Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 283
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Банкроттук процессинин жол-жоболорун ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Иштин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жободо:
- 22-главада:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Банкроттук иштер боюнча башкармалык" деген сөздөр "Банкроттук иштери боюнча мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
"6. Квалификациялык экзамен (аттестация) өткөрүү үчүн лицензиар курамы 5 кишиден, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддон бирден өкүл жана Банкроттук иштери боюнча мамлекеттик органдын үч өкүлүнөн турган лицензиялык комиссия (мындан ары Комиссия) түзөт.";
- 14-пунктундагы "эки жыл" деген сөздөр "үч жыл" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 17-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- 18-пунктунун "б" пунктчасы күчүн жоготту деп табылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|