Загрузка документа…
УТРАТИЛО СИЛУ в соответствии с постановлением Правительства КР от 5 марта 2021 года № 72
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 281
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын чектеп бөлүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10, 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 119 "Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө жободо:
- 6-пунктта:
"а" пунктчасында:
төртүнчү абзацы "билим берүү" деген сөздөрдөн кийин "жана илим" деген сөздөр менен толукталсын:
төмөнкүдөй мазмундагы жаңы он тогузунчу абзац менен толукталсын:
"- илим чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу;";
"б" пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы жаңы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- билим берүү системасындагы эмгек ресурстарына муктаждыктын болжолун даярдайт;";
- 7-пунктунун он экинчи абзацы күчүн жоготту деп эсептелсин;
- 11-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- Министрликтин борбордук аппаратынын түзүмүн бекитет, ал Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөргөн учурда гана өзгөртүлүшү мүмкүн. Мында министрдин дайындалышы Министрликтин түзүмүн өзгөртүүгө негиз боло албайт;";
- төмөндөгүдөй мазмундагы жаңы бешинчи абзац менен толукталсын:
"- Министрликтин борбордук аппаратынын штаттык ырааттамасын бекитилген сандын чегинде бекитет;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |