ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-майындагы № 301 «Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кароо жана берүү тартиби жөнүндө жобону бекитγγ жѳнγндѳ» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 14-декабрындагы № 678 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 30-майы № 301

 

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомунун редакциясына ылайык)

"Коркунучтуу өндүрүш объекттеринин өнөр жай коопсуздугу жөнүндө", "Өнөр жайда колдонулуучу жарылчу материалдар жөнүндө" жана "Көмүр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Өнөр жай коопсуздугу жаатындагы уруксат берүүчү документтерди кароо жана берүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 401 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев