Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568, 2015-жылдын 1-апрели № 175 , 2018-жылдын 25-декабрындагы № 614, КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти (мындан ары - Департамент) мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ведомстволук бөлүмү болуп саналат, анын максаты санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыкты камсыздоо үчүн инфекциялык, мите жана көбүнесе инфекциялык эмес ооруларга каршы күрөшүү боюнча алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу жана аткаруу, коомдук саламаттык сактоо жагында турмушка ашырылып жаткан программалардын, долбоорлордун натыйжалуулугуна баа берүү, калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы чөйрөсүндө көзөмөлдү, товарлардын, продукциялардын, айлана-чөйрө объекттеринин коопсуздугун жана адамдын ден-соолугуна жашоо чөйрөсүнүн зыяндуу таасир факторлорунун алдын алуу шарттарын камсыздоо болуп эсептелет.
2. Департамент өзүнүн ишин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, ошондой эле ушул Жобого ылайык жүзөгө ашырат.
3. Департаменттин юридикалык дареги: 720033, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 535.
4. Департамент өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча балансы, бюджеттик, эсептешүү, депозиттик жана валюталык эсептери, гербдүү мөөрү жана башка штамптары, фирмалык бланктары жана башка реквизиттери бар.
5. Департаменттин толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти";
- расмий тилде: "Департамент профилактики заболеваний и государственного санитарно-эпидемиологического надзора Министерства здравоохранения Кыргызской Республики";
Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: КР ССМ ОАжМСЭКД;
- расмий тилде: - "ДПЗиГСЭН МЗ КР".
2. Департаменттин милдеттери жана функциялары
6. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын жана чарба жүргүзүүчү субъекттеринин ишин координациялоо;
- калктын жана иштеп жаткан адамдардын ден-соолугуна жагымсыз факторлорунун таасирин изилдөө жана баалоо;
- республиканын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу менен байланышкан илим-изилдөө иштерин уюштурууда иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо.
7. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
а) тармактык саясат чөйрөсүндө:
- коомдук саламаттык сактоо жаатында мамлекеттик саясатты турмушка ашырат;
- учурдагы муктаждыктарга баа берүүнүн жана ооруну алдын алууга адилет жетүүнүн негизинде иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоого катышат;
- алдын алуучу жана эпидемияга карты иш-чараларды уюштурат;
- коомдук саламаттык сактоо жана чыңдоо жаатында мамлекеттик, региондук, максаттуу программаларды иштеп чыгууга жана турмушка ашырууга катышат;
- коомдук саламаттык сактоону өнүктүрүү боюнча донорлордун жана эл аралык уюмдардын финансылык жана техникалык жардамын тартуу менен, коомдук ден соолук маселелери боюнча эл аралык макулдашууларды, долбоорлорду жана программаларды турмушка ашырууга катышат;
- калктын жана коомчулуктун маалыматтуулугун арттырууга, ден соолук көйгөйлөрүн чечүүгө жамааттарды тартуу стратегияларын киргизүүгө, жекече жана коомдук саламаттыкка акыл-эстүү мамилени калыптандырууга багытталган иш-чараларды жүзөгө ашырат;
- коомдук саламаттык сактоо, санитардык-эпидемиологиялык ченемдөө жана техникалык жөнгө салуу жаатында ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштөөгө жана кароого катышат;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунда кадрларды тандоону жана жайгаштырууну жүзөгө ашырат;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгы жана радиациялык коопсуздугу жаатында мамлекеттик саясатты турмушка ашырууга катышат;
б) жөнгө салуу чөйрөсүндө:
- оорулардын алдын алуу, айлана-чөйрөнүн жана адам жашаган чөйрө факторлоруна мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл маселелери боюнча мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырат;
- ооруларды диагностикалоонун бактериологиялык, мите, вирусологиялык маселелери боюнча республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын ишин координациялайт;
- лабораториялык сыноолордун заманбап методдорун киргизет;
- ден соолук үчүн коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча айлана-чөйрө объекттеринин абалына талдоо жүргүзөт;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыздоо маселелери боюнча аймактык бөлүмдөрдүн ишин контролдоону координациялайт жана ага жетекчилик кылат;
- Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыздоо боюнча чараларды аныктайт;
в) көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндө:
- мамлекеттик жана максаттуу программалардын, алдын алуучу жана эпидемияга каршы иш-чаралардын натыйжалуулугуна мониторингди, баа берүүнү, тобокелдик факторлорунун калкка таасирин талдоону жүргүзөт;
- инфекциялык, мите жана көбүнесе инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү уюштурат, республиканын аймагында тобокелдик факторлорун башкаруу боюнча сунуштарды иштеп чыгат;
- коомдук саламаттык сактоо жаатында техникалык регламенттердин жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарын аткаруу, биологиялык, химиялык, радиациялык жана башка физикалык факторлордун калктын жана иштеп жаткан адамдардын ден соолугуна мүмкүн болгон таасирин аныктоо, болжолдоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүү боюнча менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан объекттерге контролдукту жана көзөмөлдү уюштурат, жүргүзөт;
- жугуштуу жана мите ооруларынын, анын ичинде өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциянын алып келинишине жана таралышына жол бербөө боюнча иш-чаралардын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
- жапырт ууланууларды, эпидемияларды, кесиптик ооруларды, аварияларды, жаратылыш кырсыктарын, экологиялык апааттарды жана өмүргө жана калктын ден соолугуна кооптуу башка өзгөчө кырдаалдарды териштирүүгө жана жоюуга катышат;
- мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл алкагында лабораториялык экспертиза үчүн үлгүлөрдү тандоону жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык алынып келүүчү жана алынып чыгуучу продукцияларды контролдоону жүргүзөт;
- Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Бажы союзунун бажы чек арасында жана бажы аймагында санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) жана мамлекеттик каттоого алынууга тийиш болгон Товарлардын бирдиктүү тизмесине ылайык продукцияны жана заттарды мамлекеттик каттоону ишке ашырат;
- продукцияны (товарлардын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүчү (контролдонуучу) продукцияга (товарларга) карата санитардык-карантиндик контролдоону ишке ашырат жана координациялайт;
- коммуналдык-тиричилик багытындагы, тамак-аш өнөр жайы, коомдук тамактануу, соода, суу менен камсыздоо объекттерине, эмгек шарттары зыяндуу объекттерге, дарылоо-алдын алуу жана билим берүүчү уюмдарга, спорттук, туристтик, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жана жалпы эс алуучу жайларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жана контролду камсыздайт;
- Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 чечими менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тиешелүү товарларга карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарына же Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына продукциялардын жана заттардын ылайыктуулугу жөнүндө мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктү берүү менен мамлекеттик каттоо жүргүзүлөт;
- мамлекеттик катталууга тийиш болбогон тамак-аш продукцияларын өндүрүү (даярдоо) боюнча өндүрүштүк объекттерди эсепке алат жана реестрин жүргүзөт;
г) кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кызматтарды көрсөтөт;
- жугуштуу жана мите ооруларынын этиологиясын белгилейт;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан лабораторияларды аккредитациялоо жол-жоболоруна катышат;
- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк чөйрөнүн объекттеринин техникалык регламенттерине, анын ичинде Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына жана Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 "Бажы союзунда санитардык чараларды колдонуу жөнүндө" чечиминин 1-пункту менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тийиш болгон товарларга карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигине жана шайкеш эместигине санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары боюнча товарларды, жүктөрдү жана башка тышкы чөйрө объекттерин дозиметрикалык жана радиометрикалык изилдөөлөрдү жүргүзөт;
- иондоштолбогон нурлар булактарынын, айлана-чөйрөнүн жана адам жашаган чөйрөнүн башка физикалык факторлорунун таасирин изилдөөнү жүргүзөт;
- дератизациялык, дезинсекциялык жана дезинфекциялык иштерди жүргүзөт;
- жеке жана юридикалык жактардын табыштамалары жана келишимдери боюнча иштөө зонасындагы абаны изилдөөнү жүргүзөт;
- дезинфекциялоочу каражаттардын активдүүлүгүн аныктайт;
- лабораториялык изилдөөлөрдүн сапатынын тышкы жана ички контролун, ошондой эле арбитраждык лабораториялык изилдөөлөрдү (сыноолорду) жүзөгө ашырат;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгынын маселелери боюнча республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын кадрларын кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, министрликтер менен ведомстволордун адистерин окутууну, анын ичинде жумуш орундарында окутууну жүргүзөт жана аларга катышат;
- оорулардын алдын алуу, ден соолукту сактоо жана чыңдоо жагында белгиленген талаптарды сактоо боюнча декреттелген контингенттерди гигиеналык даярдоо боюнча программаларды жана сунуштарды иштеп чыгат жана аларды окутууну жүргүзөт;
- инфекциялык жана көбүнесе инфекциялык эмес оорулардын алдын алуу маселелери боюнча жеке жана юридикалык жактарга, чарба жүргүзүүчү субъекттерге жана калкка маалыматтык, консультациялык кызмат көрсөтөт;
- табыштамалар боюнча диагностикалык жана тамактандыруучу чөйрөлөрдү өндүрүүнү жүзөгө ашырат;
д) колдоо чөйрөсүндө:
- дезинфекциялоочу каражаттарга, тамактандыруучу чөйрөгө, химиялык реактивдерге, диагностикалык реагенттерге, иммунобиологиялык препараттарга, лабораториялык жабдууга, приборлорго жана башкаларга муктаждыктарды аныктайт, ведомстволук уюмдарды, республиканын башка мекемелерин жана калкын алар менен камсыз кылуу боюнча дайыма чара көрөт, товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү тендердик негизде борбордоштуруп сатып алууну жүзөгө ашырат;
- санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларын уюштуруу, анын ичинде ден соолукту сактоо жана чыңдоо боюнча лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо уюмдарына методикалык жана практикалык жардам көрсөтөт;
- менчигинин түрүнө карабастан микробиологиялык, молекулярдык-генетикалык изилдөө лабораторияларында биологиялык коопсуздукту жана биологиялык коргоону камсыз кылууну контролдойт;
- табыштамалар боюнча жана мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашырууда коопсуздук көрсөткүчтөрү боюнча продукцияны, товарларды лабораториялык изилдөөлөрдү жана сыноолорду жүргүзөт;
- коомдук саламаттык жагында маалыматтык билим берүү материалдарын иштеп чыгат, басып чыгарат жана калк арасында таратат;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча жарандардын жана юридикалык жактардын кайрылууларын, арыздарын, даттанууларын белгиленген тартипте карайт;
- жапырт инфекциялык жана инфекциялык эмес оорулардын (уулануулардын) келип чыгышы, продукцияны санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун натыйжалары жөнүндө, санитардык-эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, кызыкдар министрликтерге, ведомстволорго жана калкка ыкчам маалымдайт;
- адамдын өмүрү жана ден соолугу үчүн кооптуу инфекциялык оорулардын чыгышын жана башка өзгөчө кырдаалдарды жоюу үчүн материалдык жана башка резервдерди түзөт жана эпидемиологиялык фонддун каражаттарын максаттуу чыгымдоону камсыз кылат;
- коомдук саламаттык сактоонун көйгөйлөрүн чечүү үчүн тышкы жана ички инвестицияларды тартуу боюнча чара көрөт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-октябрындагы № 568, 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175, 2018-жылдын 25-декабрындагы № 614 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Департаменттин ыйгарым укуктары
8. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- коомдук саламаттык сактоонун өнүгүшүнүн стратегиясын, тактикасын жана негизги багыттары боюнча сунуш киргизүүгө;
- ден соолукту сактоо жана чыңдоо, оорунун алдын алуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча белгиленген тартипте мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба жүргүзүүчү субъекттер, эл аралык, донордук, өкмөттүк эмес жана башка уюмдар менен эриш-аркак аракеттенүүгө;
- аймактык бөлүмдөргө жалпы саламаттык сактоо жаатындагы техникалык регламенттердин жана башка укуктук ченемдик актыларынын талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө функцияларын ыйгарууга;
- менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан көзөмөл астындагы объекттерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузууларга бөгөт коюу боюнча чара көрүүгө;
- санитардык көрсөтмөлөрдү, эскертүүлөрдү жазып берүүгө;
- администрациялык жаза чарасын колдонууга;
- санитардык-гигиеналык, эпидемиологияга каршы эрежелерди жана ченемдерди, техникалык регламенттерди администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык администрациялык жаза колдонууга;
- материалдарды администрациялык, укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүүгө;
- аймактык борборлор үчүн жетекчи кадрлар резервин түзүүгө жана алардын квалификациясын жогорулатуу боюнча чараларды көрүүгө;
- коомдук саламаттык сактоо жана чыңдоо маселелери боюнча эл аралык уюмдар, КМШ өлкөлөрүнүн адистештирилген мекемелери жана илим-изилдөө институттары менен өз ара байланышты жүзөгө ашырууга жана КМШга катышкан мамлекеттердин аймактарын санитардык коргоо жагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга ылайык калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын камсыз кылуу жаатында мамлекеттердин өз ара маалымдоосун камсыз кылууга;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин тапшырмасы менен коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча контракттарды түзүүгө;
- региондук, республикалык жана эл аралык конференцияларды, симпозиумдарды, семинарларды уюштурууга жана аларды өткөрүүгө катышууга;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды министрликтерден, ведомстволордон жана башка мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардан, жеке жана юридикалык жактардан суратып алууга;
- жер участкаларын курулушка бөлүү, объекттерди пайдаланууга кабыл алуу, долбоордук жана техникалык документтерди экспертизалоо боюнча мамлекеттик комиссияларга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катышууга;
- өзгөчө кырдаалдар учурунда же санитардык-эпидемиологиялык жагдай татаалдаган учурларда иммунобиологиялык препараттардын, дезинфекциялоочу каражаттардын, азыктандыруучу чөйрөнүн, химиялык реактивдердин, тест-системалардын жана коомдук саламаттык сактоо уюмдарын алар менен камсыз кылуу үчүн башка каражаттар резервин түзүүгө жана сактоого;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча маалыматтык жана башка басылма материалдарды белгиленген тартипте чыгарууга, жугуштуу жана мите ооруларынын талдама баянын ай сайын чыгарууну камсыз кылууга;
- коомдук саламаттык сактоо маселелери боюнча эл аралык конференцияларды, республикалык, региондук кеңешмелерди, симпозиумдарды, съезддерди, семинарларды, конкурстарды жана башка акцияларды уюштурууга жана аларга катышууга;
- жапырт уулануунун, эпидемиянын, авариянын, жаратылыш кырсыгынын, экологиялык апааттардын жана адамдын өмүрү менен ден соолугу үчүн кооптуу болгон башка өзгөчө кырдаалдар учурунда калкты эпидемияга каршы коргоо маселелерин карай чыгуу жөнүндө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;
- көзөмөлдө турган объекттерде санитардык-эпидемиологиялык эреже бузуулар табылган учурда видеого жана фото сүрөткө тартууну пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилүүчү уюштуруу-тескөө документтерин жана отчеттуулук формаларын иштеп чыгууга жана пайдаланууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматкерлерди укуктук жана социалдык жактан коргоого.
4. Департаменттин уюштуруу иши
9. Департаментти директор жетектейт, ал Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
10. Департаменттин директорунун орун басары Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри тарабынан мыйзамдарда белгиленген тартипте кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат.
11. Департамент өз ишинде Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине отчет берет.
12. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги бекиткен башкаруу схемасына ылайык Департаменттин карамагында аймактык түзүмдөрү болот.
13. Департаменттин директору:
- ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ушул Жобого ылайык ишке ашырат, Департаментке жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн жеке жоопкерчиликтүү болот;
- Департаменттин атынан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аракеттенет, бардык уюмдарда анын атынан иш алып барат, анын мүлкүн жана каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, банктарда эсептерди ачат жана кредиттерди тескөөчү болуп саналат;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бакубаттыгын көзөмөлдөөдө, оорунун алдын алууда, ден-соолукту чыңдоо жана коргоо жаатында аймактык борборлордун иштерин уюштурууну, координациялоону, жетектөөнү жана контролдоону жүзөгө ашырат;
- Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорду бекитет, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык администрациялык укук бузуулар жөнүндө буйруктарды жана токтомдорду чыгарат;
- ушул Жобого ылайык анын кадрларынын курамын жана түзүмүн калыптандырат жана аны Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине бекитүүсүнө берет;
- директордун орун басарларынын, борборлордун жетекчилеринин, башкармалыктардын начальниктеринин, бөлүмдөрдүн жана лабораториялардын башчыларынын функциялык милдеттерин бекитет, ошондой эле алардын жоопкерчилик даражасын белгилейт;
- Департаменттин кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке алууну жана иштен бошотууну жүзөгө ашырат;
– коррупцияны алдын алуунун ички системасын түзүүгө жана иштешин камсыз кылууга жеке жоопкерчилик тартат;
- Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын республикалык уюмдарынын, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлорунун жетекчилерин ишке жалдоо жана иштен бошотуу боюнча сунуштарды киргизет;
- ведомстволук уюмдардын жетекчилеринин мыйзамдарга каршы келген чечимдерин жокко чыгарат же өзгөртөт;
- айырмаланган кызматкерлерди ардак грамоталар, Департаменттин айырмалоочу белгилери жана башка сыйлыктар менен сыйлайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кызматкерлерди Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
( КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 3-февралындагы № 54 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Финансы жана Департаменттин чарбалык иши
14. Департаменттин ишин каржылоонун негизги булактары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
- республикалык бюджет;
- жеке жана юридикалык жактардан түшкөн ыктыярдуу төлөмдөр жана кайрымдуулук каражаттары;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактар.
15. Департамент ишинде мамлекеттик менчикти, имараттарды, курулмаларды, жабдууларды, шаймандарды жана башка мүлктүк баалуулуктарды пайдаланат.
6. Корутунду жоболор
16. Департаменттин ишин кайра уюштуруу жана токтотуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
17. Департамент жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.