлорду │
│ │атаандаштык │2014- │КРӨМА, │ │тартуу │
│ │артыкчылыктарын │жж. │ыйгарым │ │мүмкүнчүлүгүн │
│ │аныктоо жана │ │укуктуу │ │кеңейтүү. Иш │
│ │аныкталган │ │өкүлдүн │ │менен камсыз │
│ │өзгөчөлүктөрдү │ │аппараты, │ │кылуу. Жаңы │
│ │эске алуу менен │ │ЖМА, ЖӨБО │ │өндүрүштүк │
│ │региондорду │ │(макулдашуу │ │кубаттуулук- │
│ │өнүктүрүү │ │боюнча) │ │тарды │
│ │пландарын иштеп │ │ │ │жайгаштыруу │
│ │чыгуу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│19│Региондордо өнөр │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │ │Региондордо │
│ │жайды өнүктүрүү │2015- │КРӨМА, │ │өнөр жайды │
│ │боюнча бизнес │жж. │ыйгарым │ │өнүктүрүү │
│ │долбоорлорду │ │укуктуу │ │ │
│ │даярдоо жана │ │өкүлдүн │ │ │
│ │инвесторлорду │ │аппараты, │ │ │
│ │издөө │ │ЖМА, ЖӨБО │ │ │
│ │ │ │(макулдашуу │ │ │
│ │ │ │боюнча) │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│20│Айыл чарба │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │Бизнес- │Токтоп турган │
│ │продукциясын кайра│2015- │АЧМ, КРӨМА, │коомчулук │ишканаларды │
│ │иштетүү боюнча │жж. │ыйгарым │ │ишке киргизүү,│
│ │региондук │ │укуктуу │ │региондордо │
│ │кластерлерди │ │өкүлдүн │ │өнөр жай │
│ │уюштуруу тууралуу │ │аппараты, │ │өндүрүшүн │
│ │сунуштарды иштеп │ │ЖМА, ЖӨБО │ │өнүктүрүү │
│ │чыгуу │ │(макулдашуу │ │ │
│ │ │ │боюнча) │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│21│Жаштарды жана │2013- │ЭМЖМ, КРӨМА,│Эл аралык │Жаштардын иш │
│ │аялдарды региондук│2015- │ыйгарым │уюмдар, │менен камсыз │
│ │өнөр жай өндүрүшүн│жж. │укуктуу │микрофинан-│болушу, │
│ │өнүктүрүүгө тартуу│ │өкүлдүн │сылык │кадрларды │
│ │боюнча │ │аппараты, │уюмдар │даярдоону │
│ │долбоорлорду │ │ЖМА, ЖӨБО │ │жакшыртуу, │
│ │даярдоого жана │ │(макулдашуу │ │билим │
│ │ишке ашырууга │ │боюнча) │ │деңгээлин │
│ │жардам көрсөтүү. │ │ │ │жогорулатуу │
│ │Жаштарды жеке │ │ │ │ │
│ │бизнес жүргүзүүнүн│ │ │ │ │
│ │негиздерине окутуу│ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│22│Өнөр жай │2013- │ЭМ, ФМ, │Бизнес- │Ишканалардын │
│ │ишканаларынын │2014- │ЭӨМ │коомчулук │финансылык │
│ │карыздарын, анын │жж. │ │ │абалын │
│ │ичинде чет өлкөлүк│ │ │ │жакшыртуу, │
│ │(техникалык) │ │ │ │инвесторлордун│
│ │насыялар боюнча │ │ │ │аларга карата │
│ │карыздарын кайра │ │ │ │кызыгуусун │
│ │түзүмдөө │ │ │ │жогорулатуу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│23│Ишканалардын │2013- │ЭМ, ЭӨМ │ │Токтоп турган │
│ │иштерин оңдоо │2014- │ │ │ишканаларды │
│ │боюнча механизмди │жж. │ │ │реанимациялоо │
│ │(банкроттук │ │ │ │ │
│ │жол-жоболорду) │ │ │ │ │
│ │актуалдаштыруу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│24│Кыргыз │2013- │ЭМ, ЭӨМ │Бизнес- │Жаңы │
│ │Республикасынын │2014- │ │коомчулук │жабдууларды │
│ │Салык кодексинин │жж. │ │ │сатып алуу, │
│ │жаңы жабдууларга │ │ │ │кошумча │
│ │жана │ │ │ │кубаттуулук- │
│ │технологияларга │ │ │ │тарды орнотуу,│
│ │каражат │ │ │ │ассортиментти │
│ │инвестициялаган │ │ │ │жаңылоо │
│ │өнөр жай │ │ │ │ │
│ │ишканалары үчүн │ │ │ │ │
│ │тездетилген │ │ │ │ │
│ │амортизацияны │ │ │ │ │
│ │колдонуу бөлүгүнө │ │ │ │ │
│ │өзгөртүүлөрдү │ │ │ │ │
│ │киргизүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│25│Өнөр жай үчүн │Дайыма │БИМ, ЭМЖМ │Бизнес- │Кадрларды │
│ │адистерди окутуучу│ │алдындагы │коомчулук, │даярдоонун │
│ │кесиптик- │ │Кесиптик- │окуу │сапатын │
│ │техникалык билим │ │техникалык │жайлар, │арттыруу │
│ │берүүнү жана │ │билим берүү │ЖОЖдор │ │
│ │ЖОЖдордун окутуу │ │агенттиги │ │ │
│ │программаларын │ │ │ │ │
│ │жаңыртууга │ │ │ │ │
│ │ишкерлердин │ │ │ │ │
│ │катышуусу │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│26│Изилдөөчү │Дайыма │УИА │Бизнес- │Жеке сектордон│
│ │институттар, анын │ │(макулдашуу │коомчулук │реалдуу │
│ │ичинде эл аралык │ │боюнча) │ │долбоорлорго │
│ │институттар менен │ │ │ │заказдарды │
│ │ишкерлердин │ │ │ │алуу. Базарда │
│ │ортосунда өз ара │ │ │ │талап кылынган│
│ │ишкер │ │ │ │продуктуларды │
│ │байланыштарды │ │ │ │иштеп чыгаруу.│
│ │түзүү │ │ │ │Эл аралык │
│ │ │ │ │ │заказчыларга │
│ │ │ │ │ │чыгуу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│27│Финансыга болгон │2013- │УИА │Бизнес- │Ишканаларда │
│ │мүмкүнчүлүктү │2015- │(макулдашуу │коомчулук │ИИТКИни │
│ │жакшыртуу сыяктуу │жж. │боюнча) │ │өнүктүрүү │
│ │каражаттарды │ │ │ │ │
│ │пайдалануу менен │ │ │ │ │
│ │ИИТКИни, │ │ │ │ │
│ │ишканалардагы │ │ │ │ │
│ │долбоорлорду │ │ │ │ │
│ │колдоо │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│28│Технология │2013- │ЭМ, ЭӨМ, │Бизнес- │Өнөр жай │
│ │борборлорун, │2015- │ыйгарым │коомчулук │өндүрүшүн │
│ │технополистерди │жж. │укуктуу │ │өркүндөтүү, │
│ │жана │ │өкүлдүн │ │жаңы │
│ │технопарктарды, │ │аппараты, │ │технологиялар-│
│ │анын ичинде Кыргыз│ │ЖМА, ЖӨБО │ │ды иштеп чыгуу│
│ │Республикасынын │ │(макулдашуу │ │ │
│ │Улуттук илимдер │ │боюнча), КР │ │ │
│ │академиясында │ │УИА │ │ │
│ │түзүү жана токтоп │ │(макулдашуу │ │ │
│ │турган │ │боюнча) │ │ │
│ │ишканаларды │ │ │ │ │
│ │иштетүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│29│Өнөр жайдын │2013- │ЭМЖМ │ │Базар │
│ │муктаждыктары үчүн│2014- │алдындагы │ │муктаждыктары-│
│ │КТБ системасын │жж. │Кесиптик- │ │на багытталган│
│ │өнүктүрүү боюнча │ │техникалык │ │кадрларды │
│ │программанын │ │билим берүү │ │даярдоо │
│ │долбоорун иштеп │ │агенттиги, │ │ │
│ │чыгуу │ │ЭӨМ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│30│Ишкерлердин │Дайыма │ЭӨМ │Ассоциация-│Тажрыйба │
│ │кызыкчылыктарын │ │ │лар, │алмашуу, │
│ │билдирген чет │ │ │Ишкерлер- │биргелешкен │
│ │өлкөлүк уюмдар │ │ │дин, иш │долбоорлорду │
│ │менен байланыш │ │ │берүүчүлөр-│ишке ашыруу │
│ │түзүү │ │ │дүн эл │ │
│ │ │ │ │аралык │ │
│ │ │ │ │уюмдары │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│31│Өнөр жайды │2013- │ЭМ, ЭӨМ │Иш │Мамлекет менен│
│ │өнүктүрүү боюнча │2015- │ │берүүчүлөр-│бизнестин │
│ │программаларды │жж. │ │дүн │ортосундагы │
│ │ишке ашыруу үчүн │ │ │союздары │диалог. │
│ │иштеп жаткан │ │ │жана │Чечимдерди │
│ │аянттардын жана │ │ │ассоциация-│кабыл алууга │
│ │платформалардын │ │ │лары │бизнестин │
│ │ишин активдештирүү│ │ │ │катышуусу │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│32│Продукциянын │2013- │ЭМ │Консалтинг-│Сапаттын │
│ │сапатын жана │2014- │ │дик │улуттук │
│ │коопсуздугун эл │жж. │ │фирмалар, │инфратүзүмүнүн│
│ │аралык │ │ │бизнес- │катышуучулары │
│ │стандарттарга │ │ │коомчулук │арасында өз │
│ │ылайык камсыз │ │ │ │ара байланышты│
│ │кылуу системасын │ │ │ │жакшыртуу │
│ │түзүү жана │ │ │ │ │
│ │колдонууга │ │ │ │ │
│ │киргизүү │ │ │ │ │
├──┼──────────────────┼───────┼────────────┼───────────┼──────────────┤
│33│Экспортко │2013- │ЭМ, │ │Өнөр жайлык │
│ │багытталган │2014- │тармактык │ │продукциянын │
│ │продукция үчүн │жж. │министрлик- │ │сапатын │
│ │аккредитацияланган│ │тер жана │ │камсыздоо жана│
│ │эл аралык │ │ведомстволор│ │сертификаттоо │
│ │лабораторияларды │ │ │ │ │
│ │түзүү │ │ │ │ │
└──┴──────────────────┴───────┴────────────┴───────────┴──────────────┘
Кыскартуулардын тизмеси:
ИДП - Ички дүң продукт;
КР - Кыргыз Республикасы;
БС - Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзу;
ЭӨМ - Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;
ЭМ - Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги;
ЭМЖМ - Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги;
БИМ - Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
АЧМ - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги;
Токой агентиги - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттиги;
КРӨМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик;
ГМРМА - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик;
ММБФ - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд;
ыйгарым укуктуу - Ыйгарым укуктуу өкүлдүн аппараты; өкүлдүн аппараты
ЖМА - Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар;
ЖӨБО - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
ИИТКИ - илим-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштер;
ЮНИДО - Өнөр жайды өнүктүрүү боюнча Бириккен Улуттар Уюму;
ЭИК - Эл аралык ишкердик кеңеш;
ГЭФ - Глобалдуу экологиялык фонд;
УИА - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы;
КТБ - кесиптик техникалык билим берүү;
ЭЭЗ - эркин экономикалык зона;
МЖӨ - мамлекеттик-жеке өнөктөштүк.