Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 10-июну № 319

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин ишинин функционалдык жана түзүмдүк өзгөртүүлөрүнө байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобо бекитилсин.

2. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана экспертиза департаменти жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыккан чараларды көрсүн.

5. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев