Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 13-июну № 348
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына 2013-жылы жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө убактылуу ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
"Ички иштер органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жетекчиликке алып, жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын өз убагында техникалык кароодон өткөрүүнү камсыздоо, ишкердик иштер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматына 2013-жылдын аягына чейин жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын акы төлөөнүн негизинде техникалык кароодон өткөрүүгө убактылуу ыйгарым укук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматы техникалык кароодон өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 "Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунда белгиленген жол-жоболорду жетекчиликке алсын.
3. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча диагностикалык борборлордун ыйгарым укуктары тийиштүү аймактарда тейлөө аккредиттелген учурдан тартып аккредиттелген диагностикалык борборлорго өтөөрү менен жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол-кайгуул кызматынын ыйгарым укуктары токтотулаары белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти" деген Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткарууга багытталган толук чараларды көрсүн.
5. Бул токтом кол коюлгай күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |