Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 10-июлу № 405
"Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" ("Медаль Жогорку Кенеша Кыргызской Республики") Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев К., Бакиров М. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" ("Медаль Жогорку Кенеша Кыргызской Республики") Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июлундагы № 405 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Иманалиев К., Бакиров М. тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" ("Медаль Жогорку Кенеша Кыргызской Республики") Кыргыз Республикасынын медалын белгилөө жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, төмөнкүдөй корутундуга келди.
Сунушталган мыйзам долбоорлорунда "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" ("Медаль Жогорку Кенеша Кыргызской Республики") жаңы медалды уюштуруу сунушталууда.
Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы менен жарандар, жарандыгы жок адамдар, юридикалык жактар, эл аралык уюмдар демократиялык принциптерди илгерилеткени, парламентаризмди өнүктүргөнү, адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш, тынчтыкты жана элдердин достугун, мамлекетти чыңдоо жаатындагы көрүнүктүү эмгектери жана жетишкендиктери үчүн сыйланат.
Бирок, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын белгилөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесине ылайык "Кыргыз Республикасынын Баатыры" деген Кыргыз Республикасынын эң жогорку артыкчылык даражасы белгиленген. Алдан тышкары "Манас" ордени деген мамлекеттик сыйлык дагы бар.
Айтылып жаткан сыйлыктар менен сыйлоого мамлекетке жана элге өзгөчө кызмат өтөгөн, Кыргыз Республикасынын эркиндиги жана көз каранды эместиги үчүн эрдик жасаган жарандар көрсөтүлүшөт.
Мында уюштурулуп жаткан сыйлык менен сыйлоо үчүн негиздер жана "Кыргыз Республикасынын Баатыры" эң жогорку артыкчылык даражасы жана "Манас" ордени менен сыйлоо үчүн негиздер бирдей болуп жатышат.
Ушуга байланыштуу сыйлыктарды берүү үчүн негиздердин кайталанышын зарыл эмес деп эсептейбиз.
Мындан тышкары, уюштурулмакчы болуп жаткан "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомстволук сыйлыгы болуп эсептелет.
Буга байланыштуу, ведомстволук сыйлыктар мамлекеттик сыйлыктын макамы менен уюштурулушу мүмкүн эместигин белгилейбиз.
Андан ары, мыйзамдын долбоорунун 3-беренесинде "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин медалы" менен сыйланган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген социалдык гарантияларды жана артыкчылыктарды алышаары каралган.
Ал эми бул айтылып жаткан гарантияларды жана артыкчылыктарды берүү республикалык бюджетке кошумча оорчулук жаратат.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик бюджеттин эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган ченемдик-укуктук актылардын, анын ичинде мыйзамдардын долбоорлору каржылоо булагы аныкталгандан кийин гана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынышы мүмкүн жана алар боюнча каржылоо булагы аныкталганга чейин кабыл алууга болбойт.
Буга байланыштуу "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында 2013-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгынын чектүү көлөмү 16,9 млрд. сом суммада белгиленгенин, 2014-жылга болжол 16,2 млрд. сом, 2015-жылга болжол 11,1 млрд. сом экенин айтмакчыбыз.
Бюджеттик ресурстардын өзгөчө чектелген шартында, мамлекеттик карыз жана социалдык сектор боюнча милдеттенмелердин орчундуу көлөмүнө жана бюджеттин тартыштыгындагы программалык багыттардын аткарылбай калуу тобокелдиги көбөйүшүнө байланыштуу жаңы медалдарды чыгарууга жана бул медаль менен сыйлануучуларды социалдык кепилдиктер жана артыкчылыктар менен камсыздоого кошумча чыгымдарды жумшоого мүмкүнчүлүк жок, анткени азыркы мезгилде "Эне даңкы", "Баатыр эне", "Ак шумкар", "Эрдик", "Даңк" ж.б. сыяктуу мурда белгиленген мамлекеттик сыйлыктар боюнча милдеттенмелерди каржылоону республикалык бюджет толук өлчөмдө аткара албай жатат.
"Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жаңы мамлекеттик сыйлыктарды даярдоого каражаттар каралган эмес.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн маалыматы боюнча, көпчүлүк парламенттик жана президенттик-парламенттик өлкөлөрдө, мисалга алсак, Улуу Британияда, Австрияда, Израилде, Германияда, Украинада ж.б. мамлекеттерде ушул сыяктуу медалдарды белгилөө практикасы жок.
Жогорудагы айтылгандарды эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көрсөтүлгөн мыйзамдын долбоорлорунун кабыл алынуусу максатка ылайык эмес деп эсептейт.
Ошондой эле мамлекеттик сыйлыктарга тиешелүү ченемдик укуктук актыларда мамлекеттик тилдеги текстте "сыйлыктарды белгилөө" эмес, "сыйлыктарды уюштуруу" деген сөз айкашын колдонууну сунуш кылабыз.
|
|