КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 1-июлу № 390
Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
"Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана экология бөлүмүнө тапшырылсын.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев
|