Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 24-сентябры № 524
"Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин ишин оптималдаштыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Дин иштери боюнча ведомстволор аралык кеңешти Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш кылып кайрадан түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 499 токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жободо:
- 4-пункттагы "Администрациясы" деген сөз "Аппараты" деген сөзгө, "Коопсуздук" деген сөз "Коргоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 7-пункттун бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"- зарыл болгон учурда Координациялык кеңештин ишине мамлекеттик органдардын жетекчилерин, диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тартылган диний уюмдардын өкүлдөрүн, тийиштүү эксперттерди жана адистерди тартуу, ошондой эле анын компетенциясына кирген маселелер боюнча максаттуу жумушчу топторду түзүү;";
- 9-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттик" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Диний экстремизмге каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештин курамында:
- төртүнчү абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору - Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча)";
- төмөнкү мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара иштөө боюнча бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);";
- төмөнкү мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин статс-катчысы;";
- төмөнкү мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын эмгек, миграция жана жаштар министринин орун басары;";
- он төртүнчү абзацтагы "жана маалымат" деген сөздөр "маалымат жана туризм" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он бешинчи абзацтагы "Чек ара" деген сөз "Мамлекеттик чек ара" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жыйырма алтынчы абзацтагы "өкүлү" деген сөз "жетекчиси" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |