ТоктомКүчүн жоготту

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 318 «Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө» токтому

Редакция
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-июну № 318

Мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-12, 17-беренелерине ылайык, мамлекеттик материалдык резервден алынган товардык насыялар үчүн карызын акча каражаттары менен төлөшкөн зайымчылар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүгө байланышкан маселелерди жөнгө салуу максатында, ошондой эле 2011-жылга республикалык бюджетти түзүү жана аткаруу аудитинин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жазма буйругун аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пунктунун үчүнчү абзацындагы "тиркелүүчү Тизме боюнча" деген сөздөр алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 627 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункту "жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-ноябрындагы № 559 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик резервине 2007-жылдын буудай данынын түшүмүн сактоого коюу жөнүндө" токтому күчүнө кирген күндөн баштап колдонула баштайт" деген сөздөр менен толукталсын.".

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев