Загрузка документа…
КР Ѳкмѳтγнγн
2015-жылдын 2-марты № 87 токтомуна ылайык
кγчγн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 27-майы № 289
2013-2014-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине ылайык, электр жана жылуулук энергиясын, жаратылыш газын керектөөнүн негизсиз өсүшүнө жол бербөө, бюджеттик мекемелерге жана уюмдарга электр жана жылуулук энергиясына, жаратылыш газына, сууга акы төлөөгө бөлүнүүчү бюджеттик каражаттарды үнөмдүү жана сарамжалдуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызмат көрсөтүүнүн бул түрлөрү боюнча жабдуучулар менен контракттарды түзгөн бюджеттик уюмдар үчүн 2013-2014-жылдарга электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун тиркелген лимити бекитилсин.
2. Мамлекеттик органдар бир жумалык мөөнөттө:
- бул токтом менен белгиленген электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун жылдык лимитин ведомстволук бөлүмдөр боюнча бөлүштүрүшсүн;
- электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн лимитин белгиленген тартипте ведомстволук мекемелерге кабарлашсын;
- белгиленген лимитти көргөзүү менен ведомстволук мекемелердин толук аталган тизмегин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жана тиешелүү электр, жылуулук, газ менен жабдуу ишканаларына, ошондой эле "Бишкек суу каналы" өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына беришсин.
3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча), жергиликтүү мамлекеттик администрациялар бул токтомдун 2-пунктунда белгиленген тартипте электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бөлүштүрсүн жана жергиликтүү бюджеттен каржылануучу бюджеттик уюмдарга кабарлашсын.
4. Бюджеттик уюмдар:
- электр жана жылуулук энергиясын жана газды, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун белгиленген лимитин милдеттүү түрдө сакташсын;
- бюджеттик эмес керектөөчүлөрдүн энергия системасына кошулуу жана бюджеттик эмес уюмдардын жылуулук жана электр энергиясы боюнча чыгымдарын бюджеттик каражаттардын эсебинен тындыруу фактыларына жол беришпесин.
5. Бул токтомдун 2, 3 жана 4-пункттарын бузуулар үчүн жеке жоопкерчиликти тийиштүү органдардын жана уюмдардын жетекчилерине жүктөө белгиленсин.
6. Бюджеттик уюмдарды электр, жылуулук энергиясы, жаратылыш газы жана суу менен жабдууну камсыз кылуучу электр, жылуулук, газ менен жабдуучу ишканаларга, "Бишкек суу каналы" өндүрүштүк-эксплуатациялык ишканасына төмөнкүлөр сунушталсын:
- министрликтер, мамлекеттик комитет, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана башка мамлекеттик органдар тарабынан берилген ведомстволук жана аймактык бөлүмдөрдүн, уюмдардын жана мекемелердин тизмектеринин негизинде электр, жылуулук энергиясынын, газдын, суунун иш жүзүндө керектелүүсү жөнүндө отчетторду түзүү үчүн ведомстволук таандыктыгына ылайык бюджеттик керектөөчүлөрдүн тизмесин белгиленген тартипте жаңылоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция менен биргеликте белгиленген лимиттен ашып кеткен учурда электр, жылуулук, газ, суу менен жабдууда чектөөлөрдү киргизүү.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 7-августундагы № 316 "2007-2008-жылдарга бюджеттик пайдалануучулар үчүн жылуулук, электр энергиясын, жаратылыш газын, сууну пайдалануунун жана ыплас сууларды кабыл алуунун лимиттерин бекитүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-февралындагы № 127 "Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн жылуулук, электр энергияларын жана жаратылыш газын керектөөнүн 2009-жылга карата лимитин бекитүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 9-июлундагы № 123 "Бюджеттик уюмдар үчүн 2010-жылга жылуулук, электр энергиясын жана жаратылыш газын пайдалануу лимитин бекитүү жөнүндө" токтому;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы № 414 "2011-2012-жылдарга Кыргыз Республикасынын бюджеттик уюмдары үчүн электр, жылуулук энергиясын, жаратылыш газын, сууну керектөөнүн жана суу агындыларын чыгаруунун лимитин бекитүү жөнүндө" токтому.
8. Бул токтом 2013-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай жана отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 289 токтому менен бекитилген
|