Загрузка документа…
| Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 6-июнундагы № 329 токтому менен бекитилген |
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72, 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1.1. Санитардык-эпидемиологиялык гигиеналык корутундунун жыйынтыгын таануу жол-жобосу юридикалык жактардын жана жеке адамдардын арыздары боюнча ушул Тартиптин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
1.2. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине кирген мамлекеттерде жана эскпортчу өлкөлөрдө берилген санитардык-эпидемиологиялык, (гигиеналык) корутундулардын жыйынтыгын таануу аларды Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын же мекемесинин санитардык-эпидемиологиялык корутундусу түрүндө кайра тариздөө Жолу менен ишке ашырылат.
II. Санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундулардын жыйынтыгын таануу жол-жобосу
2.1. Санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундулардын жыйынтыгын Таанууга арызды юридикалык жак же жеке адам Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте аккредиттелген сыноо лабораториялары бар органдарына жана мекемелерине беришет.
2.2. Чет өлкөлүк санитардык-эпидемиологиялык, гигиеналык корутундуларды таануу жөнүндө чечимди мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аккредиттелген сыноо лабораториялары бар органдары жана мекемелери чыгарышат.
2.3. Таанууга документтер мамлекеттик же расмий тилдерде тапшырылат. Түп нусканын котормосунун тууралыгы үчүн арыз берүүчү жооптуу болот.
2.4. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органдарына же мекемелерине берүү үчүн зарыл болгон документтердин тизмесине төмөндөгүлөр кирет:
- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундунун жыйынтыктарын таанууга арыз;
- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутунду же ал корутундунун өзүн кармоочунун же корутунду берген органдын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- товар өндүрүүчү тарабынан берилген сыноолор протоколу, сапаты тууралуу күбөлүк;
- атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан (тамак-ашка биологиялык активдүү кошулмалар үчүн) продукцияга берилген каттоо күбөлүгү.
Арыз берүүчү арыздагы так эмес маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-мартындагы № 72 токтомунун редакциясына ылайык)
2.5. Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана мекемелери:
- тапшырылган документтердин тууралыгын жана билдирилип жаткан маалыматтардын толуктугун текшеришет;
- изилдөөчү продукциянын нормативдик документтери Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген талаптарга шайкештигин салыштырышат;
- ошол партиянын сакталуу шартын текшеришет жана продукциянын маркировкасын карашат;
- зарыл болсо продукцияга адамдын саламаттыгы үчүн коопсуздук Көрсөткүчтөрү боюнча тандап гигиеналык экспертиза жүргүзүшөт.
2.6. Арызды кароо жана керектүү документтерди тариздөө (Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси тарабынан санитардык-эпидемиологиялык корутундуну тариздөө, каттоо жана берүү же таануудан баш тартуу) мөөнөттөрү ырастоочу бардык документтер болгондо 2 күндөн, айрым сыноо жүргүзүлсө - 6 күндөн, ал эми тез бузулуучу продукция үчүн - жогоруда көрсөтүлгөн документтер берилген шартта 2 күндөн ашпоого тийиш.
2.7. Санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таанууга шарттар төмөнкүдөй:
- тапшырылган документтердин белгиленген талаптарга ылайык келиши;
- изилденген продукциянын анализинин жакшы чыгышы (экспертиза жүргүзүлгөн учурда);
- продукцияиы сактоо шарттарынын сакталышы.
Таанылган санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутунду жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органынын же мекемесинин корутундусуна тийиштүү жазуу жазылуу менен киргизилет.
2.8. Тапшырылган документтердин жана контролдук сыноолордун жыйынтыктарынын негизинде, продукцияны санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун жыйынтыктарын өз ара таануу жөнүндө макулдашуунун шарттарына таянып, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси санитардык-эпидемиологиялык корутундуну берүү же бербөө жөнүндө чечим чыгарат, ал юридикалык жакка же жеке адамга билдирилет. Терс чечим чыгарылганда жүйөлүү себептер көрсөтүлгөн жазуу жүзүндөгү баш тартуу таризделет жана аныкталган тартипте милдеттүү түрдө катталат.
2.9. Берилген санитардык-эпидемиологиялык корутундунун копиясы санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таанууга негиз болгон документтердин копиялары менен кошо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органынын же мекемесинин архивинде 5 жыл сакталат.
2.10. Продукциянын санитардык-эпидемиологиялык корутундусун таануу жөнүндө эл аралык келишимдерде (макулдашууларда) каралбаган санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таануу үчүн чарбакер субъект Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредитацияланган органына же мекемесине санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таанууга арызды, анын копиясын, санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутунду берүүдө жүргүзүлгөн санитардыкэпидемиологиялык экспертиза жол-жобосунун баяндамасын, нормативдик документтерди жана сыноолордун протоколунун копиясын берет.
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органы же мекемеси тапшырылган документтер текшерилгенден кийин аларды таануу же таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
2.11. Эгер юридикалык жак же жеке адам өндүрүүчү ишкананын расмий дистрибьютери же дилери болсо же өндүрүүчү менен узак мөөнөттүү контракгы бар болсо, санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таануу юридикалык жак же жеке адам менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органынын же мекемесинин ортосундагы түзүлгөн келишимдин шарттарына ылайык инспекциялык текшерүү жүргүзүү шарты менен бир жолу жүргүзүлүшү мүмкүн.
III. Аккредиттелген сыноо лабораториялары берген сыноо протоколдорун таануу
3.1. Аккредиттелген сыноо лабораториялары берген сыноо протоколдору тийиштүү эл аралык макулдашуу болгон шартта таанылат. Мында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси лабораториялык сыноо протоколуна же анын копиясына экспертиза жүргүзөт, текшерилген параметрлердин толуктугун жана жетиштүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талаптарына ылайык баалайт жана сыноо протоколун таануу же тануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.
3.2. Сыноо протоколун тануу жөнүндө чечим чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси санитардык-эпидемиологиялык корутундуну тариздейт. "Продукция шайкеш" деген бөлүмгө тийиштүү жазуу жазылат.
3.3. Сыноо протоколун таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылган учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардыкэпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси продукцияны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте санитардык-эпидемиологиялык экспертизадан өткөрүү жөнүндө чечим чыгарат.
IV. Продукцияны гигиеналык текшерүүнүн жыйынтыктарын таануудагы санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундунун жарактуулук мөөнөтү
4.1. Санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таануунун негизинде берилген санитардык-эпидемиологиялык корутундунун жарактуулук мөөнөтү таанылуучу санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундулардын жарактуулук мөөнөтүн жана продукциянын колдонулуу мөөнөтүн эске алуу менен ар бир конкреттүү учурда өзүнчө аныкталат.
5.1. Продукциянын санитардык-эпидемиологиялык экспертизасынын жыйынтыктарын таануудан баш тартуу төмөнкүдөй учурларда болот:
- арыз зэси санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таанууга тапшырган, ушул Жобонун 2.4-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук эмес болсо;
- калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыздоо жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын талаптарында белгиленген продукцияны ташуу жана сактоо шарттары бузулса;
- туура эмес маалыматтар берилсе;
- сапатты баалоонун башка системаларынын лабораторияларынын тапшырылган сыноо протоколдорунда сапатты баалоого жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн көлөмү жетишсиз болсо;
- санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундулардын колдонулуу мөөнөтү жана продукциянын жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен болсо;
- түзүлгөн эл аралык келишимдер (макулдашуулар) жок болсо.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
5.2. Продукцияны санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун жыйынтыктарын таануудан баш тартылган учурларда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси Продукцияны адамдын ден соолугуна коопсуздугунун көрсөткүчтөрү боюнча санитардык-эпидемиологиялык экспертизалоонун тартиби жөнүндө жобого ылайык продукцияга санитардык-зпидемиологиялык экспертиза жүргүзөт.
VI. Продукциянын санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундусунун жыйынтыктарын таануу боюнча иштердин акысы
6.1. Санитардык-эпидемиологиялык (гигиеналык) корутундуну таануу боюнча иштерге акы төлөө монополияга каршы саясат боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитилген баалар прейскурантына ылайык жүргүзүлөт.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 3-июлундагы № 396 токтомунун редакциясына ылайык)
VII. Укуктар жана жоопкерчиликтер
7.1. Санитардык-эпидемиологиялык экспертизанын жыйынтыктарын таануунун же таянуудан баш тартуунун натыйжасы боюнча талаш чыккан учурда юридикалык жак же жеке адам корутундунун үстүнөн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даттанууга укуктуу. Юридикалык жактар же жеке адамдар тапшырган документтеринин тууралыгы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук жоопкерчиликте болушат.
7.2. Юридикалык жак же жеке адам Тартиптин талаптарын аткарбаса, продукциянын сактоонун жана сатуунун шарттарын сактабаса Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын аккредиттелген органы же мекемеси санитардык-эпидемиологиялык корутундуну кайра алып коюуга укуктуу.