Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 390 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоолор жөнүндө ЖОБО
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорго жана мамлекеттик каттоолорго тиешелүү эрежени жана тартипти белгилейт жана пестициддерди иштеп чыгуучулар, катталуучулар, ошондой эле илимий изилдөө мекемелери жана сыноолор системасына кирген башка уюмдар үчүн негизги документ болуп саналат.
2. Пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүүнү жана мамлекеттик каттоону уюштурууну Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Өсүмдүктөрдү коргоо жана химиялаштыруу департаменти (мындан ары - Департамент) Кыргыз Республикасынын "Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын пестициддерди колдонууну жөнгө салуучу башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүргүзөт.
3. Департамент ишти аткаруу бийлигинин тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары менен бирге уюштурат.
4. Каттоо процесси төмөнкү негизги этаптарды камтыйт:
- ушул Жобого ылайык даярдалган каттоочунун арызынын экспертизасы;
- каттоо үчүн сыноолор (пестицидди пайдалануунун биологиялык регламенттерин, гигиеналык ченемдерин, санитардык ченемдерин жана эрежелерин белгилөө, пайдалануу регламентин экологиялык баалоо);
- каттоо үчүн сыноолордун жыйынтыгына экспертизаны уюштуруу жана жүргүзүү;
- катталуучуну мамлекеттик каттоо жана пестицидди же агрохимикатты мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү;
- пестицидди же агрохимикатты Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын атайын каталогуна киргизүү.
41. Каттоо процессинин жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону уюштурууну ишке ашыруучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органынын расмий веб-порталы (электрондук система) аркылуу пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду жана мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн арыз берүүгө жол берилет.
Электрондук арыз кагаз жүзүндөгү арызга теңештирилет жана ушул Жободо белгиленген материалдардын бардык зарыл болгон электрондук көчүрмөлөрүн камтууга тийиш. Арыздын берилгендигин ырастоо жана аны карап чыгуунун жүрүшү жөнүндө кабарлоо катталуучуга веб-порталдагы (электрондук системадагы) жеке кабинет аркылуу жиберилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык).
5. Бекитилген жобо тиешелүү техникалык регламенттер күчүнө киргенге чейин колдонулат.
2. Терминдер жана аныктамалар
Бул Жободо төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:
агрохимикаттар - жер семирткичтер топурактын химиялык мелиоранттары, өсүмдүктөрдү азыктандырууга, топурактын асылдуулугун жөнгө салууга жана жаныбарларды кошумча азыктандырууга арналган азыктык кошумчалар;
өсүмдүктөрдү коргоо үчүн биологиялык препарат - таасир этүүчү зат микроорганизм же анын жашоосунун продуктусу болгон препарат;
вегетациялык мезгил - конкреттүү айыл чарба өсүмдүгүнүн эгилген убагынан бышканга чейинки мезгили;
зыяндуу организмдер - топуракка, өсүмдүккө жана айыл чарба продукциясына терс таасирин тийгизүүчү өсүмдүктөрдүн зыянкечтери, илдеттери жана отоо чөптөр;
пестициддерди мамлекеттик каттоо - препараттарды биологиялык, токсикологиялык, гигиеналык жана экологиялык баалоону аяктоочу процедура, анын жыйынтыгы боюнча жеке жана юридикалык жактарга пестицидди өндүрүү, ташып келүү, соодалоо, колдонуу жана жарнамалоо укугуна каттоо күбөлүгү берилет;
таасир этүүчү зат - пестициддин препараттык формадагы биологиялык активдүү бөлүгү;
тыюу салынган пестицид - мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл, айлана-чөйрөнү коргоо органдарынын корутундуларынын негизинде Департамент пайдалануунун бардык түрлөрүнө тыюу салган же каттоого арыздарды четке каккан препарат;
өсүмдүктөрдү коргоо - прикладдык биологиянын зыяндуу организмдерден болуучу жоготуудан сактоочу жана алдын алуучу теориялык негиздерди жана ыкмаларды иштеп чыгуучу бөлүмү, ошондой эле айыл чарбалык өндүрүштүн ал Методдорду колдонуучу бөлүмү;
аралаш пестицид - курамында эки же андан көп таасир этүүчү заттар болгон препарат;
пестициддин керектөө өлчөмү - иштетилүүчү аянттын бирдигине карата пестициддин салмагы (гектарга килограмм же литр);
жалпы кабыл алынган аталыш - Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм же стандартташтыруу, метрология жана сертификация боюнча улуттук уюм тарабынан пестициддин таасир этүүчү затына тектик (топтук) же жекече (таасир этүүчү конкреттүү зат үчүн гана) сапатта колдонуу үчүн ыйгарылган аталыш;
пестициддин опурталдуулугу - адамга жана айлана-чөйрөгө терс таасир этүү мүмкүндүгү;
тажрыйбалык үлгү - каттоо үчүн сыноолорго арналган, лабораторияда жана талаадагы майда аянттарда себүүгө жетиштүү сандагы пестицид;
пестициддин калдыгынын саны - өсүмдүк продукциясындагы жана айлана-чөйрөнүн объектилериндеги химиялык заттардын канча экендигинин сандык көрсөткүчү, алардын адамга жана жаныбарларга коопсуздугу ушунун жардамы менен аныкталат;
айырмалоочу (соодалык) аты - пестицидди өндүрүүчү тарабынан аталган пестицид этикеткаланган, катталган жана жарнамаланган жана курамында ошол эле таасир этүүчү зат бар башка пестициддерден айырмалоо максатында өндүрүүчү гана пайдалануусу мүмкүн болгон аталыш;
пестициддин коопсуздугунун паспорту - пестициддин мүнөздөмөсү жана аны колдонуудагы коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар жөнүндө маалыматты камтыган документ;
пестициддер - өсүмдүктөрдүн зыянкечтерине, илдеттерине, отоо чөптөргө, сактоодогу айыл чарбалык продукциянын зыянкечтерине, тиричиликтеги зыянкечтерге жана жаныбарлардын сырткы мителерине каршы күрөшүүдө, ошондой эле өсүмдүктүн өсүүсүн жөнгө салуу, түшүм жыйнаар алдында жалбыракты түшүрүү (дефолианттар), өсүмдүктү жыйнаар алдында кургатуу (десиканттар) үчүн пайдаланылуучу химиялык, биологиялык жана башка заттар;
чектелген түрдө пайдаланылуучу пестициддер - колдонуунун айрым түрлөрүнө гана уруксат берилген препараттар;
кайрадан каттоо - каттоо күбөлүгүнүн жарактуулук мөөнөтү өткөндөн кийин пестицидди кошумча сыноосуз кайрадан каттоо;
препараттык форма - физикалык-химиялык касиеттерине, уулуулугуна, арналышына жана пайдалануу ыкмасына жараша пестицидди колдонуунун формасы (эмульсиялык концентраттар, суспензиялык концентраттар, гранулданган, микрокапсулданган препараттар, нымдаштырылуучу порошоктор ж.б.);
пестициддерди жана агрохимикаттарды сыноонун протоколу - сыноолордун жыйынтыктарын жана сыноолорго тийиштүү башка маалыматтарды камтыган, тийиштүү тармакта аккредитацияланган лабораториялар берүүчү расмий документ;
катталуучу (арыз ээси) - пестицидди же агрохимикатты каттоо үчүн арыз берген юридикалык жак же жеке адам;
каттоо процесси - пестицидди мамлекеттик каттоо алдындагы жол-жоболорду жүргүзүүнүн тартиби, ал өзүнө төмөнкү негизги этаптарды камтыйт: каттоочунун арызын экспертизалоо, каттоо үчүн сыноолор, пайдалануу регламенттерин экологиялык жана санитардык-гигиеналык баалоо, пестицидди каттоо үчүн материалдарды даярдоо;
пестициддерди каттоо үчүн сыноо - пестициддердин биологиялык жана чарбалык натыйжалуулугун, адам жана айлана-чөйрө үчүн кооптуулугун изилдөөнүн регламенттештирилген системасы;
пестициддерди колдонуунун регламенти - пестициддерди колдонуунун шарттарына жана тартибине карата милдеттүү талап;
тобокел - пестицидди конкреттүү шартта пайдалангандагы ыктымалдуу опурталынын даражасы;
пестициддерди каттоо үчүн сыноонун жыйынтыгын экспертизалоо - мамлекеттик экологиялык экспертизанын, токсикологиялык гигиеналык экспертизанын, пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу регламенттерине экспертизанын корутундуларына жана өткөрүлгөн каттоо үчүн сыноолордун жыйынтыктары боюнча отчетторго анализ, мында арыз ээсине аларды колдонуу регламенттерин көрсөтүү менен пестицидди мамлекеттик каттоо сунушталган же мындай сунуштан негиздүү түрдө баш тартылган эксперттик корутунду берилет;
эталондук пестицид - катталган жана өндүрүштө кеңири колдонулган, сыналып жаткан пестицидге арналышы жана химиялык группасы жагынан окшош болгон пестицид.
3. Пестициддерди каттоо үчүн сыноолор
7. Пестициддерди каттоо үчүн сыноолор адамдардын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө натыйжалуулукту жана коопсуздукту камсыздаган пайдалануу регламенттерин иштеп чыгуу жана текшерүү максатында жүргүзүлөт.
8. Каттоо сыноолорун өткөрүүнү департамент уюштурат.
Үстүдөгү вегетациялык сезондо каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүдө арыз 30-мартка чейин берилет.
9. Каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүнүн милдеттүү шарттары болуп пестицидди каттоо үчүн сыноолордун планына киргизүү эсептелет.
10. Департамент пестицидди каттоо үчүн сыноолордун планына киргизет жана зарыл болсо катталуучуну каттоо үчүн сыноо өткөрүүгө ал үчүн илимий жана материалдык-техникалык жактан камсыз болгон, тийиштүү багыттагы жана квалификациядагы адистери бар мекемелерге кайрылууга сунуш берет. Ал эми продукциядагы пестициддин калдык санын, таасир этүүчү заттын пайыздык санын, сыналуучу препараттын шайкештигин жана гигиеналык ченемдерин ырастоо үчүн илимий изилдөөчү лабораторияларга жана тийиштүү тармакта аккредитациясы бар башка мекемелерге кайрылууну сунуштайт.
11. Таасир этүүчү заты өзгөчө уулуу, ошондой эле тыюу салынган препараттардын курамына кирген пестициддерди каттоо үчүн арыздар кабыл алынбайт. Кыргыз Республикасынын патенттери менен корголгон таасир этүүчү заттары бар пестициддерди, ошондой эле Кыргыз Республикасында жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигиндеги жана Европа союзундагы (мындан ары - ЕС) өлкөлөрдүн көпчүлүгүндө мурда катталгандардан орчундуу айырмаланган, сарптоо ченеми азайтылган сыноого берилип жаткан пестициддерди ошол эле өсүмдүктөргө жана ошол эле зыяндуу организмдерге каршы сыноого берилген арыздар кабыл алынбайт.
12. Каттоо үчүн сыноолорду өткөрүүгө арыз катталуучу тарабынан департаментке берилет жана пестициддин же агрохимикатты пайдалануу (колдонуу) регламенттерин көрсөтүү менен каттоо үчүн сыноолордун программасын камтыйт. Пестицидди каттоо үчүн сыноонун программасын департамент бекитет жана ал пестицидден каттоо үчүн сыноолорду өткөрүүгө керек болгон сандагы үлгүсүн Кыргыз Республикасына алып келүүгө негиз болот.
Арызга тиркелүүчүлөр:
- пестицидге кыскача досье;
- арыз берилген пестициддин өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде болушунун ченемдери;
- арыз берилген пестициддин өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде калуучу санын аныктоонун ыкмалары.
13. Эгерде материалдарда кээ бир пункттар боюнча маалыматтар жок же жетишсиз болсо, Департамент бул тууралуу катталуучуга кабар берет, экспертизаны аяктоо үчүн катталуучу жетишпеген материалдарды Департаментке жөнөтүүсү керек.
14. Каттоого сыноолорду өткөрүү үчүн катталуучу берүүчүлөр:
- пестициддин тажрыйбалык үлгүсү;
- эталон пестицид;
- таасир этүүчү заттын аналитикалык стандарты жана зарыл болсо метаболиттердин талаалык жана лабораториялык тажрыйбаларды жүргүзүү үчүн жетиштүү сандагы аналитикалык стандарттары.
Сыноо жүргүзүлүүчү жерге каттоо үчүн сыноону өткөрүүгө керектүү сандагы пестицидди жеткирүү катталуучунун эсебинен ишке ашырылат.
15. Каттоо үчүн сыноолордун пестициддерди пайдалануунун биологиялык регламенттерин иштеп чыгуу бөлүгү айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү зоналарында, зыяндуу организмдердин өзгөчөлүктөрүн (муундардын санын, патогендүүлүгүн, туруктуулугун, экономикалык маанисин, таралуу ареалын) эске алуу менен жүргүзүлөт.
Каттоо үчүн сыноолор (пестициддер үчүн) өсүмдүккө жана зыяндуу организмдерге жараша 1-3-кыртыштык-климаттык зоналарда өткөрүлөт.
16. Сыналуучу пестициддердин өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде калуучу санын, ошондой эле препараттын зыянсыздануу динамикасын аныктоо алардын биологиялык жана чарбалык натыйжалуулугуна баалоо жүргүзүлгөн ошол эле зоналарда жана ошол эле тажрыйбаларда ишке ашырылат.
17. Каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүнүн мөөнөтү 12-24 айды (1-2 вегетациялык мезгилди) түзөт, мында:
- пайдалануу (колдонуу) чөйрөсүн кеңейткенде; рецептурасын өзгөрткөндө; препараттык формасын жана таасир этүүчү заттын пайыздык санын өзгөрткөндө; өндүрүүчү алмашканда; аналогдорун сынаганда; аралашма препараттарда; мурда катталган препараттардын курамындагы таасир этүүчү заттары бар пестициддерге - 12 ай (1 толук вегетациялык мезгил);
- таасир этүүчү жаңы заттары бар пестициддер үчүн - 24 ай (2 толук вегетациялык мезгил).
Зарыл болсо каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүү мөөнөтү 1 жылга узартылышы мүмкүн.
Сыноолордун узактыгы каттоо үчүн берилген ар бир препарат боюнча белгиленет жана келишим менен аныкталат.
18. Аткаруучу уюмдардын пестициддерди каттоо боюнча сыноонун жыйынтыктары жөнүндө отчеттору ушул Жобонун 1-тиркемесине ылайык берилет, анда сыноонун жалпыланган натыйжалары конкреттүү жыйынтыкталат, пестицидди каттоо мүмкүндүгү, колдонуу жана чектөө регламенттери жөнүндө так сунуштар, ошондой эле терс натыйжа берүүчү кошумча таасирлери айтылат.
19. Эгерде Кыргыз Республикасында жүргүзүлгөн каттоо үчүн сыноолордун жыйынтыктары ушундай эле климаттык тилкелердеги башка өлкөлөрдө жасалган ошол сыяктуу изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына каршы болуп чыкса, мындай учурда кайрадан сыноо жүргүзүлөт.
20. Пестицидди каттоо үчүн сыноолор катталуучунун каражатынын эсебинен жүргүзүлөт.
21. Көргөзмө тажрыйбалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 704 токтому менен бекитилген "2011-2019-жылдарга Кыргыз Республикасында колдонууга уруксат берилген пестициддердин жана агрохимикаттардын тиркелген мамлекеттик каталогунда" көрсөтүлгөн катталган пестициддер менен гана пайдалануу регламенти боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.
22. Пестициддердин каттоо үчүн сыноонун жыйынтыгына экспертиза өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- аткаруу бийлигинин айлана-чөйрөнү коргоо тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органы жүргүзгөн пестициддердин жана агрохимикаттардын мамлекеттик экологиялык экспертизасын;
- аткаруу бийлигинин мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тармагындагы атайын ыйгарым укуктуу органы жүргүзгөн токсикологиялык-гигиеналык экспертизаны;
- аткаруу бийлигинин пестициддерге жана агрохимикаттарга мамлекеттик каттоону уюштуруучу атайын ыйгарым укуктуу органы тарабынан уюштурулган пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу регламентинин экспертизасын.
4. Пестициддерди жана агрохимикаттарды мамлекеттик каттоо
23. Пестициддер жана агрохимикаттар Кыргыз Республикасынын аймагында аларга каттоо үчүн сыноонун натыйжасына экспертизанын оң жыйынтыгы болгондо жана мамлекеттик каттоодон өткөрүлгөндөн кийин гана колдонулат.
24. Мамлекеттик каттоо үчүн төмөнкүлөр иштелип чыккан пестициддер гана кабыл алынат:
- пайдалануу (колдонуу) регламенти;
- пестициддердин өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде калдык санынын болуу ченемдери;
- пестициддердин өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде калуучу санын аныктоонун ыкмалары.
25. Пестициддерди мамлекеттик каттоо үчүн катталуучу төмөнкү документтерди мамлекеттик же расмий тилде берүүсү керек:
- каттоо үчүн арыз, 2 нускада;
- пестицидди каттоо үчүн сыноонун жыйынтыктары, 1-тиркемеге ылайык, 2 нускада;
- пестицидди каттоо үчүн арызга тиркелүүчү материалдар, ушул Жобонун 2 жана 3-тиркемелерине ылайык, 2 нускада, ошондой эле электрондук вариантта;
- пестицидди колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүдө - 2-тиркеменин 1 жана 2-главаларына ылайык;
- пестициддин соодалык аталышы жана өндүрүүчүсү өзгөргөндө 2-тиркеменин 1-главасына жана 3-главасынын 3-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларына ылайык;
- пестициддин препараттык формасы өзгөргөндө - 2-тиркеменин 1 жана 2-главаларына, 3-главасынын 3-пунктуна, 4-главасынын 2, 3-пункттарына, 4, 5-тиркемелерине;
- лицензиялык макулдашуу боюнча КМШ жана ЕС өлкөлөрүндө өндүрүлгөн жана курамында белгилүү таасир этүүчү заттар бар пестициддер үчүн 2-тиркеменин 1, 2-главаларына, 3-главанын 3-пунктунун 1, 2-пунктчаларына жана 4-тиркемеге ылайык;
- курамында белгилүү таасир этүүчү заттары бар аралашма пестицид үчүн - 2-тиркеменин 1, 2-главаларына, 3-главанын 3-пунктуна 4-главанын 2, 3-пунктчаларына, 4 жана 5-тиркемелерге ылайык;
- катталуучу препараттык форманы өзгөрткөндө өзгөрүлгөн титр менен микроорганизмдердин негизиндеги пестициддер (микробиологиялык препараттар) үчүн - 2-тиркеменин 9-главасынын 1, 5, 6-пункттарына, 4, 5-тиркемелерге ылайык.
КМШда жана ЕСда катталбаган, бирок Эл аралык маалыматнаамаларга киргизилген, курамында белгисиз жаңы таасир этүүчү зат бар пестицид үчүн - 2-тиркеменин 1, 2, 3-главаларына, 4-главанын 1, 2, 3-пункттарына, 5-8-главаларына, 4, 5-тиркемелерге ылайык;
- курамында белгисиз жаңы зат бар, КМШ жана ЕС өлкөлөрүнүн аймагында өндүрүлгөн пестицид үчүн - 2-тиркеменин 1, 2, 3-главаларына, 4-главанын 1, 2, 3-пункттарына, 5-8-главаларына, 4, 5-тиркемелерге ылайык;
- жаңы микробиологиялык препарат үчүн - ушул Жобонун 2-тиркемесинин 9-главасынын 1-6-пункттарына, 5-главасына, 4, 5-тиркемелерге ылайык.
26. Өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде пестициддин калдык санын аныктоо ыкмалары.
27. Өсүмдүк продукцияда жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде пестициддин болуусунун ченемдери (өсүмдүк продукцияда пестициддин максимум уруксат берилген деңгээли, санитардык-тиричиликтик маанидеги сууларда пестициддин жол берилген эң жогорку концентрациясы, жумушчу зонанын абасында пестициддин жол берилген эң жогорку концентрациясы, жумушчу зонанын абасында жана атмосфералык абада пестициддин таасир этүүсүнүн болжолдуу коопсуз деңгээли, пестициддин топурактагы жол берилген эң жогорку концентрациясы).
28. Таранын этикеткасы ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык келүүгө тийиш.
29. Ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык пестицидди колдонуу боюнча сунуштар.
Илимий изилдөөчү жана экспертизага катышкан башка мекемелердеги, ошондой эле мамлекеттик мекемелердеги пестициддин материалдары ачыкка чыгарылбайт.
30. Бир пестициддин материалдарын экспертизалоонун жалпы мөөнөтү 30 күндөн ашпоосу керек.
31.Катталган пестицидге же агрохимикатка мамлекеттик каттоо номери ыйгарылат, ал эми катталуучуга ушул Жобонун 6-тиркемесине ылайык белгиленген формадагы кагаз жана/же санариптик форматтагы каттоо күбөлүгү берилет. Каттоо жана кайра каттоо номери жана датасы атайын каталогго жазылат.
Каттоо күбөлүгүнүн түп нускасы катталуучуга берилет, көчүрмөсү Департаментте сакталат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-февралындагы № 61 токтомдорунун редакциясына ылайык).
32. Пестицидди мамлекеттик каттоонун жарактуу мөөнөтү 10 жыл, мөөнөтү өткөндөн кийин ал каттоого болгон талаптардын өзгөрүүсүн эсепке алуу менен кайрадан катталышы керек.
33. Эгерде пестициддин кооптуулугу боюнча мурда белгисиз болгон жаңы маалыматтар алынса, рецептурасы же пестицидди өндүрүү технологиясы өзгөрсө каттоо 10 жыл мөөнөткө чейин чектелүүсү же токтотулушу мүмкүн.
34. Каттоо Департамент тарабынан токтотулат.
35. Айрым учурларда пестицидге "убактылуу каттоо" статусу берилет, анын жарактуулук мөөнөтү бир же эки жыл. Убактылуу каттоо мезгилинде туруктуу каттоо үчүн керектүү болгон маалыматтар тапшырылууга тийиш.
Каттоо убагында толук маалымат берилиши мүмкүн болбогон, бирок токсикологиялык-гигиеналык касиеттери жана колдонуу чөйрөсү опурталдуулук тобокелин орчундуу эмес деп эсептөөгө мүмкүндүк берген препараттар 1 жылдан 2 жылга чейинки мөөнөткө катталуусу мүмкүн.
36. Убактылуу каттоого алынган пестицидди төмөнкү көрсөткүчтөрдөн чоң эмес аянттарга колдонууга уруксат берилет:
- ар бир аймак (облус, район) үчүн себилген (тигилген) өсүмдүктөрдүн аянтынын 15 пайызынан ашык эмес - кылкандуу дан эгиндер, дандык жүгөрү, кант кызылча үчүн;
- ар бир аймак (облус, район) үчүн себилген (тигилген) өсүмдүктөрдүн аянтынын 12 пайызынан ашык эмес - чанактуу дан өсүмдүктөрү, күн карама, тоют өсүмдүктөр, соя, жашылча жана бакча өсүмдүктөр, мөмө-жемиш өсүмдүктөр, таза кысыр аңыздар үчүн;
- облус, район үчүн өсүмдүктөрдүн себүү аянтынын 10 пайызынан ашык эмес - күрүч, зыгыр, картошка жана жүзүм үчүн;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында 10000 гектардан ашык эмес, калган баардык өсүмдүктөр үчүн.
37. Туруктуу каттоо үчүн керектүү көрсөткүчтөр жок болсо 1 же 2 жыл өткөндөн кийин убактылуу каттоо токтотулат. Бирок эгерде алынган тажрыйбалык көрсөткүчтөр жетишсиз болсо жана кошумча изилдөөлөрдү талап кылса, анда убактылуу каттоо ага рекомендация берген мекеменин сунушу боюнча бир жылдан көп эмес убакытка узартылышы мүмкүн. Убактылуу каттоону узартуу үчүн пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноонун жыйынтыктарына экспертизанын оң корутундусу керек.
38. Пестицидди мамлекеттик каттоодон баш тартууга негиз болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- ушул Жобонун 4.3-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук тапшырылбаса;
- тапшырылган документтер ушул Жобонун талаптарын бузуу менен таризделсе;
- пестицид адамдын ден соолугуна жана айлана-чөйрөгө коркунучтуулугу жөнүндө мурда белгисиз болгон маалыматтар алынса;
- каттоо үчүн сыноолорду жүргүзүүнүн методикалары бузулса;
- каттоого сунушталган пестициддин сарпталуу ченеми бирдей эле айыл чарба өсүмдүктөрүнө жана бирдей эле зыяндуу организмдерге каршы колдонгондо КМШ жана ЕС өлкөлөрүндө катталган пестициддерден маанилүү айырмалуу болсо;
- мамлекеттик экологиялык экспертизанын, токсикологиялык-гигиеналык экспертизанын, пестициддерди жана агрохимикаттарды колдонуу регламенттерине экспертизанын терс корутундулары.
5. Пестициддерди кайра каттоо
39. Мурда катталган жана каттоо мөөнөтү өткөн пестициддер кайрадан катталууга тийиш. Пестициддерди кайра каттоо кайталанган каттоо сыноолорусуз, акысыз негизде жүргүзүлөт.
40. Коркунучтуулугу же өндүрүштө колдонгондо натыйжасы жетишсиздиги жөнүндө мурда белгисиз болгон маалыматтар алынган пестициддер кайрадан каттоого алынбайт.
Катталган пестицидди өндүрүштө колдонгондо сарптоо ченеминин биологиялык натыйжалуулугу жетишсиз болсо, ошондой эле препараттык формасынын курамы жана ичиндеги компоненттери, таасир этүүчү заттын өндүрүүчүсү өзгөргөн болсо, сарптоо өлчөмүнүн натыйжалуулугун аныктоо максатында жаңыдан каттоо үчүн жана өндүрүштүк сыноолор жүргүзүлөт.
41. Пестициддерди кайрадан каттоо үчүн катталуучу төмөнкүдөй документтерди берет:
- 2 нускадагы арыз, анда пестициддин соодалык аты, өндүрүүчүсү, таасир этүүчү заты, препараттык формасы жана анын курамы, колдонуу регламенттери тастыкталат;
- мурда берилген каттоо күбөлүгүнүн түп нускасы;
- мурда берилген материалдарга кирбеген жаңы материалдар.
Кайрадан каттоого арыз жана башка документтер каттоо мөөнөтү бүткөнгө чейин 2 ай мурдатан берилет.
42. Катталуучу пестициддин химиялык курамындагы жана рецептурасындагы баардык өзгөрүүлөр жана анын коркунучтуулугу жөнүндө жаңы маалыматтар тууралуу информацияны берет.
| Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 1-тиркеме |
1. Пестицид (соодалык аталышы), препараттык формасы, каттоочу өлкө, таасир этүүчү заты (ISO боюнча), арналышы (фитосанитардык).
2. Сыноо жүргүзүлүүчү жер.
3. Өсүмдүк, сорт. Өсүмдүктөрдүн жашы, тигүү схемасы.
4. Топурак (тиби, механикалык курамы, гумустун кармалышы. рН).
5. Агротехникасы (мурда өстүрүлгөн өсүмдүк, топуракты иштетүү, себүү мөөнөтү, себүүнүн өлчөмү, катар аралыктарынын эни, айдалган өсүмдүктөрдү багуу иш-чаралары).
6. Зыяндуу организмдер (препарат кайсы зыяндуу обьекттерге каршы сыналып жатканы конкреттүү көрсөтүлөт).
7. Тажрыйбанын варианттары.
8. Тажрыйбанын түрлөрү (талаалык - майда тилкелүү, өндүрүштүк), тажрыйбалык тилкелердин аянты, кайталоолордун саны.
9. Препаратты колдонуунун мөөнөттөрү (айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жана зыяндуу организмдердин өсүү фазалары) жана препаратты колдонуунун ыкмалары (тегиз иштетүүлөр, барьердик иштетүүлөр, аз көлөмдүү чачуу, ультра аз көлөмдүү чачуу, ууландырылган жем түрүндө колдонуу, кампаларды фумигациялоо ж.б.).
10. Чачкычтын тиби, жумушчу суюктуктун сарпталуу өлчөмү.
11. Өтүп жаткан жылдагы аба ырайынын шарттарынын өзгөчөлүгү (жаан-чачындын саны, абанын температурасы жана нымдуулугу) (көп жылдык көрсөткүчтөр менен салыштырмалуу түрдө берүү).
12. Зыяндуу организмдердин эсебин алуунун методикасы.
13. Түшүмдүн эсебин алуунун методикасы.
14. Биологиялык жана чарбалык натыйжалуулук (таблица түрүндө берүү).
15. Пестициддин байкалган кошумча таасири, анын ичинде максаттуу эмес объекттерге таасири (түрлөрүн көрсөтүү), препарат менен иштегендердин терисине, дем алуу органдарына тийгизген таасирин белгилөө, башка терс натыйжалары (эгерде белгиленсе).
16. Сыналып жаткан препараттын айыл чарба продукциясында жана айлана-чөйрөнүн объектилеринде калдык санынын өлчөмү.
17. Тажрыйбанын жыйынтыгын талкуулоо, сыналып жаткан пестициддин биологиялык жана чарбалык натыйжалуулугу жөнүндө конкреттүү жыйынтыктарды.
18. Пестицидди сыналган сарптоо ченеминде каттоонун же аларды тактоо максатында каттоо үчүн сыноолорду улантуунун ылайыктуулугу, ошондой эле каттоого сунушталган препаратты колдонуу регламенти боюнча сунуштар.
Ишти аткаруучулар:
___________________________________ __________________
Аты-жөнү, кызматы, илимий даражасы, (Колу)
илимий наамы (эгерде бар болсо)
| Кыргыз Республикасында пестициддерди жана агрохимикаттарды каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 2-тиркеме |
1. Катталуучунун арызы
1. Катталуучу (аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефону, факс, Е-mail).
2. Продуктуну жана таасир этүүчү затты өндүрүүчү (аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефон, факс, Е-mail).
3. Катталуучунун Кыргыз Республикасында пестицидди каттоодо өндүрүүчүнүн атынан аракеттенүүгө уруксаты.
4. Пестициддин айырмалоочу (соодалык) аталышы.
5. Пестициддин арналышы.
6. Таасир этүүчү зат (ISO, IUPAC, № CAS боюнча):
- ISO - стандарттарды чыгаруучу эл аралык уюм;
- IUPAC - химиялык бирикмелердин аталыштарынын системасы жана жалпы эле химия илиминин баяндамасы;
- № САS - химиялык бирикмелердин, полимерлердин, нуклетоиддердин, аминокислоталардын, аралашмалардын жана куймалардын уникалдуу сандык идентификатору.
7. Таасир этүүчү заттын химиялык классы.
8. Таасир этүүчү заттын концентрациясы (г/л же г/кг менен).
9. Препараттык форма.
2. Препараттын биологиялык натыйжалуулугун, коопсуздугун
жана касиетин баалоо боюнча маалыматтар
1. Таасир этүү спектри.
2. Колдонуу чөйрөсү.
2.1. Өсүмдүктөр
2.2. Зыяндуу объекттер (латынча аталышы менен).
3. Сунуш кылынган колдонуу регламенттери.
3.1. Химиялык иштетүүнүн мөөнөтү.
3.1.2. Корголуучу өсүмдүктүн өнүгүү фазасы.
3.1.3. Зыяндуу организмдин өнүгүү фазасы (стадиясы).
3.2. Иштетүүлөрдүн саны.
3.3. Иштетүүлөрдүн ортосундагы убакыт.
4. Сунушталган сарптоо өлчөмдөрү жана колдонуу ыкмасы.
5. Сунушталган күтүү мөөнөтү (түшүм жыйнаганга чейинки күндөр).
6. Зыяндуу организмдерге таасир этүүсүнүн түрү (механизми).
6.1. Системалык.
6.2. Контакттык.
6.3. Башкача.
7. Коргоочу таасирдин мезгили.
8. Селективдүүлүк.
9. Таасир этүүнүн ылдамдыгы.
10. Башка препараттар менен айкалышуусу.
11. Биологиялык натыйжалуулук (талаалык майда аянттарда жана өндүрүштүк сыноолор).
12. Фито-уулуулугу, корголуучу айыл чарба өсүмдүгүнүн толеранттуулугу.
13. Туруктуулук пайда болуу мүмкүнчүлүгү.
14. Которуштуруп айдоодо айыл чарба өсүмдүктөрүн алмаштыруу мүмкүнчүлүгү.
15. Башка өлкөлөрдө биологиялык натыйжалуулугун жана коопсуздугун баалоонун жыйынтыктары.
16. Башка өлкөлөрдө калдык санын аныктоонун жыйынтыктары.
17. Препараттын корголуучу агроценоздун пайдалуу энтомофаунасына тийгизүүчү таасири.
3. Физикалык-химиялык касиеттери
1. Таасир этүүчү заттын физикалык-химиялык касиеттери
1. Таасир этүүчү зат (ISO, IUPAC, № CAS боюнча).
2. Түзүлүштүк формуласы (оптикалык изомерлери көрсөтүлөт).
3. Эмпирикалык формуласы.
4. Молекулалык массасы.
5. Агрегаттык абалы.
6. Түсү, жыты.
7. Буунун 20 град. Цельсия жана 40 град. Цельсия басымы.
8. Сууда эриши.
9. Органикалык эриткичтерде эриши.
10. № - октанол/суу бөлүнүү коэффициенти.
11. Эрүү температурасы.
12. Кайноо жана тоңуу температурасы.
13. Учкундоо жана от алуу температурасы.
14. 20 град. Цельсия болгон суу эритмелердеги туруктуулугу (рН 5, 7, 9).
15. Тыгыздыгы (заттын газ түрүндөгү абалында 0 град. Цельсия жана 760 мм сымап мамычасында көрсөтүлөт).
2. Техникалык продуктунун физикалык-химиялык касиеттери
1. Техникалык продуктунун тазалыгы, аралашмаларынын сапаттык жана сандык курамы.
2. Агрегаттык абалы.
3. Түсү, жыты.
4. Эрүү температурасы.
5. Учкундоо жана от алуу температурасы.
6. Тыгыздыгы (заттын газ түрүндөгү абалында 0 град. Цельсия жана 760 мм сымап мамычасында көрсөтүлөт).
7. Термо- жана фототуруктуулук.
8. Техникалык продуктунун тазалыгын аныктоочу, ошондой эле продуктунун курамын, изомерлерди, аралашмаларды ж.б. курамын аныктоого мүмкүндүк берүүчү аналитикалык ыкма.
3. Препараттык форманын физикалык-химиялык касиеттери
1. ISO, IUPAC, № CAS ылайык ар бир курамдык бөлүккө химиялык аталыш.
2. Препараттык формадагы курамдык бөлүктөрдүн функциялык мааниси жана алардын мазмуну.
3. Агрегаттык абалы.
4. Түсү. Жыты.
5. Суу эмульсиясынын же суспензиясынын туруктуулугу.
6. рН.
7. Нымдуулугу (%).
8. Илешкектик.
9. Дисперстүүлүк.
10. Тыгыздык.
11. Бөлүкчөлөрдүн көлөмү (порошоктор, гранулдар ж.у.с.).
12. Нымдашуу.
13. Учкундоо температурасы.
14. Кристаллдашуу температурасы, суукка туруктуулугу.
15. Учмалыгы.
16. Сакталып жатуу боюнча маалыматтар.
17. Коррозиялык касиеттери.
18. Аралашмалардын сандык жана сапаттык курамы.
19. Сактоодогу туруктуулугу.
4. Токсикологиялык-гигиеналык мүнөздөмөсү
1. Таасир этүүчү препараттын токсикологиялык мүнөздөмөсү
(техникалык продукт)
1. Ичке киргендеги курч мүнөздөгү уулануу (чычкандар, келемиштер) - LD50.
2. Тери аркылуу курч мүнөздөгү уулануу - LD50.
3. Дем алгандагы курч мүнөздөгү уулануу - LС50.
4. Уулантуучу таасирдин механизми (бута - органдар), күчтүү жана кайталанма интоксикациянын клиникалык пайда болуусу.
5. Терини жана былжырлуу челди дүүлүктүрүүчү таасири.
6. Тооктордун нерв клеткаларынын жай уулануусу (фосфорорганикалык пестициддер үчүн милдеттүү түрдө, башкалар үчүн - керек болгон учурда).
7. Ичке киргендеги күчтүүрөк уулануу (кумулятивдик касиеттери), кумуляциянын коэффициенттери.
8. Тери аркылуу күчтүүрөөк уулануу.
9. Сенсибилдик таасири, иммундук системанын уулануусу.
10. Кайталанма уулануу (чектүү жана натыйжалуу эмес өлчөмдөр).
11. Жаныбарлардын эки түрүнө (чычкандарга, келемиштерге) сыналуучу агентти эки жыл бою киргизүү менен аныкталуучу онкогендүүлүк, алардын жашап кетүүсү, бардык гистологиялык типтеги жана локализациядагы залалдуу жана залалсыз шишиктердин пайда болуу саны жана ылдамдыгы (биринчи шишиктин пайда болуусуна же байкалганга чейин жашаган жаныбарлардын саны) жөнүндө натыйжалык сан менен, интеркурренттик өлүмдү эсепке алып (Каплан - Мейрдин ыкмасы) аныкталуучу материалдарды берүү менен; тажрыйбалык жана тарыхый көзөмөл боюнча маалыматтар.
12. Тератогендүүлүк жана түйүлдүктүн уулануусу - түйүлдүктөгү аномалияларды жана түйүлдүк үчүн уулуулугун таап чыгууга мүмкүндүк берүүчү методикалык ыкмаларды пайдалануу.
13. Эки муун жана гонадо-уулуулук ыкмасы боюнча репродуктивдүү уулануучулук.
14. Мутагендүүлүк:
- метаболдук активдешүү жана активдештирилген эмес гендик мутацияга Эймстин тести;
- адамдын перифериялык канындагы лимфоциттердеги "i№ vitro" цитогенетикалык тести (хромосомдук аберрация);
- кемирүүчүлөрдүн чучугунун клеткаларына "i№ vitro" цитогенетикалык тест (хромосомдук аберрациялар, микроядролор).
Эймстин тестин жана сүт эмүүчүлөргө "i№ vitro" тестин кошкондо үчтөн аз эмес башка тесттерге жол берилет.
15. Сүт эмүүчүлөрдүн организминдеги метаболизм, негизги метаболиттер, алардын уулуулугу, уулануунун кинетикасы жана зарыл болсо уулануунун динамикасы.
16. Зыяндуу таасирдин лимиттик көрсөткүчтөрү.
17. Жол берилүүчү суткалык доза, адамдын денесинин салмагынын мг/кг.
18. Айлана-чөйрөнүн объектилериндеги метаболизм, анын ичинде айыл чарба өсүмдүктөрүндө.
2. Препараттык форманын токсикологнялык мүнөздөмөсү
1. Ичме курч мүнөздөгү уулануу (чычкандар, келемиштер) - LD50.
2. Тери аркылуу курч мүнөздөгү уулануу.
3. Курч мүнөздөгү ингаляциялык уулануу - LD50.
4. Терини жана былжырлуу челди дүүлүктүрүүчү таасири.
5. Ооз аркылуу күчтүүрөөк уулануу (кумулятивдик касиеттери), кумуляциянын коэффициенттери.
6. Тери аркылуу күчтүүрөөк уулануу (териге коркунучу даана көрүнгөн пестициддер үчүн).
7. Ингаляциялык күчтүүрөөк уулануу (ачык мүнөздөгү ингаляциялык коркунучту пайда кылуучу пестициддер үчүн).
8. Сенсибилдик таасири.
9. Препараттык форманын көмөкчү компоненттеринин токсикологиялык мүнөздөмөсү (толтургучтар, эмульгаторлор, стабилизаторлор, эриткичтер жана ушул сыяктуулар).
Пестициддин курамында ууландыруучу таасирди таасир этүүчү затка караганда орчундуу күчөтүүчү уулулугу маанилүү заттар бар болсо, препараттын препараттык формасын токсикологиялык баалоо боюнча маалыматтарды препараттык форманын таасир этүүчү затынын жана компоненттеринин касиеттерин, ошондой эле метаболизмди эсепке алуу менен кеңейтүүгө болот.
3. Препараттык форманын гигиеналык мүнөздөмөсү,
колдонуудагы, сактоодогу жана ташуудагы санитардык
ченемдери жана эрежелери
1. Гигиеналык ченемдери жана күтүү мөөнөттөрү.
2. Пестицидди колдонууда жумуштун гигиеналык шарттарын сарптоонун максимум өлчөмүн, санын жана колдонуунун ар түрдүү технологияларын эсепке алуу менен баалоо.
3. Колдонуудагы, сактоодогу жана ташуудагы сунушталган коопсуздук чаралары. Ишке коопсуз чыгуунун мөөнөттөрүн негиздөө.
4. Катуу ууланууларды диагноздоо жана дарылоо боюнча сунуштар, анын ичинде ууланууда алгачкы жардам көрсөтүү (антидоттор).
5. Пестициддерди зыянсыздоо боюнча сунуштар.
Таасир этүүчү жаңы заттары бар пестициддер үчүн күтүү мөөнөттөрүн аныктоо боюнча изилдөөлөр каттоого пландаштырылган ар бир айыл чарба өсүмдүгү үчүн Кыргызстандын шартында милдеттүү түрдө жүргүзүлөт. Жашылча, мөмө-жемиш, көк, бакча өсүмдүктөрүндө каттоого пландаштырылган бардык пестициддер үчүн күтүү мөөнөттөрүн аныктоо боюнча изилдөөлөр милдеттүү түрдө Кыргызстандын шартында жүргүзүлөт. Башка айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн пестициддин ажырап жок болуу динамикасы пестициддин айыл чарба продукциясындагы калдыгы жол берилүүчү максимум деңгээлден (жол берилүүчү максимум деңгээл) жана түшүм жыйноо мезгилинде кыртыштагы жол берилүүчү чектен (жол берилүүчү чектен) ашык болгон учурда изилденет. Бул изилдөөлөр кийинки талаачылык сезонунда жүргүзүлөт.
4. Пестициддердин калдык санын аныктоо боюнча
методикалык көрсөтмөлөр
1. Айыл чарба продукциясында (иштетилген продуктуларда, азык-түлүк продуктуларында, сырьедо, тоюттарда) пестициддердин калдык санын аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр.
Ыңгайлаштырылган ыкмалар колдонулат.
2. Айлана-чөйрөнүн объекттеринде (топуракта, сууда жана абада) пестициддин калдык санын аныктоо боюнча методикалык көрсөтмөлөр.
Ыңгайлаштырылган ыкмалар колдонулат.
5. Пестициддерди экологиялык-токсикологиялык баалоо
1. Пестициддин таасир этүүчү затынын (Т50 жана Т90) талаа шартындагы топуракта ажырап жок болуусунун ылдамдыгы.
2. Топуракта таасир этүүчү заттын жок болуу процессинде пайда болуучу метаболиттердин курамы жана пайыздык саны.
3. Таасир этүүчү заттын топуракта сорбциясынын/десорбциясынын көрсөткүчтөрү.
4. Таасир этүүчү заттын талаа шартында топурактагы миграциясынын көрсөткүчтөрү.
5. Таасир этүүчү заттын топурактан буулануусунун көрсөткүчтөрү (учма препараттар үчүн).
6. Пестициддин канаттуулар үчүн уулуулугу (LD50).
7. Пестициддин сөөлжандар үчүн уулуулугу (LС50).
8. Пестициддин топурактагы микроорганизмдер үчүн уулуулугу.
9. Пестициддин которуштуруп айдалуучу айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн уулуулугу жана анын өсүмдүккө өтүшү.
10. Күрүчтүн сугат системасынын элементтеринде пестициддин активдүүлүгү:
- чек (чектеги суунун катмарында жана топуракта пестициддин болушунун динамикасы);
- коллектордук-дренаждык тармак (пестициддин үстүңкү жана жер астындагы суулар менен чектен сыртка жана андан ары күрүчтүн сугат системасынын чегинен сыртка чыгуусу);
таасир этүүчү заттын суунун түбүндөгү чөкмөлөрдөгү сорбция/десорбция көрсөткүчтөрү.
1-6-пункттар боюнча маалыматтар таасир этүүчү зат боюнча, 10-пункттун 2-3-пунктчалары, 7-10-пункттар боюнча - препараттык форма боюнча көрсөтүлөт.
Эгерде пестицидде таасир этүүчү жаңы белгисиз зат бар болсо Кыргыз Республикасынын аймагында препараттын таасир этиши милдеттүү түрдө 1-пункт боюнча текшерилет. Калган пестициддер үчүн бул изилдөөлөр эгерде каттоо үчүн сынаган биринчи жылда препаратты каттоого сунушталган сарптоо өлчөмү менен колдонгондон кийин анын калдык саны санитардык-гигиеналык ченемден жогору болгон продукция алынса жүргүзүлөт. Кийинки сезондо талаа тажрыйбанын шартында пестициддин топуракта ажырап жок болуу динамикасына изилдөө жүргүзүлөт.
Эгерде пестицидди каттатуучу (арыз берүүчү) 1-10-пункттар боюнча маалыматтарды бербесе, анда изилдөөлөр КМШ өлкөлөрүнүн илимий мекемелеринде жүргүзүлөт. 10-пункт боюнча изилдөөлөр КМШ өлкөлөрүнүн аймактарында жүргүзүлөт жана пестицидди күрүчкө каттоодо берилет.
6. Пестициддердин аарычылык жана мал чарбасы үчүн
коркунучтуулугун ветеринардык-санитардык
экотоксикологиялык баалоо
Бал аарылар үчүн уулуулукту сыноочу лабораториялык изилдөөлөр (үрөндү жана көчөт материалдарды дарылоого пайдаланылуучу пестициддерге; өнүп чыкканга чейинки гербициддерге талап кылынбайт).
1. Талаа шартында пестицидцин аарылар үчүн коркунучтуулугунун классы.
2. Пестицидди аарылар үчүн коопсуз пайдалануунун жана анын таасиринен болуучу кесепеттин тобокелдигин азайтуунун сунушталган режими.
3. Кыштай турган аарылардын тоютундагы пестициддин калдык санынын МУД (максималдуу уруксат берилген деңгээли).
4. Ысык кандуу жаныбарлар жана канаттуулар үчүн пестициддин уулуулук классы жана параметри; уулуулуктун клиникалык белгилери, уулануунун симптомдору.
5. Айыл чарба жаныбарлары жана канаттуулар үчүн тоюттарда (чөп, саман, жем, мөмө тамыр) пестициддин калдык санын аныктоо ыкмалары (товардык продукция үчүн иштелип чыккан, ылайыкташтырылган ыкмалар боюнча).
6. Айыл чарба жаныбарларынын жана канаттууларынын тоюттарындагы МУД (чөп, саман, дан, мөмө тамыр) (товардык продукция үчүн иштелип чыккан ченемдер кабыл алынышы мүмкүн).
7. Айыл чарба жаныбарларынын жана канаттуулардын тоюттарындагы пестициддин калдык саны МУДдан жогору болгон учурдагы булганычтын деңгээлин азайтуу мүмкүнчүлүгү боюнча сунуштар.
4-7-пункттар тоют өсүмдүктөрүндө иш-чараларды жүргүзүүгө пайдаланылуучу пестициддер үчүн каралган.
7. Пестициддерди токсикологиялык-балык
чарбачылык баалоо
1. Суудагы пестициддин таасир этүүчү затын аныктоо ыкмасы.
2. Суунун рН 7-8 чөйрөсүндөгү пестициддин туруктуулугу (бөлүнүү убактысы - 50 жана 95%). Суудагы таасир этүүчү заттын деградациясында жаралуучу метаболиттердин курамы жана пайыздык саны.
3. Пестициддин 96 саат ичинде балыктардын 50 пайызын өлүмгө дуушарлантуучу орточо леталдык концентрациясы.
4. Пестициддин 48 саат ичинде осетрдин же балыктын башка түрлөрүнүн личинкаларынын 50 пайызын өлүмгө дуушарлантуучу орточо леталдык концентрациясы.
5. Пестициддин жана анын метаболиттеринин суудагы эрүүчүлүгү, туруктуулугу жана детоксикациясынын мөөнөттөрү.
6. Зоопланктондук организмдердин массалык формасы үчүн пестициддин уулуулугу.
7. Пестициддин балыктар үчүн уулуулугу:
- материалдык же физиологиялык кумуляцияны баалоо;
- осетрдин же балыктын башка түрлөрүнүн икраларына жана личинкаларына таасирин баалоо (жашап кетүү, өсүү, морфологиялык аномалиялар).
8. Гидробионттор үчүн мутагендик таасири (зарыл болсо).
9. Гидробионттор үчүн гонадотоксикалык таасир (зарыл болсо).
10. Иммунологиялык таасир - гидробионттор үчүн (зарыл болсо).
11. Гидробионттор үчүн канцерогендик таасир (зарыл болсо).
1-11-пункттар боюнча көрсөткүчтөр таасир этүүчү зат, техникалык продукт жана препараттык форма боюнча берилет.
8. Микробиологиялык препараттар
Активдүү ингредиенттин жана препараттык форманын курамы жана касиеттери боюнча маалыматтар (бактериялык, козу карындык, вирустук, микроспоралык препараттар, микроорганизмдердин жашоо-тиричилигинен чыккан продуктулардын негизинде).
1. Препараттык форманын штамм-продуцент касиеттери
жана мүнөздөмөсү
1. Микроорганизмдин түрдүк аталышы (латынча аталышы).
2. Штаммдын (изоляттын) номери же аталышы.
3. Штаммдын бөлүнүүсүнүн булагы.
4. Культуралык-морфологиялык жана биохимиялык касиеттери, идентификациялоо тесттери жана критерийлери (идентификация жүргүзүүчү мекеме да көрсөтүлөт).
5. Зыяндуу организмге карата патогендүүлүк же антагонизм.
6. Аталган түрдүн штаммдарынан айырмасы.
7. Микроорганизмдердин ошол эле түрүнүн башка штаммдарынын клеткаларынын жогото турган фагдарга болгон мамилеси.
8. Штаммдарды сактоо үчүн ыкма, шарттар жана чөйрөнүн курамы.
9. Микроорганизмдерди, вирустарды жана микроспоридияларды көбөйтүү үчүн ыкма, шарттар жана чөйрөнүн курамы, өстүрүлүүчү атайын сырьенун мүнөздөмөсү көрсөтүлөт.
10. Айлана-чөйрөдөгү микробдук ассоциацияларда жана биоматериалда микроорганизмди табуунун ыкмасы.
11. Штамм синтездөөчү продукт (химиялык курамы, түзүлүштүк формуласы, туруктуулугу, калдыктарды аныктоонун ыкмасы).
2. Препараттык форманын мүнөздөмөсү
1. Препараттын курамы: көмөкчү заттардын таасир этүүчү негизинин курамы жана алардын арналышы (тирүү клеткалардын же алардын жашоо-тиричилигинин продуктуларынын, вирустук денечелердин, кошулмалардын титри).
2. Агрегаттык абал.
3. Нымдашуусу.
4. Нымды кармап туруусу.
5. Башка микрофлоранын кармалуусу.
6. Таасир этүүчү негизин аныктоонун ыкмасы.
7. Сактоо шарттары жана мөөнөттөрү.
8. Жумушчу эритмелерди даярдоонун ыкмасы.
9. Кийимди, идиштерди, төгүлгөн жана чачылган препараттарды, транспорт каражаттарды жана жарабай калган препараттарды зыянсыздандыруунун ыкмасы. Керекке жарабай калган препараттарды жок кылуунун жана көмүүнүн ыкмалары.
10. Башка пестициддер менен айкалышуусу.
3. Микроорганизмдерди токснкологиялык баалоо
(бактериялар, козу карындар)
1. Бактериялардын, козу карындардын патогендүүлүгү (вируленттүүлүгү, уулуулугу, уу жаратуусу, диссеминациясы) лабораториялык жаныбарлардын эки түрүнө ичегисине, ашказанына бир жолу куюу, жогорку дем алуу жолдору жана көздүн былжырлуу чели аркылуу киргизүү менен изилденет.
2. Бир ай бою жогорку дем алуу жолдору аркылуу киргенде микроорганизмдердин иммундук системага таасири (сенсибилдик, аллергендик, иммуннотоксикалык, иммунномодуляциялык).
4. Микробдук синтездин продуктуларын
токсикологиялык баалоо
1. Ооз аркылуу курч мүнөздөгү уулануу (чычкандар, келемиштер) LD50.
2. Тери аркылуу курч мүнөздөгү уулануу - LD50.
3. Курч мүнөздөгү ингаляциялык уулануу - LС50. Катуу таасир этүүчү чеги.
4. Катуу уулангандагы клиникалык белгилер.
5. Терини жана былжырлуу челди дүүлүктүрүү таасири.
6. Ооз аркылуу күчтүүрөөк уулануу (кумулятивдик касиеттери), кумуляциянын коэффициенттери.
7. Тери аркылуу күчтүүрөөк уулануу.
8. Сенсибилдик таасири, иммундук системанын уулануусу.
9. Кайталанма уулануу (чектүү жана натыйжалуу эмес өлчөмдөр).
10. Онкогендүүлүгү (жалпылоочу баштапкы материалдар тажрыйбалык жаныбарларда абсолюттук маанидеги жана жыйынтыктык санга карата шишиктердин пайда болуусунун саны, бир жаныбардагы шишиктердин саны, бардык жерлериндеги гистологиялык типтеги шишиктердин саны жана пайда болуу убактылары, метастаздашуу, жаныбарлардын жашап кетүүсү, онкогендүүлүк тобокелинин коэффициенти, биринчи шишиктин табылган убактысы, тажрыйбалык жаныбарларды эксперименттик жана таржымалдык контролдоонун маалыматтары).
11. Тератогендүүлүк жана түйүлдүктүн уулануусу - түйүлдүктөгү аномалияларды жана түйүлдүк үчүн уулуулугун аныктоого мүмкүндүк берүүчү ыкмаларды пайдалануу менен.
12. Эки муун жана гонадо-уу ыкмасы боюнча репродуктивдик уулануу.
13. Мутагендүүлүк:
- микросоматикалык активация менен жана активациясыз гендик мутацияларга Эймстин тести;
- лабораториялык жаныбарлардагы "i№ vivo" хромосомдук аберрациялар.
- адамдын перифериялык канындагы лимфоциттер культурасындагы "i№ vitro".
Эймстин тестин кошкондо үчтөн аз эмес башка тесттер уруксат этилет.
14. Сүт эмүүчүлөрдүн организминдеги метаболизм, негизги метаболиттер, алардын уулуулугу, уулануунун кинетикасы жана зарыл болсо уулануунун динамикасы.
15. Уулуулуктун чектелген көрсөткүчү.
16. Жол берилүүчү суткалык доза (ЖБСД), адамдын денесинин салмагына мг/кг.
17. Кошумча маалыматтар.
5. Микробиологиялык препараттын препараттык формасын
токсикологиялык баалоо
1. Ооз аркылуу курч мүнөздөгү уулануу (чычкандар, келемиштер) LD50.
2. Курч мүнөздөгү ингаляциялык уулануу - LC50.
3. Териге жана былжырлуу челге дүүлүктүрүүчү жана (зарыл болсо) резорбтивдүү таасир этүү.
4. Сенсибилдик таасири.
5. Кумулятивдик касиеттери (микроорганизмдердин жашоо-тиричилигинин продуктуларынын негизиндеги препараттар үчүн).
6. Дисбактериялык таасир этүү.
7. Контаминанттык микрофлоранын курамы (вирустук жана микроспоралык препараттар үчүн) жана ысык кандуулар үчүн патогендүүлүк боюнча көрсөткүчтөр.
8. Кийинки болуучу таасирлери (уулуу препараттар үчүн), мутагендүүлүк (Эймстин тести), тератогендүүлүк.
6. Микробиологиялык препараттарды өндүрүүнүн
жана пайдалануунун гигиеналык
регламентин белгилөө
1. Гигиеналык ченемдөөлөр керек болгон учурда пестициддин калдыгынын динамикадагы санын ушул Эреженин талаптарына ылайык изилдөө.
2. Максималдуу сарптоо өлчөмдөрүн жана ар түрдүү технологияларды эсепке алуу менен препаратты колдонууда эмгек шарттарын гигиеналык баалоо. Жабык кыртышта эмгек шарттарын изилдөө ачык кыртыштын шарттарындагы эмгектин гигиенасын изилдөө боюнча материалдарга көз карандысыз жүргүзүлөт.
3. Препараттарды өндүрүүдө жана колдонууда калктын жана иштегендердин коопсуздугун камсыздоочу гигиеналык ченемдерди иштеп чыгуу зарылдыгын негиздөө жана иштеп чыгуу (зарыл болсо):
- тамак-аш продуктуларындагы МУД;
- санитардык-тиричиликтик арналыштагы суулардагы жол берилчү эң жогорку концентрация (ЭЖК);
- жумушчу зонанын абасындагы ЭЖК;
- атмосфералык абадагы таасир этүүнүн болжолдуу коопсуз деңгээли (болжолдуу коопсуз деңгээл) жана ЭЖК;
- жумушчу зонанын абасындагы болжолдуу коопсуз деңгээл;
- топурак үчүн ЭЖК (өсүмдүктөргө транслокацияга жана башка чөйрөлөргө миграцияга жөндөмдүү болгон туруктуу препараттар үчүн);
- башка препараттар үчүн топурактагы болжолдуу жол берилчү концентрация (БЖК).
Кыргыз Республикасында
пестициддерди жана агрохимикаттарды
каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана
мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого
3-тиркеме
1. Негизги маалыматтар
1. Агрохимикаттын аталышы.
2. Катталуучу (аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефон, факс, E-mail).
3. Продуктуну өндүрүүчү (аталышы, юридикалык жана иш жүзүндөгү дареги, телефон, факс, E-mail).
4. Агрохимикаттын химиялык тобу. Колдонуу тармагы, агрохимикаттын арналышы.
5. Агрохимикаттын сунушталган колдонуу регламенти:
аны колдонууну пландаштырылган өсүмдүктөр; агрохимикатты чачуунун мөөнөттөрү; чачуунун ченемдери (дозалары) жана саны; колдонуу технологиясы жана колдонуудагы коопсуздук чаралары.
6. Сапаты жана коопсуздугу тууралуу документ: коопсуздук паспорту, продукцияны сыноонун протоколдору.
7. Башка өлкөлөрдөгү каттоосу (каттоо күбөлүгүнүн номери, берилген датасы жана жарактуулук мөөнөтү, арналышы жана колдонуу регламенттери).
8. Препараттын техникалык документациясы.
(Агрохимикаттар үчүн өндүрүштүн саркынды сууларынын жана өндүрүштөгү калдыктардын тунмаларынын негизинде саркынды суулардын тунмаларына жана калдыктарга техникалык документтер берилет).
2. Агрохимикаттын токсикологиялык мүнөздөмөсү
(азык топурактан, чым көңдөн, кыктан, канаттуулардын
кыгынан сырткары)
1. Коркунучтуулук классы.
2. Адамга терс таасиринин мүнөздөмөсү.
3. Жумушчу зонанын абасындагы жол берилчү эң жогорку концентрация.
3. Агрохимикаттын гигиеналык мүнөздөмөсү
1. Агрохимикаттын айлана-чөйрөнүн объектилериндеги (топуракта, сууда, абада) таасири жөнүндө, анын ичинде агрохимикаттардын ичинде коркунучтуу метаболиттерди пайда кылуу жөндөмдүүлүгү жөнүндө маалыматтар.
2. Тамак-аш продуктулардын сапатына жана азыктык баасына таасири, анын ичинде агрохимикаттардын негизги азык элементтеринин жана алардын аралашмаларынын канча экени (оор металлдар, радионуклиддер ж.б.).
3. Азоттуу минералдык жер семирткичтерин колдонгондо айыл чарба продукциясындагы нитраттардын саны тууралуу маалыматтар.
4. Коопсуз сактоо, ташуу жана колдонуу боюнча сунуштар. Агрохимикатты колдонуунун (себүүнүн) жаңы технологиялары киргизилгенде, ошондой эле изилденбеген курамдагы агрохимикатты пайдаланганда аны өндүрүүнүн жана колдонуунун шарттарына гигиеналык баалоо жүргүзүлөт (эмгектин гигиенасы, айлана-чөйрөнүн гигиенасы).
5. Ууланганда биринчи жардам көрсөтүүнүн чаралары.
6. Агрохимикатта жана айлана-чөйрөнүн объекттеринде калдыктын санын жана уулуу аралашмаларды аныктоонун ыкмалары (зарыл болсо).
Кыргыз Республикасында
пестициддерди жана агрохимикаттарды
каттоо үчүн сыноолорду өткөрүү жана
мамлекеттик каттоо жөнүндө жобого 4-тиркеме
Пестицидди пайдалануу боюнча СУНУШТАР
1. Айырмалоочу аталышы, фирма (катталуучу).
2. Таасир этүүчү заты (ISO боюнча) же микроорганизмдин түрдүк аталышы, штаммдын же изоляттын аталышы.
3. Концентрация (г/л же г/кг) (тирүү клеткалардын же алардын жашоо-тиричилигинин продуктуларынын, вирустук денечелердин, кошулмалардын титри).
4. Препараттык форма.
5. Жумушчу эритменин арналышы, колдонуу технологиясы, сарптоо өлчөмү.
6. Башка пестициддер менен айкалышуусу.
7. Фито-уулуулугу.
8. Резистенттүүлүктүн пайда болуу мүмкүнчүлүгү.
9. Флоранын жана фаунанын пайдалуу объектилерин коргоо боюнча сунуштар.
10. Пестициддер менен иштөөдөгү коопсуздук чаралары.
11. Ууланганда биринчи жардам көрсөтүү чаралары.
12. Ташуудагы, сактоодогу жана колдонуудагы этияттык чаралары.
13. Төгүлгөн же чачылган пестицидци зыянсыздоо, препаратты жана аны салган тараны утилдөө ыкмасы.
Кыргыз Республикасында
пестициддерди жана
агрохимикаттарды каттоо
үчүн сыноолорду өткөрүү жана мамлекеттик каттоо жөнүндө
жобого
5-тиркеме
1. Айырмалоочу аталышы, фирма (катталуучу).
2. Таасир этүүчү зат (ISO боюнча) же микроорганизмдин түрдүк аталышы, штаммдын же изоляттын аталышы.
3. Таасир этүүчү заттын саны (г/л же г/кг) (тирүү клеткалардын же алардын жашоо-тиричилигинин продуктыларынын титри).
4. Препараттык форма.
5. Жумушчу эритменин арналышы, колдонуу технологиясы, сарптоо ченеми.
6. Ар бир айыл чарба өсүмдүгү үчүн күтүү мөөнөтү.
7. Чектөөлөр.
8. Уулуулугу (коркунучтуулук классы көрсөтүлөт).
9. Пестицидди сактоодогу, ташуудагы жана колдонуудагы коопсуздук чаралары. Төгүлгөн же чачылган пестицидди зыянсыздоо ыкмалары.
Таранын этикеткасында баардык пункттар боюнча маалымат болуусу керек. Дизайн регламенттештирилбейт. Эгерде бир упаковкага батырууга техникалык мүмкүнчүлүк бар болсо, анда таранын этикеткасы жана сунуштар бир документке жазылышы мүмкүн.
Кыргыз Республикасында
пестициддерди жана
агрохимикаттарды каттоо
үчүн сыноолорду өткөрүү
жана мамлекеттик каттоо
жөнүндө жобого
5-тиркеме
к Положению о регистрационных
испытаниях и государственной
регистрации пестицидов
и агрохимикатов
в Кыргызской Республике
Кыргыз Республикасынын Министерство
Айыл чарба жана мелиорация сельского хозяйства и мелиорации
Министрлиги Кыргызской Республики
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу Департамент
жана коргоо Химизации и защиты
департаменти растений
KҮБӨЛҮK
СВИДЕТЕЛЬСТВО
Группа № ____
Ушул күбөлүк берилди
Настоящее свидетельство выдано ___________________________________ _______________________________________________________________________ себеби Кыргыз Республикасында сыноо жана пестициддерди каттоо эрежесине ылайык
в том, что в соответствии с положением о регистрационных испытаниях и регистрации пестицидов в Кыргызской Республике ________________________ _______________________________________________________________________ препараттык формада
препаративной формы ___________________________________________________ таасир берүүчү зат
действующее вещество __________________________________________________ каттоо
регистрация ___________________________________________________________
Кыргыз Республикасында № _____ менен катталды _ жыл мөөнөтүндө
зарегистрирован в Кыргызской Республике за № ____ сроком на ____ лет
"__" ________ 20__-жыл
"__" ________ 20__-жыл
Бул күбөлүк көрсөтүлгөн препаратты сатып алууга милдеттендирбейт.
Данное свидетельство не является обязательством для закупки указанного препарата.
Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу жана коргоо
департаментинин директору
Директор Департамента химизации
и защиты растений
М.П.