Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-мартындагы № 169 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326, 2015-жылдын 3-апрели № 193 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Эмгек акылары жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүүтартиби
Тиркеме-1. 1975-1996-жылдардагы мезгилде (жылдар боюнча) Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук архивдик мекемесинин маалыматы боюнча Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун камсыздандырылган адамдарына (тармактар жана кесиптер боюнча) биринчи ирет берилген бухгалтердик документтер боюнча жылдык орточо эмгек акысы жөнүндө маалыматтар
Тиркеме-2. Маалымкат
Тиркеме-3. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун _____________райондук, шаардык башкармалыгы боюнча Базар-Коргон районунун жашоочусуна пенсияны чектөөдө эске алынуучу эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө берилген маалыматты каттоо
1. Жалпы жоболор
1. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун архивдик мекемесинин административдик имаратында 2010-жылдагы июнь окуяларындагы өрттүн натыйжасында өздүк иштери, эмгек китепчелери, ошондой эле эмгек акылары жөнүндө маалыматтарды камтыган документтери күйүп кеткен Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургундарына ушул Жобого ылайык пенсия чектелет.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 326 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эмгек акылары жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүү тартиби
2. Тийиштүү негиздер боюнча пенсия чектөөгө укугу бар Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну (мындан ары - арыз ээси) пенсияга укуктуу болгондон тартып каалаган убакта пенсия чектөө жөнүндө арыз менен жашаган жери боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун региондук органына (мындан ары - Соцфонддун региондук органы) пенсия дайындоо жана кайра эсептөө, пенсия бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү үчүн керектүү документтерди тиркөө менен кайрыла алат.
3. Арыз ээсинде 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен иштеген каалаган 60 ай үчүн эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматтары (маалымкаттары) жок болуп, иш берүүчүлөр же Базар-Коргон районунун мамлекеттик архив мекемеси тарабынан аларды берүүгө мүмкүн болбосо, 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен иштеген каалаган 60 ай үчүн эмгек акы (кирешеси) жөнүндө маалымат Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун камсыздандырылган адамдарынын ошондой кесип боюнча эмгек акысынын (кирешенин) жана баштапкы бухгалтердик документтер боюнча иштеген мезгилинин же Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитетинин Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун орточо эмгек акы жөнүндө маалыматтары боюнча 1981-жылдан тартып 1996-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө калыбына келтирилет (1-тиркеме).
Колхозчунун эмгек китепчелеринде эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө өз убагында киргизилген жана мөөр менен күбөлөндүрүлгөн жазуулары бар жамааттык чарбанын (колхоздун) мурдагы жумушчулары үчүн пенсия эсептөөгө эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө ушул маалыматтар кабыл алынат.
4. Арыз ээси Соцфонддун региондук органына кайрылса, пенсиялык бөлүмдүн адиси ал тапшырган документтерин текшерип көрүп:
- 1996-жылдын 1-январына чейин иштеген мезгилин аныктайт;
- 1-тиркемеге ылайык каалаган катары менен 60 ай үчүн эмгек акы (кирешеси) жөнүндө маалыматтарды (маалымкатты) алууга мүмкүн болуучу мезгилин аныктайт;
- эмгек акыга түзөтүү коэффициенттерин колдонуу менен орточо бир айлык эмгек акысынын кыйла пайдалуу вариантын аныктайт жана 60 ай үчүн эмгек акы (кирешеси) жөнүндө маалымкатты 2-тиркемеге ылайык тариздейт. Эскертүүдө орточо бир айлык эмгек акынын өлчөмүн аныктоо мисалы көрсөтүлгөн.
5. Соцфонддун региондук органынын пенсиялык бөлүмүнүн адиси арыз ээсинин эмгек ишин эске алуу менен 1-тиркемеге ылайык тиешелүү мезгилден катары менен 5 жыл (60 ай) ичиндеги эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалыматты киргизүү менен маалымкат тариздейт (3-тиркеме).
6. Таризделген маалымкатка Соцфонддун региондук органынын жетекчисинин колу коюлат жана гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт, ошондой эле Эмгек акы (киреше) жөнүндө маалыматтарды каттоо журналында арыз берүүчү пенсия чектөө үчүн берген 5 жыл ичиндеги суммаларды көрсөтүү менен жазылат (4-тиркеме).
7. Эмгек акысы жөнүндө маалыматтарды калыбына келтирүүдө келип чыккан талаш маселелер райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлүнөн, Соцфонддун региондук органынын жетекчисинен, райондук финансы башкармалыгынын кызматкеринен, райондук архив мекемесинин кызматкеринен, райондук эмгек, ишке орноштуруу жана миграция башкармалыгынын кызматкеринен турган комиссия тарабынан чечилет, макулдашууга келишпеген учурда арыз ээси соттук тартипте чечет.
Эскертүү:
Мисалы: пенсия чектелүүгө укуктуу 1949-жылдын 14-февралында туулган Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун тургуну А.А.Турдуев Соцфонддун региондук органына 2011-жылдын 17-октябрында кайрылды жана 1996-жылдын 1-январына чейин катары менен иштеген каалаган 60 ай үчүн эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалымкаттан (маалымкаттан) тышкары бардык документтерди тапшырды.
Соцфонддун региондук органынын пенсия бөлүмүнүн адиси А.А.Турдуевдин документтерин карап чыгып, ал Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөндөн жана Ош педагогикалык институтун 1977-жылы бүтүргөндөн азыркы убакка чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин системасында (Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Базар-Коргон айылынын орто мектебинде) биология мугалими болуп иштеген. Андан соң 1-тиркемеге ылайык Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун архивдик мекемесинен алынган окшош кесиптер жана иштеген мезгили боюнча маалыматтардан (7-беттен) 1977-жылдан тартып 1996-жылга чейинки биология мугалиминин жылдык кирешесинин өлчөмүн аныктайт, бул жерде 1992-жылга чейинки жылдык кирешелер рубль менен, ал эми 1993-жылдан тартып кирешелери сом менен берилген (2898, 2618, 2692, 2678, 3096, 3082, 3328, 3052, 2645, 2939, 3021, 2993, 2967, 2484, 3330, 23778, 866, 5246 жана 5487). Бул мезгилдердин кыйла пайдалуу мезгили 1980-1984-жылдар, бул боюнча орточо бир айлык эмгек акы 4148,7 сомду түзөт. Эсептөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча Соцфонддун региондук органынын пенсия бөлүмүнүн адиси А.А.Турдуевдин 60 ай ичиндеги эмгек акысы (кирешеси) жөнүндө маалымкатты тариздейт (эсептер 3-тиркемеде келтирилген).
Тиркеме-1
┌─────────┬───────┬───────┬───────┬────────┬────────┬────────┬────────┐
│ Кызматы │ 1975 │ 1976 │ 1977 │ 1978 │ 1979 │ 1980 │ 1981 │
│ ├───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ │суммасы│суммасы│суммасы│суммасы │суммасы │суммасы │суммасы │
├─────────┼───────┼───────┼───────┼────────┼────────┼────────┼────────┤
│ 1 │ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │
└─────────┴───────┴───────┴───────┴────────┴────────┴────────┴────────┘
┌─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┐
│ 1982 │ 1983 │ 1984 │ 1985 │ 1986 │ 1987 │ 1988 │
├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │
├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ 9 │ 10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │
└─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘
┌─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┬─────────┐
│ 1989 │ 1990 │ 1991 │ 1992 │ 1993 │ 1994 │ 1995 │
├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │ суммасы │
├─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┼─────────┤
│ 16 │ 17 │ 18 │ 19 │ 20 │ 21 │ 22 │
└─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┴─────────┘
Кыргыз ССРинин Айыл чарба министрлигинин Ноокен агродепартаментинин (мурунку Айыл чарба башкармалыгы) жумушчуларынын жана кызматкерлеринин орточо жылдык эмгек акысы жөнүндө МААЛЫМАТ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
КР Юстиция Министрилигинин архивинде сакталат
Тиркеме-2
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-апрелиндеги № 193 токтомунун редакциясына ылайык)
Тиркеме-3
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун ___________________
райондук, шаардык башкармалыгы боюнча Базар-Коргон районунун
жашоочусуна пенсияны чектөөдө эске алынуучу эмгек акысы
(кирешеси) жөнүндө берилген маалыматты каттоо
ЖУРНАЛЫ - ЖУРНАЛ
регистрации справок по сведениям о заработной плате (доходе)
для назначения пенсии, выданных жителю Базар-Коргонского
района по _________________________ районному, городскому
управлению Социального фонда Кыргызской Республики
┌─┬───────────────┬────────┬──────────────────────────────────────────┐
│№│Фамилиясы, аты,│Берилген│ 1996-жылга чейинки мезгилдеги удаасы │
│ │ атасынын аты │ датасы │менен 60 айдагы (5 жылдагы) маалыматтары -│
│ │ Фамилия, имя, │ Дата │ Сведения за 60 месяцев (5 лет) │
│ │ отчество │ выдачи │ подряд до 1996 года │
├─┼───────────────┼────────┼─────┬───────┬─────┬───────┬─────┬────────┤
│ │ │ │ жыл │суммасы│ жыл │суммасы│ жыл │суммасы │
│ │ │ │ год │ сумма │ год │ сумма │ год │ сумма │
├─┼───────────────┼────────┼─────┼───────┼─────┼───────┼─────┼────────┤
│1│ 2 │ 3 │ 4 │ 5 │ 6 │ 7 │ 8 │ 9 │
├─┼───────────────┼────────┼─────┼───────┼─────┼───────┼─────┼────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└─┴───────────────┴────────┴─────┴───────┴─────┴───────┴─────┴────────┘
┌────────────────────────┬───────────────────────┬────────────────────┐
│ 1996-жылга чейинки │Аныктаманы берген адис │Аныктаманы алгандык │
│мезгилдеги удаасы менен │ жөнүндө маалымат - │ жөнүндө белги - │
│ 60 айдагы (5 жылдагы) │Сведение о специалисте,│Отметка о получении │
│ маалыматтары - │ выдавшем справку │ справки │
│Сведения за 60 месяцев │ │ │
│ (5 лет) подряд │ │ │
│ до 1996 года │ │ │
├───┬───────┬────┬───────┼─────────────┬─────────┼──────────┬─────────┤
│жыл│суммасы│жыл │суммасы│ Фамилиясы, │Кызматы -│Аныктаманы│Фамилиясы│
│год│ сумма │год │ сумма │аты, атасынын│Должность│ алгандын │аты жөнү │
│ │ │ │ │ аты - │ │ колу - │ - │
│ │ │ │ │фамилия, имя,│ │ Подпись │Фамилия, │
│ │ │ │ │ отчество │ │получателя│инициалы │
│ │ │ │ │ │ │ справки │ │
├───┼───────┼────┼───────┼─────────────┼─────────┼──────────┼─────────┤
│10 │ 11 │ 12 │ 13 │ 14 │ 15 │ 16 │ 17 │
├───┼───────┼────┼───────┼─────────────┼─────────┼──────────┼─────────┤
│ │ │ │ │ │ │ │ │
└───┴───────┴────┴───────┴─────────────┴─────────┴──────────┴─────────┘