Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 1-февралындагы № 63 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 28-июну № 389
2013-жылы Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн өз убагында жана уюшкандыкта жыйнап алуу боюнча чаралар жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
Республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө өстүрүлгөн дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн оптималдуу агротехникалык мөөнөттө убагында жыйнап алуусу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын сакталышын жана жогорку сапаттуу айыл чарба продукциясынын алынышын камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги жана анын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара байланышта иштешүү менен:
- региондордо өстүрүлгөн дан жана башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо башталганга чейин баардык оруп-жыйноочу, ташуучу, салмак өлчөөчү жана үрөн тазалоочу техникалардын ремонту бүтүрүлүшүн камсыздашсын, ошондой эле жаңы түшүмдү кабыл алуу жана тазалоо үчүн кырмандарды жана кампа жайларды даярдашсын;
- өстүрүлгөн түшүмдү жыйноодо иштей турган баардык оруп-жыйноочу, ташуучу жана башка айыл чарбалык техникаларды ремонттоо боюнча механикалык устаканалардын, кырмандардын, ошондой эле техникалык тейлөө кызматтарынын жана алардын базасында түзүлгөн машиналык-технологиялык станциялардын иштөөсү үчүн "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Жалал-Абад электр" жана "Ош электр" ачык акционердик коомдору менен макулдашуу боюнча электр энергияны үзгүлтүксүз берүү маселесин чечишсин;
- кылкандуу дан эгиндеринин бышып жетилүү мөөнөттөрүн эске алуу менен дан жыйноочу комбайндардын ар бир район жана айылдык аймак боюнча жүрүүсүнүн маршруттук схемаларын иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- дан жыйноочу комбайндарды натыйжалуу пайдалануу жана кылкандуу дан эгиндерин тез арада оруп-жыюу максатында аларды республиканын башка региондорунан келишимдин негизинде ишке тартышсын;
- сугат жерлерди натыйжалуу пайдалануу жана кошумча киреше алуу максатында Баткен, Жалал-Абад, Ош, Чуй облустарынын баардык сугат жерлеринде эрте жетилүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүн жыйнап алгандан кийин айыл чарба өсүмдүктөрүнүн экинчи түшүмүн өстүрүү сунушталсын;
- кылкандуу дан өсүмдүктөрдүн, пахтанын жана көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрүнүн жыл сайын болуп жаткан тартыштыгын толуктоо жана ошондой эле алардын сатык баасын арзандатуу максатында үрөнчүлүк чарбаларга жана башка чарбакер субъекттерге үрөндүк максатта пайдалануу үчүн айдоо аянттарды кошумча бөлүп берүү маселесин чечишсин:
а) күздүк жана жазгы буудайдын, ошондой эле жаздык арпанын үрөнү үчүн - республиканын бардык региондорунда;
б) пахтанын үрөнү үчүн - Ош жана Жалал-Абад облустарынын пахта айдоочу райондорунда;
в) беденин үрөнү үчүн - Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынын өрөөндүү аймактарында;
г) эспарцеттин үрөнү үчүн - Ысык-Көл, Нарын, Талас облустарында;
- күздүк жана жаздык буудайдын, жаздык арпанын, пахтанын, беденин жана эспарцеттин үрөндөрүнө кошумча бөлүнүп берилген айдоолордо жыйналган үрөндүк түшүмдү себүү кондициясына жеткирүү, мамлекеттик үрөн инспекциялары берүүчү тийиштүү сорттук жана себүү боюнча документтерин тариздөө менен талаа инспекциясынын жүргүзүлүшүн камсыздашсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Техникалык жана экологиялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция оруп-жыйноочу техниканын, ташуучу каражаттардын, ошондой эле кырмандардын жана айыл чарбалык продукция сакталуучу жана кайра иштетилүүчү башка жайлардын өрткө каршы каражаттар жана жабдуулар менен камсыздалышын көзөмөлдөсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, баардык райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары, райондук агрардык өнүктүрүү башкармаларынын жетекчилери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте баардык үрөн чарбаларда 2014-жылы күздүк себүүдө оптималдуу агротехникалык мөөнөттө пайдалануу үчүн жалпысынан 3,0 (үч) миң тонна көлөмдө күздүк буудайдын үрөнү өтмө фондго салынышын контролдошсун.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 16-июлундагы N 349-б буйругуна ылайык ачылган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебиндеги акча каражатынын эсебинен ата мекендик айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн 2013-жылдын түшүмүнөн 20,0 (жыйырма) миң тонна аштык буудайды Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги республиканын облустары жана райондору боюнча аныктаган квотасы боюнча сатып алсын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн техника түрүндө 10 жыл мөөнөткө берилген кредиттерден башка бюджеттик ссудалар, Япониянын Өкмөтүнүн гранттарынын линиясы боюнча чет өлкөлүк кредиттер боюнча карыздарын жоюунун эсебинен аштык буудайдын данын камдоого уруксат берилсин;
- нан жасоо өндүрүшү үчүн 3-класстын талаптарына жооп берүүчү, клейковинасы 21 пайыздан кем эмес аштык буудайды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги белгилеген баалар боюнча сатып алууга жана камдоого уруксат берилсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары менен бирдикте аштык буудайдын данын камдоо жана кийин жооптуу сактоочу ишканаларга которуу үчүн: Нарын облусу жана Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо району боюнча - Нарын шаарында, Ысык-Көл облусу боюнча - Каракол шаарында, Талас облусу боюнча - Манас районунун Покровка айылында убактылуу пункттарды уюштурсун;
- мамлекеттик карыз каражаттары боюнча береселерин жоюунун эсебинде аштык буудай өткөргөн чарбакер субъекттердин береселерин азайтуу боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн 2013-жылдын 31-декабрына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фонд менен жыйынтыктоочу актыга белгиленген тартипте кол койсун;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр 2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилдеги мамлекеттик карыз каражаттарын төлөөнүн эсебинде өткөрүшкөн аштык буудай үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондго 21,0 (жыйырма бир) млн. сом суммада акыны 2013-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын эсебинен төлөсүн;
- мамлекеттик материалдык резервдин ченемдерден ашыкча товардык-материалдык баалуулуктарын жана карызды төлөө эсебине келип түшкөн мүлктү сатуудан алынган акча каражаттары мамлекеттик материалдык резервдин товардык-материалдык баалуулуктарын сатып алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебине түшүрсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун депозиттик эсебиндеги акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчетту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ай сайын берсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 478 токтомунун редакциясына ылайык)
5. "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коомуна нан жасоо өндүрүшү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдөн 2013-жылдын түшүмүнөн алынган, 3-класстын талаптарына жооп берүүчү, клейковинасы 21 пайыздан кем эмес аштык буудайды 5 (беш) миң тоннага чейин (өз каражатынын эсебинен) сатып алуу сунушталсын.
6. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- аштык буудайдын данын камдоо жана кийин жооптуу сактоочу ишканаларга которуу максатында убактылуу пункттарды ачуу жана кармоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик материалдык резервдер фондун "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттын чегинде каржыласын;
- айылдык товар өндүрүүчүлөр 2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилдеги мамлекеттик карыз каражаттарды төлөөнүн эсебинде өткөрүшкөн аштык буудай үчүн карызды төлөө максатында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Экономиканы өнүктүрүү боюнча мамлекеттик фондду 21,0 (жыйырма бир) млн. сом суммада 2013-жылдын республикалык бюджетинде каралган каражаттын эсебинен каржыласын;
- "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна айылдык товар өндүрүүчүлөр 2006-жылдан 2009-жылга чейинки мезгилдеги мамлекеттик карыз каражаттарды төлөөнүн эсебинде өткөрүшкөн аштык буудай үчүн 21,0 (жыйырма бир) млн. сом суммада кошумча каражат караштырсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 2013-жылдын түшүмүнөн алынган, 3-класстын талаптарына жооп берүүчү, клейковинасы 21 пайыздан кем эмес аштык буудайды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатып алышы жана "Кыргыз агроөнөр жай азык-түлүк корпорациясы" ачык акционердик коому камдашы үчүн сатык бааларды тез арада, айылдык товар өндүрүүчүлөрүнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен белгилесин.
8. Өстүрүлгөн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо ишин үзгүлтүккө учуратпоо үчүн Кыргыз Республикасынын Нефти соодалоочулар ассоциациясы республиканын облустарындагы жана райондорундагы май куюучу станцияларда жана нефти базаларда күйүүчү-майлоочу материалдарды, айрыкча дизелдик отунду топтоо сунушталсын.
9. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасына төмөндөгүлөр сунушталсын:
- Чүй жана Талас облустарындагы айылдык товар өндүрүүчүлөр өстүрүшкөн кант кызылчаны кабыл алуу пункттарынан иштетүүчү пункттарга чейин жеткирүү үчүн "Кайыңды-Кант" ачык акционердик коомунун арызынын негизинде керектүү сандагы вагондорду бөлүп берүү;
- 2013-жылдын түшүмүнөн алынган кант кызылчаны кабыл алуу жана ташуу мезгилине жүк ташуучу вагондордун жүктөө жана жүктү түшүрүү учурунда туруп калган убактыларына экономикалык негизделген ченемдерди белгилөө.
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-ноябрындагы № 771 "Мамлекеттик карыз каражаттар боюнча береселерин төлөөнүн шарттарын өзгөртүү менен Кыргыз Республикасынын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин.
11. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
12. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |