Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы бөлүк
1.1. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоого алуу Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
1.2. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоого алуу Кыргыз Республикасынын Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды улуттук каттоочусу (мындан ары - Каттоочу) Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти тарабынан потенциалдуу уулуу химиялык заттардын адамдын саламаттыгына, айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин болтурбоо жана аларды жүгүртүүнүн эсебин алуу жана жөнгө салуу, физикалык-химиялык, токсикологиялык-гигиеналык, экологиялыктоксикологиялык жана башка маалыматтарды топтоо үчүн жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
1.3 Потенциалдуу уулуу химиялык зат болуп (мындан ары - ПУХЗ) өндүрүү колдонуу, ташуу учурунда, ошондой эле тиричиликтик шарттарда адамдын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасир тийгизиши мүмкүн болгон өзүнчө зат (бирикмелер) эсептелет.
1.4. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоого бардык өзүнчө заттар (бирикмелер), анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында ёөндүрүлүүчү жана колдонулуучу, ошондой эле чет өлкөдөн алынып келүүчү аралашма продукциянын курамына кирген заттар алынууга тийиш.
II. Мамлекеттик каттоого алуунун тартиби
2.1. Потенциалдуу уулуу химиялык заттар (бирикмелер) менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттердин тапшыруусу боюнча каттоого алынат.
2.2. Каттоого алуу Каттоочунун адистери тарабынан эксперттик корутундунун негизинде жүргүзүлөт жана өзүнө билдирүү материалдарын кабыл алууну, кароону жана каттоо жөнүндө чечим кабыл алууну, мамлекеттик каттоо номерин ыйгарууну жана ПУХЗнын катталгандыгы жөнүндө билдирүүнү камтыйт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.3. Потенциалдуу уулуу химиялык заттардын мамлекеттик каттоону жүргүзүү үчүн арыз берүүчү төмөндөгүдөй документтерди тапшырат:
- потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз;
- химиялык заттар тууралуу маалыматтардын тизмеси.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2.4. Чарбакер субъект төмөнкүдөй документтерди тапшырат:
- ишкердик жүргүзгөн чарбакер субьекттин жетекчиси кол койгон кайрылуу (коштооч кат);
- потенциалдуу уулуу химиялык затты мамлекеттик каттоого керектүү маалыматтардын аныкталган тартипте толтурулган тизмеси;
- маалыматтардын тизмесин толтурууга негиз болгон материалдар;
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- арыз ээсинин мамлекеттик каттоонун материалдарын ачык басма сөздө жарыялоо мүмкүндүгү жөнүндө расмий корутундусу.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.6. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды каттоо акысыз жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.7. Каттоо материалдары бардык керектүү документтер тапшырылгандан кийин потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө арыз берүү 30 күндүн ичинде каралат.
(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2.8. Каттоо учуруна карата маалымат толук берилиши мүмкүн болбогон, бирок касиеттери жана колдонуу чөйрөсү адамга жана айлана-чөйрөгө коркунучтуу деп эсептөөгө себеп болуучу заттар каттоого алынууга тийиш.
2.9. Каттоочу каттоо номерин ыйгаргандан кийин арыз ээсине ПУХЗнын мамлекеттик каттоосу жөнүндө билдирмени жиберет Мамлекеттик каттоо номерин ыйгаруу жана каттоого алгандык жөнүндө билдирме жиберүү Каттоочунун эксперттеринин корутундусунун негизинде жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директорунун бекитүүсү менен ишке ашырылат.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
2.10. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.11. Эгер адамдын саламаттыгына жана айлана-чөйрөгө коркунуч келтирбесе, Каттоочу зат жөнүндө коммерциялык сыр болгон маалыматтын жашырындыгы сакталышын камсыздайт.
2.12. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2.13. Потенциалдуу уулуу химиялык заттарды иштетүүчү, өндүрүүчү жана колдонуучу, экспорттоочу жана импорттоочу чарбакер субъекттер потенциалдуу уулуу химиялык заттарды мамлекеттик каттоонун белгиленген тартибин бузгандык үчүн ведомстволук таандыктыгына жана менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жоопкерчилик тартышат.