Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2014-жылдын 2-октябры № 568
Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым
укуктуу орган жөнүндө
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175, 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-августундагы № 445 “Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин 2014-жылдын 29-майындагы № 74 чечими менен бекитилген Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын жана Россия Федерациясынын Бажы союзуна Кыргыз Республикасынын кошулушу боюнча иш-чаралар планын (“жол картасын”) ишке ашырууга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн иш-чаралар планын бекитүү тууралуу” токтомун ишке ашыруу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги жаатындагы ыйгарым укуктуу орган Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 “Бажы союзунда санитардык чараларды колдонуу жөнүндө” чечиминин 1-пунктун ишке ашыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 319 “Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жөнүндө жободо:
- 7-пунктта:
- в) пунктчасы төмөнкүдөй мазмундагы тогузунчу-он биринчи абзацтар менен толукталсын:
(бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 1-апрелиндеги № 175 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- продукцияны (товарлардын) мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктөрдүн реестрин жүргүзөт;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөрүү пункттарында адамдарга, транспорт каражаттарына жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөнүүчү (контролдонуучу) продукцияга (товарларга) карата санитардык-карантиндик контролдоону ишке ашырат жана координациялайт;
- коммуналдык-тиричилик багытындагы, тамак-аш өнөр жайы, коомдук тамактануу, соода, суу менен камсыздоо объекттерине, эмгек шарттары зыяндуу объекттерге, дарылоо-алдын алуу жана билим берүүчү уюмдарга, спорттук, туристтик, оюн-зоок, ден соолукту чыңдоочу мекемелерге жана жалпы эс алуучу жайларга мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдү жана контролду камсыздайт;”;
- г) пунктчасынын бешинчи абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:
“- документтердин, имараттардын, курулмалардын, жайлардын, жабдуулардын, транспорт каражаттарынын, айлана-чөйрөнүн жана өндүрүштүк чөйрөнүн объекттеринин техникалык регламенттерине, анын ичинде Бажы союзунун техникалык регламенттеринин талаптарына жана Бажы союзунун комиссиясынын 2010-жылдын 28-майындагы № 299 “Бажы союзунда санитардык чараларды колдонуу жөнүндө” чечиминин 1-пункту менен бекитилген Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө (контролго) алынууга тийиш болгон товарларга карата бирдиктүү санитардык-эпидемиологиялык жана гигиеналык талаптарга шайкештигине жана шайкеш эместигине санитардык-эпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт;”.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 1-апрели № 175 токтомдун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
5. Ушул токтом 2016-жылдын 15-апрелинен тартып күчүнө кирет.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Дж.К. Оторбаев |