Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн
2015-жылдын 10-августундагы N 564 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 8-июлу № 402
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 27, 28-главаларына ылайык, жеке адамдар тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу товарларды жана автотранспортту өткөрүү жол-жобосун андан ары тартипке келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 961 "Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын бажы чек арасы аркылуу өткөрүлүүчү товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө жана бажылык контролдоо боюнча нускамада:
2-тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 31-декабрындагы № 976 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамада:
1.4-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.4. Наркы 380 эсептешүү көрсөткүчүнөн жана/же жалпы салмагы 50 кг ашык жеке адамдардын өздүк пайдалануусуна арналган товарларга карата, автотранспортту кошпогондо, мындай ашып кетүү жагында товарларды алып келүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн жеңил тартиби колдонулат: бажылык тариздөө үчүн эсептик көрсөткүчтүн бир жана бажылык жыйынды төлөм өлчөмүндө жыйымдар алынат.
Бажылык жыйынды төлөм товарларды өздүк пайдалануу үчүн алып кирүүдө товарлардын наркынан 17 пайыз өлчөмүндө, бирок жерде жүрүүчү транспорт менен алып кирүү учурунда ашыкча жүктүн ар бир 1 кг үчүн 0,35 АКШ долларынан кем эмес, аба транспорту менен алып кирүүдө ашыкча жүктүн ар бир 1 кг үчүн 1 АКШ долларынан кем эмес, товарлар менен соода кылууда, анын ичинде коштоп жүрбөгөн жүктө (алкоголдук ичимдиктерден, тамеки буюмдарынан тышкары) колдонулуучу чектерди, эсептерди жана башка документтерди берүү менен ушул Нускаманын 6-тиркемесине ылайык ЖФ-БКОну (жөнөкөйлөтүлгөн формадагы бажылык кириш ордерин) колдонуу менен алынат.
Жеке адамдар тарабынан коштолуучу жүк менен ташылып келген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен бекитилген товарлардын тизмесине кирген, 2000 кг же 1500 литрден ашпаган сандагы товарларга карата бажылык тариздөө үчүн бир эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө жыйымдар жана 1 кг же 1 литр үчүн - 1 сом өлчөмүндө бажылык алым менен салыктардын бирдиктүү ставкасы ЖФ-БКОну колдонуу менен алынат.";
6.3-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"6.3. Чет өлкөлүк жеке адамдар автотранспорттун бир бирдигин Кыргыз Республикасынын бажы аймагына мындай автотранспорт 6 айдан ашпаган мөөнөттө кайра алынып чыгуучу шартта, бажы декларациясынын эки нускасын жана ушул Нускаманын 7-тиркемесине ылайык кайра алып чыгуу тууралуу милдеттенмени колдонуу менен бажы төлөмдөрүн, бажылык алым жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөдөн толук бошотуу менен жөнөкөйлөтүлгөн, жеңилдетилген тартипте убактылуу алып кире алышат.";
жогоруда аталган Нускаманын 6-тиркемеси ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
ушул токтомдун 3 жана 4-тиркемелерине ылайык 7 жана 8-тиркемелер менен толукталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 токтомуна 1-тиркеме |
"2-тиркеме
Биринчи бети
ЖҮРГҮНЧҮ БАЖЫ ДЕКЛАРАЦИЯСЫ
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│* 16 жашка толгон адам тарабынан толтурулат │
│ ┌───┐ │
│* Декларант тандаган жооп тийиштүү алкакта белгиленет │ х │ │
│ └───┘ │
│* Жеке адамда калган, таризделген декларациянын нускасы убактылуу │
│ кирген/чыккан убакыт аралыгында сакталып, кайтып жаткан учурда бажы│
│ органына берилет │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
кирүү чыгуу
1. Адам тууралуу маалымат:
_____________________|_____________________|______________________
Фамилиясы Аты Атасынын аты
серия №
_____________________|_____________________|______________________
Туруктуу жашаган Жарандыгы/өкүлдүгү Ким экенин билдирүүчү
өлкөсү документ
____________________________|_____________________________________
Кайсы өлкөдөн келди Кайсы өлкөгө бара жатат
(жөнөткөн өлкө көрсөтүлөт) (бара жаткан өлкөсү көрсөтүлөт)
┌──┐ ┌──┐
Мени менен жашы жете элек балдар бара жатат └──┘ └──┘ Саны _____
Ооба Жок
Мени менен же менин дарегиме бажылык декларациялоодон өтө турган төмөнкү товарлар жана транспорт каражаттары өткөрүлөт
2. Товарларды жана транспорт каражаттарын өткөрүү ыкмасы тууралуу маалыматтар:
┌──┐ ┌──┐ ┌──┐ ┌──┐
2.1. Коштоп жүрүүчү └──┘ └──┘ 2.2. Коштоп жүрбөгөн └──┘ └──┘
жүк Ооба Жок жүк Ооба Жок
Орундардын саны _______ Орундардын саны _______
┌──┐ ┌──┐
2.3. Жүк ташуучу └──┘ └──┘
жеткирүүчү товарлар Ооба Жок
Орундардын саны _______
3. Товарлар жана транспорт каражаттары тууралуу маалыматтар:
3.1. Эквиваленти 3000 АКШ долларынан көп болгон Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жана башка накталай валютанын, жол чектеринин суммасы, ар кандай түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдардан жасалган
буюмдардын саны ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
┌─────────────────┬───────────────────────────────────────────────────┐
│ Аталышы │ Сумма │
│ ├─────────────┬─────────────────────────────────────┤
│ │ Цифра менен │ Сөз менен │
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
├─────────────────┼─────────────┼─────────────────────────────────────┤
└─────────────────┴─────────────┴─────────────────────────────────────┘
3.2. Транспорт каражаттары ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
┌─────────────────────────────────────────────────────────────────────┐
│Каттоо номери __________ │
│ │
│Түрү, Чыгарылган Кузовдун № же │
│маркасы _________ жылы ________ идентификациялык № ____________ │
│ │
│Кыймылдаткычтын Шассинин № _______ Бажы наркы ________ │
│көлөмү (куб.см) _______ │
│ ┌──┐ ┌──┐ │
│Өтүп жаткан багыты: └──┘ ташып кирүү └──┘ убактылуу ташып кирүү │
│ ┌──┐ ┌──┐ │
│ └──┘ ташып чыгуу └──┘ кайра ташып чыгуу │
│ │
│Мурунку каттоо мамлекетинен каттоодон чыгарылган ┌──┐ ┌──┐ │
│ └──┘ └──┘ │
│ Ооба Жок │
└─────────────────────────────────────────────────────────────────────┘
3.3. Тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонулган товарлар ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
3.4. Жалпы салмагы 50 килограммдан ашкан жана (же) жалпы бажы нар-
кы 38000 сомдон көп товарлар ┌──┐ ┌──┐
└──┘ └──┘
Ооба Жок
Арткы бети
4. 3.3, 3.4-пунктчаларда көрсөтүлгөн товарлар жөнүндө, бажылык тариздөөгө жаткан товарлар жана жеке адамдын каалоосу боюнча башка товарлар тууралуу маалыматтар:
┌───┬────────────────────────────┬──────────────────────┬─────────────┐
│№№ │ Товардын аталышы жана │ Салмагы/саны │Наркы улуттук│
│ │башка айырмалоочу белгилери,├───────┬──────────────┤ валютада же │
│ │ чектөөлөр сакталганын │ Цифра │ Сөз менен │ АКШ доллары │
│ │ тастыктаган документтин │ менен │ │ менен │
│ │ номери жана күнү, │ │ │ │
│ │ аны берген орган │ │ │ │
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┼────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
├───┴────────────────────────────┼───────┼──────────────┼─────────────┤
│Жалпы салмагы/саны жана │ │ │ │
│наркы (бардыгы): │ │ │ │
└────────────────────────────────┴───────┴──────────────┴─────────────┘
Бажы декларациясында так эмес маалыматтарды бергендиги үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик каралганы мага белгилүү.
_____-ж. "__" ________ Адамдын колу _____________
----------------------------------------------------------------------
Кызматтык белгилер үчүн: ________________________________________
┌────────┐ ________________________________________
│ │ ________________________________________
│ │ ________________________________________
└────────┘ ________________________________________
М.О. ________________________________________
Эскертүү: Бажы кызматы органынын байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 0312 51-24-67, 0312 51-18-59; Түштүк региону боюнча байланыш ишеним телефондорунун номерлери: 03222 59404 (саат 09.00дон 18.00го чейин), 03222 55696 (күнү-түнү).".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 токтомуна 2-тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага 6-тиркеме |
_________________________________________ бажысы
(бажынын аталышы жана коду)
┌─┐
│Т│ Бажылык кириштөө ордери ЖФ № ХХХХХХХ
│ө│
│л│ Төлөөчү __________________________________________________________
│ө│ (аты-жөнү)
│ө│ Төлөөчүнүн ИСН ___________________________________________________
│ч│ Төлөөчүнүн дареги ________________________________________________
│ү│ Паспорттун сериясы ____________ №
│н│ ____________________________________ берилген
│ү│ Транспорт каражаты: маркасы _____________ мам. номери
│н│ Ташылып чыккан өлкө ______________________________________________
│ │ ┌──┬──────────┬─────────┬───────┬──────┬────────────┬────────────┐
│н│ │№ │ Товардын │ ТЭИТН │ Өлчөө │ Саны │ Бажы │ Бажы │
│у│ │ │ аталышы │товардык │бирдиги│ │алымдарынын │алымдарынын │
│с│ │ │жана анын │ позиция-│ (кг, │ │ жана │ жана │
│к│ │ │баяндалышы│ сынын │ литр) │ │салыктардын/│салыктардын/│
│а│ │ │ │ коду │ │ │жыйынды бажы│төлөмдөрүнүн│
│с│ │ │ │ │ │ │төлөмдөрүнүн│ бирдиктүү │
│ы│ │ │ │ │ │ │ бирдиктүү │ставкасынын │
└─┘ │ │ │ │ │ │ставкасы(*) │ суммасы(*) │
│ │ │ │ │ │ (сом) │ (сом) │
├──┼──────────┼─────────┼───────┼──────┼────────────┼────────────┤
├──┼──────────┼─────────┼───────┼──────┼────────────┼────────────┤
├──┴──────────┴─────────┴───────┼──────┼────────────┼────────────┤
│ Бардыгы: │ │ │ │
└───────────────────────────────┴──────┴────────────┴────────────┘
(*) жыйынды бажы төлөмдөрүн алууда ташылып келген товардын наркы көрсөтүлөт _____________ сом.
Бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы ______ сом өлчөмүндө төлөндү.
201_-жылдын "__" _________ № _____ кириштөө-кассалык ордери.
Жыйынтыгында _________________________________________
(сумма цифра менен)
___________________________________________________ сом суммасында
(сумма сөз менен)
төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдарынын жана салыктардын/жыйынды бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы).
Таризделген күнү жана убактысы 201_-жылдын "__" ________ саат "__" мин. "__".
Бажылык кириштөө ордерин бажынын кызматкери ______________________ ____________________________________________________________ түздү.
(аты-жөнү, колу жана ӨНМ)
Бажылык кириштөө ордерин алдым ___________________________________
(төлөөчүнүн аты-жөнү жана колу)
Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп, сол жагында "төлөөчүнүн нускасы", "бажынын нускасы" деген белгиси менен эки нускада басып чыгарылат.
_______________________________________ бажысы
(бажынын аталышы жана коду)
┌─┐
│Б│ Бажылык кириштөө ордери ЖФ № ХХХХХХХ
│а│
│ж│ Төлөөчү __________________________________________________________
│ы│ (аты-жөнү)
│н│ Төлөөчүнүн ИСН ___________________________________________________
│ы│ Төлөөчүнүн дареги ________________________________________________
│н│ Паспорт сериясы __________ №
│ │ _______________________________ берилген
│н│ Транспорт каражаты: маркасы ___________ мам. номери ______________
│у│ Ташылып чыккан өлкөсү ____________________________________________
│с│ ┌──┬──────────┬────────┬───────┬─────┬────────────┬──────────────┐
│к│ │№ │ Товардын │ ТЭИТН │ Чен │Саны │ Бажы │ Бажы │
│а│ │ │ аталышы │товардык│бирдиги│ │алымдарынын │ алымдарынын │
│с│ │ │жана анын │позиция-│ (кг, │ │ жана │ жана │
│ы│ │ │баяндалышы│ сынын │ литр) │ │салыктардын/│ салыктардын/ │
└─┘ │ │ │ коду │ │ │жыйынды бажы│ жыйынды бажы │
│ │ │ │ │ │төлөмдөрүнүн│ төлөмдөрүнүн │
│ │ │ │ │ │ бирдиктүү │ бирдиктүү │
│ │ │ │ │ │ ставкасы(*)│ставкасынын(*)│
│ │ │ │ │ │ (сом) │суммасы (сом) │
├──┼──────────┼────────┼───────┼─────┼────────────┼──────────────┤
├──┼──────────┼────────┼───────┼─────┼────────────┼──────────────┤
├──┴──────────┴────────┴───────┼─────┼────────────┼──────────────┤
│ Бардыгы: │ │ │ │
└──────────────────────────────┴─────┴────────────┴──────────────┘
(*) жыйынды бажы төлөмдөрүн алууда ташылып келген товардын наркы көрсөтүлөт ______________ сом.
Бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы ________ сом өлчөмүндө төлөндү.
201_-жылдын "__" _________ № _____ кириштөө кассалык ордери
Жыйынтыгында _____________________________________
(сумма цифра менен)
___________________________________________________ сом суммасында
(сумма сөз менен)
төлөндү (бажылык тариздөө үчүн бажы жыйымы жана бажы алымдарынын жана салыктардын/жыйынды бажы төлөмдөрүнүн бирдиктүү ставкасы).
Таризделген күнү жана убактысы 201_-жылдын "__" _______ саат "__" мин. "__".
Бажылык кириштөө ордерин бажынын кызматкери ______________________ ___________________________________________________________ түздү.
(аты-жөнү, колу жана ӨНМ)
Бажылык кириштөө ордерин алдым ___________________________________
(төлөөчүнүн аты-жөнү жана колу)
Эскертүү: ЖФ-БКО бажы органынын кызматкери тарабынан электрондук түрдө түзүлүп, сол жагында "төлөөчүнүн нускасы", "бажынын нускасы" деген белгиси менен эки нускада басып чыгарылат.".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 токтомуна 3-тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага 7-тиркеме |
№ ХХХХХХ
Убактылуу ташылып кирген автотранспортту кайра ташып чыгуу жөнүндө МИЛДЕТТЕНМЕ
Муну менен, мен, _________________________________________________
аты-жөнү
_______________________________________________________________________
паспорт №, туруктуу жашаган жери, дареги
убактылуу ташып кирүү бажы режиминде № _____ БД боюнча төмөнкү ташылып келгендерди 20_-жылдын "__" _______ чейинки мөөнөттө ташып чыгууга милдеттенем:
┌──┬────────────────┬────────────────┬───────────┬────────────────────┐
│№ │Автотранспорттун│Автотранспорттун│ ТЭИ ТН │ Туруктуу катталган │
│ │ маркасы │идентификациялык│боюнча коду│өлкөдөгү мамлекеттик│
│ │ │№ же кузовдун № │ │ же таанылма номери │
│ │ │ │ │ (белгиси) │
├──┼────────────────┼────────────────┼───────────┼────────────────────┤
│ │ │ │ │ │
└──┴────────────────┴────────────────┴───────────┴────────────────────┘
Убактылуу бажы режиминде ташылып кирген товарларды өткөрүү жана колдонуу тартибин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин талаптары менен тааныштым.
Адамдын аты-жөнү ___________________
(колу)
Убактылуу ташылып кирген автотранспортту кайра ташып чыгуу тууралуу милдеттенме ______________________________________ бажысы тарабынан
(бажы органынын аталышы)
контролго алынды.
Бажы органынын кызмат адамынын
аты-жөнү ӨНМ (колу)".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 402 токтомуна 4-тиркеме |
| "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу жеке адамдар тарабынан товарларды жана автотранспортту алып өтүү жөнүндө нускамага 8-тиркеме |
Жеке адамдар үчүн бажы декларациясын толтуруу жана колдонуу ТАРТИБИ
1-бөлүм
Жалпы жоболор
1. Бул Тартип жеке адамдар үчүн БД-6 формасындагы бажы декларациясын (мындан ары - декларация) толтуруу жана бажы контролун ишке ашыруу үчүн бажы органдары тарабынан декларацияны колдонуу тартибин аныктайт.
2. Декларациянын бланкынын өлчөмү 148 х 210 мм (А5 форматы) же 210 х 296 мм (А4 форматы) болот, типографиялык ыкма менен даярдалат же электрондук эсептөө техникасынын басып чыгаруу түзүлүшүн колдонуу менен басылып чыгат.
3. Декларант декларацияны кол менен, так жана окула тургандай же электрондук эсептөө техникасынын басма түзүлүшүн колдонуу менен декларациянын графаларында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы (мындан ары - чек ара) аркылуу өткөрүлүп жаткан товарлар тууралуу маалыматтарды жана Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдарына ылайык бажы максаттары үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды көрсөтүү менен толтурат.
4. Маалыматтар мамлекеттик, расмий же англис тилдеринде толтурулат.
5. Декларацияда көрсөтүлгөн маалыматтар бажы органынын уруксаты менен товарлар чыгарылганга чейин, эгер киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор товарларды чыгаруу тууралуу кабыл алынган чечимге таасирин тийгизбесе жана бажы төлөмдөрүнүн суммасынын өлчөмүн аныктоого жана тыюу салуулар жана чектөөлөрдү сактоого таасирин тийгизүүчү маалыматтарды өзгөртүү зарылчылыгына алып келбесе, декларанттын жүйөлүү кайрылуусу боюнча өзгөртүлүшү мүмкүн.
6. Катталган декларацияда билдирилген маалыматтарды өзгөртүү жана толуктоо катталган декларацияда көрсөтүлгөн товарлардан тышкары товарлар тууралуу маалыматтарды билдирүүгө алып келбейт.
Декларацияга киргизиле турган ар кандай өзгөртүүлөр жана толуктоолор декларанттын колу жана декларацияны каттаган бажы органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өздүк номерлүү мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
7. Декларант декларацияда зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинен тийиштүү алкактарды чийүү жолу менен көрсөтөт (чийилген алкак оң жоопту, чийилбеген - терс жоопту түшүндүрөт).
8. Жеке адамдарга арналган декларациянын бир нускасы бажы органында калат.
2-бөлүм
Декларациянын формулярын толтуруу тартиби
9. Декларация төмөнкү товарларды бажылык декларациялоо максатында эки нускада түзүлөт:
- Кыргыз Республикасынын бажы аймагына коштоп жүрүүчү жүктө ташылып келген товарлар;
- Кыргыз Республикасынын бажы аймагына коштоп жүрбөгөн жүктө ташылып келген товарлар;
- декларант идентификация жүргүзүүнү каалаган товарлар;
- өздүк пайдалануу үчүн Кыргыз Республикасынын бажы аймагына убактылуу ташылып келген транспорт каражаттары.
Декларант каалоосу боюнча декларацияны үч же андан көп нускада түзүүгө укуктуу.
10. Декларант "кирүү", "чыгуу" алкактарында товарлар өткөрүлүп жаткан багытты көрсөтөт.
11. Декларациянын 1-пунктунда декларант өзү тууралуу маалыматтарды, ким экендигин билдирүүчү документтин реквизиттерин, декларант менен бирге жашы он алтыга жете элек адамдардын бара жаткандыгы же жоктугу тууралуу маалыматтарды "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен тийиштүү сапта алардын санын көрсөтүп билдирет.
12. Декларациянын 2-пунктунун 2.1-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен коштоп жүргөн жүгүндө товарлардын бар же жок экендиги тууралуу көрсөтөт. Алар болгон учурда 2-пункттун 2.1-пунктчасындагы "Орундардын саны" деген сабында жүктүн жалпы санынын орду цифра менен көрсөтүлөт.
13. Декларациянын 2-пунктунун 2.2-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен коштоп жүрбөгөн жүгүндө товарлардын бар же жок экендиги тууралуу көрсөтөт. Алар болгон учурда 2-пункттун 2.2-пунктчасындагы "Орундардын саны" деген сабында жүктүн жалпы санынын орду цифра менен көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын бажы аймагына келген жерде бул маалыматтар декларанттын өткөрүп жаткан коштоп жүрбөгөн жүгүндө товарлардын бар же жок экендиги тууралуу бажы органына билдирүүсү катары каралат.
14. Декларациянын 2-пунктунун 2.3-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен жүк ташуучу тарабынан жеткирилген товарлардын бар же жок экендиги тууралуу көрсөтөт. Алар болгон учурда 2-пункттун 2.3-пунктчасындагы "Орундардын саны" сабында жүктүн жалпы санынын орду цифра менен көрсөтүлөт.
15. Декларациянын 3-пунктунун 3.1-пунктчасында декларант жалпы суммасы 3000 АКШ доллары эквивалентинен ашкан накталай улуттук валюта, чет элдик валюта, жол чектери бар же жок экени тууралуу, ар кандай түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдардан жасалган буюмдардын санын "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен көрсөтөт.
16. "Аталышы" деген графада валютанын түрү же акча инструментинин түрү - "жол чектери", ар кандай түрдөгү жана абалдагы баалуу металлдардан жасалган буюмдардын саны суммасы/саны цифра жана жазуу менен көрсөтүлүп жазылат.
17. Декларациянын 3-пунктунун 3.2-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен өздүк пайдалануу үчүн өткөрүлүп жаткан автотранспорт бар экендиги тууралуу көрсөтөт.
Бул пунктчада автотранспорт тууралуу маалыматтар кошумча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк жеке адамдар Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жеңилдетилген, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте, бажы төлөмдөрүн, бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөдөн толук бошотуу менен автотранспорттун бир бирдигин мындай автотранспорт 6 айдан ашпаган мөөнөттө кайра чыгарыла турган шартта бажы декларациясынын эки нускасын жана кайра ташып чыгуу тууралуу милдеттенмени колдонуу менен убактылуу ташып чыгууга укуктуу.
18. Декларациянын 3-пунктунун 3.3-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тыюу салуулар жана чектөөлөр колдонула турган товарлары бар экендиги тууралуу көрсөтөт.
Мындай товарлар болгон учурда ал тууралуу толук маалыматтар, ошондой эле чектөөлөр сакталганын тастыктаган документ, аны берген орган тууралуу маалыматтар декларациянын 4-пунктунда көрсөтүлөт.
19. Декларациянын 3-пунктунун 3.4-пунктчасында декларант "ооба", "жок" аталышындагы алкактарда тийиштүү белгилерди коюу жолу менен жалпы салмагы 50 килограммдан ашкан жана (же) жалпы бажы наркы 380 эсептешүү көрсөткүчүнөн жогору турган товарлары бар экени тууралуу көрсөтөт.
Мындай товарлар болгон учурда ал тууралуу маалыматтар декларациянын 4-пунктунда көрсөтүлөт.
20. Декларациянын 4-пунктунда декларант 3.3, 3.4-пунктчаларында көрсөтүлгөн товарлар тууралуу, бажылык тариздөөгө жаткан жана жеке адамдын каалоосу боюнча башка товарлар тууралуу төмөнкү маалыматтарды көрсөтөт:
1) аталышы жана айырмалоочу белгилери, маркасы, идентификациялык номери (бар болгон учурда);
2) чектөөлөр сакталганын тастыктаган документтердин реквизиттери;
3) салмагы/саны;
4) товарлардын наркы.
21. Коштоп жүрбөгөн жүктөгү товарлар декларацияланган учурда, эгер мындай жүк жүк ташуучу тарабынан кабыл алынса, бирок ташуу учурунда жеке адамга көз каранды болбогон себептерден улам жеткирилүүчү жерге жеке адам менен бирге жеткирилбесе, бул графада ушул пункттун биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн маалыматтардан тышкары декларант мындай жүктү идентификациялоого мүмкүнчүлүк берген жүктү жана (же) башка документтерди жүк ташуучуга бергени тууралуу документтин реквизиттерин көрсөтөт.
22. Декларациянын бардык нускаларына декларация толтурулган күндү көрсөтүү менен декларанттын колу коюлат.
23. Бажы органдары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте бажы төлөмдөрүн, бажы алымдарынын жана салыктардын бирдиктүү ставкасын төлөөдөн толук бошотуу менен ташылып келген автотранспортту эсепке алат жана бажы контролун жүргүзөт.".
|
|