Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-майындагы № 239 токтому менен бекитилген
|
Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-июлу № 443, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 , 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартибин белгилеген ченемдик укуктук акты болуп саналат.
2. Транспорт каражаттарын техникалык кароо "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык аккредиттелген диагностикалык борборлордо жүргүзүлөт.
3. Техникалык кароонун негизги милдети тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга транспорт каражаттарынын конструкцияларынын шайкештигине контроль жүргүзүү болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
4. Диагностикалык борборлор жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Интернет тарамдарына, техникалык кароо пункттарындагы таанышуу үчүн ыңгайлуу жерлерге техникалык кароо пункттарынын иш режими, техникалык кароодон өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн өлчөмдөрү ушул Жобонун 5-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги жөнүндө маалыматтарды жайгаштырууну камсыз кылат.
2. Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби
5. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн юридикалык жана жеке жактар, транспорт каражаттарынын ээлери (мындан ары - эксплуатант):
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн диагностикалык борборлорду тандоого укуктуу;
- диагностикалык борборго өтүнмө берет;
- транспорт каражаттарын алып келишет;
- эксплуатанттын ким экендигин ырастаган документти, юстиция органдарында катталгандыгы жөнүндө күбөлүктү (юридикалык жактар үчүн) жана транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктү көрсөтүшөт;
- транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүү боюнча иштин наркын диагностикалык борбордун бааларынын прейскурантына ылайык төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Автомобиль шассисинде атайын транспорт каражаттары (автокрандар, гидрокөтөргүчтөр жана башка механизмдердин түрлөрү), ошондой эле кооптуу жүктөрдү ташыган автотранспорт каражаттары балансында турган эксплуатант техникалык кароодон өткөрүүнүн алдында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын бөлүмдөрүндө көтөрүүчү жана башка түзүлүштөрдүн коопсуздугуна карата атайын техникалык каражаттарды текшерүүдөн өткөрүүгө милдеттүү, автомобилдердин шассисине орнотулган механизмдердин андан ары пайдаланууга жарактуулугу жөнүндө маалымкат алгандан кийин, аларды техникалык кароого берет.
7. Техникалык кароодон өткөрүүдө диагностикалык борбор:
- транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүгө өтүнмөнү кабыл алат;
- эксплуатантка транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө маалымдайт;
- эксплуатантка транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү боюнча ишке белгиленген тартипте бекитилген бааларынын прейскурантын берет;
- шассинин жана кузовдун заводдук номерлеринин автомобилдин өңүнүн транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келишин текшерет;
- атайын каражаттарда жарык жана үн сигналдарынын жайгашуусун текшерет;
- транспорт каражатын тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга шайкештигин текшерет;
- техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттарын каттоону жүргүзөт;
- транспорт каражаттарын техникалык кароонун ар бир жол-жобосу транспорт каражатын техникалык кароо диагностикалык картасына киргизет.
Транспорт каражаттарын техникалык кароонун диагностикалык картасы төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- юридикалык жактын аты-жөнүн же аталышын, транспорт каражатынын тибин, моделин, чыгарылган жылын, каттоо жөнүндө күбөлүктүн сериясын жана номерин, кузовунун номерин көрсөтүү менен эксплуатант жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражаттарынын параметрлеринин тийиштүү техникалык регламенттерде белгиленген талаптарга шайкештиги же шайкеш келбестиги жөнүндө маалыматтарды;
- транспорт каражаттарынын коопсуздук талаптарына шайкеш же шайкеш келбей тургандыгы жөнүндө корутундуну;
- эксперт жөнүндө маалыматтарды, аларга аты-жөнү, күнү, колу жана мөөр кирет.
Диагностикалык карта эки нускада таризделет: диагностикалык картанын бир нускасы арыз ээсине берилет, экинчи нускасы диагностикалык борбордо сакталат.
Транспорт каражаттарын техникалык кароонун диагностикалык картасы үч жыл сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
7-1. Диагностикалык борбор транспорт каражаттарын техникалык кароо процедурасын фото жана видеофиксация жүргүзөт жана техникалык кароонун жыйынтыгы оң болсо, анын жыйынтыгы жөнүндө онлайн режиминде техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизет.
Техникалык кароонун жыйынтыгы терс болгон учурда, техникалык кароо жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына киргизилбейт.
фото жана видеофиксация материалдары техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасынын маалымат базасынын серверинде 3 жыл сакталат.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
8. Чиркегичтердин жана жарым чиркегичтердин техникалык абалы автопоездин курамында да, ажыратылган абалда да текшерилет (сүйрөөчү-чиркелүүчү түзүлүштөрдүн оң экендигин контролдоо үчүн).
9. Диагностикалык борбор каттоо маалыматтарында айырмачылыктарды, транспорт каражаттарын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү жазуудан шассинин (раманын) же кузовдун заводдук номерлеринин жасалмасын аныктаган учурда, жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга билдирет жана техникалык кароодон өткөрүүдөн баш тартат.
10. Бир транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрүүнүн узактыгы классификациясына жараша он беш мүнөттөн алтымыш мүнөткө чейин болушу керек.
11. Диагностикалык картада көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын техникалык кароонун жыйынтыгы оң болсо, транспорт каражатынын эксплуатантына техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө эксперттин колу жана диагностикалык борбордун мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, ушул Жобонун тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү талон берилет, анын графалары кол же машинкага басуу ыкмасы менен мамлекеттик же расмий тилде толтурулат.
Талондордун бланктары так отчёттуулук бланкы болуп саналат, жеке катар номери болот жана аккредитациялоо боюнча органдын аккредитацияланган диагностикалык борбору тарабынан берилет. Диагностикалык борборлор квартал сайын аккредитациялоо боюнча органга берилген жана бузулган төлөмдөр жөнүндө отчёт берүүгө тийиш.
(Абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Талаптардын бирине гана жооп бербеген транспорт каражаты техникалык кароодон өткөн жок деп эсептелет.
Диагностикалык борбор тийиштүү техникалык регламенттер менен белгиленген талаптарга шайкеш келбестигин көрсөтүү менен, транспорт каражатын ээсине кайтарып берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
13. Техникалык кароодон өткөн күндөн тартып 15 календарлык күндөн кечиктирбестен, аныкталган бузук жерлер оңдолгондон кийин транспорт каражатынын эксплуатанты аны кайрадан техникалык кароодон өткөрүү үчүн берет.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
14. Транспорт каражатын кайрадан техникалык кароодон өткөрүү биринчи техникалык кароодон өткөн диагностикалык борбордо же башка диагностикалык борбордо өткөрүлөт.
15. Диагностикалык борбордо транспорт каражатын кайрадан техникалык кароодон өткөрүү белгиленген критерийлерге жооп бербеген жана бул тууралуу техникалык кароо диагностикалык картасында көрсөтүлгөн гана позициялар боюнча жүргүзүлөт.
Мындай учурда диагностикалык борбор кайрадан текшерилген гана позицияларга акы алат.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443 токтомунун редакциясына ылайык)
16. Техникалык кароонун жыйынтыгы боюнча диагностикалык борбор онлайн режиминде техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына техникалык кароодон өткөн транспорт каражаттары жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды киргизет:
- транспорт каражатынын маркасы;
- мамлекеттик номери;
- кузовунун жана шассинин номери;
- чыгарылган жылы;
- техникалык кароодон өткөн датасы;
- эксплуатант жөнүндө маалыматтар (юридикалык жактын аты-жөнү же аталышы);
- техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкынын типографиялык номери.
"Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланган бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык система техникалык жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
16-1. Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон жоголуп кетсе, транспорт каражатынын эксплуатанты техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу жоголгон талондун ордуна талондун жупнускасын берүү жөнүндө арызы менен диагностикалык борборго кайрылат
Диагностикалык борбор, техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасы боюнча арыз ээсинин транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгүнө ынангандан кийин, эксплуатант арыз берген учурдан тартып бир күндүн ичинде, транспорт каражатын техникалык кароодон өткөрбөстөн эле техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасын берүүнү ишке ашырат.
Техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасы техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасында көрсөтүлгөн техникалык кароодон өткөн дата көрсөтүлүү менен берилет.
Эксплуатант техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө жоголгон талондун ордуна техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун жупнускасын бергендиги үчүн техникалык кароонун диагностикалык борборуна бланк продукциясынын наркынын өлчөмүн төлөйт.
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
17. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүдө диагностикалык борбор менен пикир келишпестиктер пайда болгон учурда, эксплуатант эки күндүн ичинде диагностикалык борбордун апелляциялык комиссиясына же диагностикалык борборду аккредиттеген аккредитация боюнча органга диагностикалык борбордун мыйзамсыз иш аракеттерине даттануу же апелляция менен кайрылат.
Апелляциялык комиссия диагностикалык борбор тарабынан түзүлөт, анын курамына аккредитация органынын, транспортту мамлекеттик башкаруу органынын же транспорт маселелерин тейлеген жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана транспорт уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү кирет.
Апелляциялык комиссия эксплуатанттан келип түшкөн арызды беш жумуш күндүн ичинде карайт жана ага чечим чыгарылган учурдан тартып эки күндүн ичинде чыгарылган чечим жөнүндө билдирет.
Апелляциялык комиссия төмөнкү чечимдердин бирин чыгарат:
- апелляцияны четке кагуу жөнүндө;
- апелляцияны негиздүү деп таануу жөнүндө.
Апелляция негиздүү деп таанылган учурда, диагностикалык борбор транспорт каражаттарын техникалык кароодон ушул Жободо белгиленген тартипте өткөрүүгө тийиш.
Эксплуатант апелляциялык комиссиянын чечимине же диагностикалык борбордун иш-аракеттерине соттук тартипте даттана алат.
18. Диагностикалык борбор "Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү жол-жоболорунун тууралыгына жана сакталышына жоопкерчилик тартат.
19. Кыргыз Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүчү диагностикалык борборлор төмөнкүлөр менен жабдылышы керек:
- транспорт каражаттарын техникалык кароону милдеттүү түрдө фото жана видеофиксациялоочу атайын техникалык каражаттар менен;
- "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы менен интеграцияланган техникалык кароонун бирдиктүү автоматташтырылган маалыматтык системасына онлайн режиминде жүргүзүлгөн техникалык кароонун жыйынтыгы жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн техникалык каражаттар менен.
(КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтомунун редакциясына ылайык)
Көңүл буруңуздар! КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-ноябрындагы № 621 токтому менен киргизилген өзгөртүүлөр, токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он сегиз ай өткөндөн кийин күчүнө кире
Тиркеме
Транспорт каражатынын техникалык кароодон өткөндүгү жөнүндө талондун СҮРӨТТӨМӨСҮ ЖАНА ҮЛГҮСҮ
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-июлундагы № 443, 2016-жылдын 27-декабрындагы № 704 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талондун бланкы (мындан ары - бланк) 73 мм х 105 мм өлчөмдөгү тик бурчтуу формага ээ жана 250 г/кв.м, тыгыздыктагы, төрт боёктуу мөөр басылган тогнир торчосу түрүндөгү көрүнүктүү коргоо элементи менен боз түстөгү кагаздан жасалат.
Бланктын алдыңкы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый бланктын ортоңку бөлүгүнө диаметри 13 мм болгон Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү жайгаштырылат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтүнө жарыш, оң жак бурчунда бланкка "KGZ" аббревиатурасынын сүрөтү менен үчтөн кем эмес коргоо даражасы бар голографиялык марка чапталат.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин жана голографиялык марканын сүрөтүнөн ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде бланктын аталышы жана жети цифрадан турган анын катар номери жайгаштырылат:
"Техникалык кароодон өткөндүгү тууралуу талон /№ 000000/ Талон о прохождении технического осмотра".
Бланктын аталышынан ылдый типографиялык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Ээси (аты-жөнү)/Владелец
Маркасы (үлгүсү)/Марка (модель)
Мамлекеттик номери/Государственный номер
Чыккан жылы/Год выпуска
Аккредитация аттестатынын номери/Номер аттестата аккредитации/№".
Бланктын арткы бетин сүрөттөө.
Бланктын жогорку бөлүгүнө майда шрифт менен мамлекеттик жана расмий тилдерде "КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА" деген жазуу жайгаштырылат.
Бул жазуудан ылдый басмаканалык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылат:
"Шассинин жана кузовдун номерлери/Номера кузова и шасси
Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү/Дата прохождения технического осмотра и срок действия".
Аталган тексттен ылдый төрт мамычадан жана эки саптан турган таблица жайгаштырылат.
Жогорку саптын мамычасында басмаканалык ыкма менен аткарылган мамлекеттик жана расмий тилдерде төмөнкүдөй текст жайгаштырылган:
"Айы/жылы Месяц/год
Колдонуу мөөнөтү/Срок действия
Мөөр/Печать
Кол тамгасы/Подпись".
Бланктын алдыңкы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ
Ээси (аты-жөнү) _______________________________________________________ Владелец Маркасы (үлгүсү) ______________________________________________________ (Марка (модель)) Мамлекеттик номери ___________________________________________________ Государственный номер Чыккан жылы _________________________________________________________ Год выпуска Аккредитация аттестатынын номери № ____________________________________ Номер аттестата аккредитации |
Бланктын арткы бети (үлгү)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ КЫРГЫЗСКАЯ РЕСПУБЛИКА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ Шассинин жана кузовдун номерлери _______________________________________ Номера кузова и шасси Техникалык кароодон өткөн датасы жана колдонуу мөөнөтү Дата прохождения технического осмотра и срок действия
|