Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген |
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү ТАРТИБИ
1. Жалпы жоболор
2. Декларацияны толтуруу тартиби
3. Декларациянын тиркемелерин толтуруу тартиби
4. Декларацияны күбөлөндүрүү тартиби
1. Жалпы жоболор
1. Бул Тартип "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана салыктык, бажылык төлөмдөрдү, социалдык камсыздандыруу боюнча чегерүүлөрдү жана башка милдеттүү төлөмдөрдү тиешелүү түрдө төлөбөстөн алынган кирешелерин жана мүлкүн кошкондо Кыргыз Республикасынын жарандарынын 2012-жылдын 31-декабрына чейин алган кирешелери жана мүлкү жөнүндө декларацияны толтуруунун тартибин аныктайт.
2. Декларациялоо мөөнөтү болуп 2013-жылдын 1-июлунан 31-декабрына чейинки мезгил саналат.
3. Декларациянын бланкы так отчеттуулук бланкы болуп саналат, басмаканалык ыкма менен басылган катар номери болот жана жалгыз нускада түзүлөт.
4. Декларациянын бланкынын наркы аны даярдоого кеткен чыгашалардын наркынан ашпоого тийиш.
5. Декларациялык чектен ашпаган суммага декларациялануучу объекттерди декларациялоодо субъект нотариалдык иштерге жана декларациянын бланкынын наркы үчүн 150 сом суммасында гана мамлекеттик алымды төлөйт.
6. Эгер декларациялануучу объекттердин наркы 45000000 (кырк беш миллион) сом өлчөмүндө декларациялык чектен ашса, субъект декларацияны күбөлөндүрүү үчүн 150 сом суммасында мамлекеттик алымды жана декларациянын бланкынын наркын төлөйт, ошондой эле декларациялык нарк декларациялык чектен канчалык ашканына карабастан, 450000 (төрт жүз элүү миң) сом суммасындагы бир жолку декларациялык алымды мамлекеттик бюджеттин пайдасына ыйгарым укуктуу коммерциялык банкка төлөгөндүгү тууралуу квитанцияны декларацияга тиркейт.
2. Декларацияны толтуруу тартиби
7. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация (мындан ары - декларация) Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортундагы маалыматтарга ылайык декларациялануучу субъекттин түздөн-түз өзү же анын мыйзамдуу өкүлү (мындан ары - субъект) тарабынан түзүлөт.
8. Декларацияны толтуруу учурунда оңдоолорго, кырып өчүрүүлөргө жана сызып оңдоолорго, арифметикалык каталарга жол берилбейт. Андай учурлар кездешсе, декларация жараксыз деп табылат.
9. "Декларацияны күбөлөндүргөн жана бланкты берген органдын аталышы" деген сапта декларацияны күбөлөндүргөн субъекттин жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторанын аталышы көрсөтүлөт.
10. "Декларанттын аты-жөнү" деген сапта декларанттын аты-жөнү толук жазылат.
11. "Декларантгын ИЖН (ПИН)" деген сапта Кыргыз Республикасынын салык кызматы же Социалдык фонду тарабынан ыйгарылган декларанттын идентификациялык салык номери же идентификациялык жеке номери көрсөтүлөт.
12. "Жашаган жери" деген сапта Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортуна ылайык каттоого алынган дареги көрсөтүлөт.
13. "Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортундагы маалыматтар" деген тиешелүү саптарда Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортунун сериясы, номери, берилген датасы жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берген мамлекеттик органдын аталышы көрсөтүлөт.
14. "Мүлктүн декларациялануучу наркынын жыйынтыгы" деген сапта 1 жана 2-тиркемелердин "Жыйынтыгы" сабына ылайык декларациялануучу кирешелердин жана/же мүлктүн наркынын жалпы суммасы сандар менен жана жазуу жүзүндө көрсөтүлөт.
15. "Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияга карата тиркемеде көрсөтүлдү" ("X" белгиси менен тиешелүү ячейкаларды белгилегиле)" деген сапта "X" белгиси декларацияга тиешелүү тиркемелердин жанындагы ячейкага коюлат, бул декларациянын тиркемелери декларант тарабынан толтурулду жана күбөлөндүрүү үчүн тапшырылды дегенди билдирет.
3. Декларациянын тиркемелерин толтуруу тартиби
16. Декларациянын 1 жана 2-тиркемелерин толтуруу Кирешелердин жана мүлктүн классификаторуна (мындан ары - Классификатор) ылайык ишке ашырылат.
17. 1-графада декларацияланган мүлктүн катар номери көрсөтүлөт.
18. 2-графада Классификаторго ылайык мүлктүн толук аталышы көрсөтүлөт же мүлктүн декларациялануучу объектинин кыскача аталышы менен Классификатордун тиешелүү коду көрсөтүлөт.
19. 3-графада мүлктүн декларациялануучу объектинин сатылып алынган жылы көрсөтүлөт.
20. 4-графада Классификатордун III бөлүгүнө ылайык кирешенин жана/же мүлктүн келип чыгуу негизи көрсөтүлөт.
21. 5-графада мүлктүн объектине укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү реквизиттери көрсөтүлөт, анын ичинде: кыймылсыз мүлктүн объектинин техникалык паспортунун идентификациялык коду, жерди пайдалануу актысынын номери жана сериясы, акцияларга ээлик кылуу сертификатынын номери жана сериясы, сатып алуу-сатуу, белекке берүү, карызга берүү, ижарага берүү, алмашуу келишиминин номери жана датасы, мурастоо жөнүндө күбөлүктөр, автотранспортко техникалык паспорт, чарбалык жолдоштуктагы же коомдогу үлүшкө уюштуруу келишими ж.б.у.с. декларантка же башка адамга бул укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ таризделгендигине карабастан көрсөтүлөт.
Мүлктүн объектине карата укукту белгилөөчү же укукту күбөлөндүрүүчү документ болбогон учурда 5-графада "жок" деп көрсөтүлөт.
22. 6-графада декларациялануучу кирешелердин жана мүлктүн чен бирдигинин кыскача аталышы көрсөтүлөт.
23. 7-графада тиешелүү чен бирдигинде берилген декларацияланган кирешелердин жана/же мүлктүн саны жана/же аянты көрсөтүлөт.
24. 8-графада укук белгилөөчү документтердин негизинде акча каражаттарынан тышкары мүлктүн объекттеринин наркы, ал эми алар жок болсо же активдердин аларга карата наркы көрсөтүлбөсө, декларанттын өз алдынча баалоосунун негизинде сатып алуу датасына улуттук валютада берилген базар баалары боюнча көрсөтүлөт.
25. 9-графада колдонуудагы базар баалары боюнча өз алдынча баалоонун негизинде декларацияны толтуруу датасына мүлк объектинин наркы көрсөтүлөт.
Акча каражаттарынын саны номиналдык нарк боюнча көрсөтүлөт. Чет өлкөлүк валютадагы акча каражаттары декларация түзүлгөн күнгө карата Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын курсу боюнча сом менен көрсөтүлөт.
26. 10-графада декларациялануучу мүлктүн жайгашкан дареги же каттоодон өткөн маалыматтары көрсөтүлөт. Декларациялануучу мүлктүн жайгашкан дареги же каттоодон өткөн маалыматтары болбогон учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортуна ылайык каттоого алуу дареги көрсөтүлөт.
4. Декларацияны күбөлөндүрүү тартиби
27. Декларация субъект тарабынан жашаган жери боюнча мамлекеттик нотариалдык конторага күбөлөндүрүү үчүн берилет.
28. Декларация бланкына декларант же анын мыйзамдуу өкүлү тарабынан мамлекеттик нотариустун катышуусунда кол коюлат. Мамлекеттик нотариус декларанттын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн койгон колун белгиленген тартипте күбөлөндүрөт.
29. Мамлекеттик нотариус декларациялануучу субъекттин же анын мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусунда анын ким экендигин күбөлөндүргөн документи менен декларациядагы декларациялануучу субъект жөнүндө маалыматтын шайкештигин гана текшерет, ошондой эле декларациядагы колунун түп нускалуулугун күбөлөндүрөт жана Декларациялардын реестрине декларациянын жеке катар номерин, декларацияланган датаны жана бул декларацияны берген жактын жеке маалыматтарын жазат. Декларацияда декларациялык чектин белгиленген суммасы ашып кеткен учурда декларациялык төлөмдү төлөгөндүгү тууралуу квитанциянын бар экендигин текшерет.
30. Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияларды күбөлөндүрүү жол-жоболорун ишке ашыруучу мамлекеттик нотариустар декларациялоо мөөнөтү аяктагандан кийин бир айдын ичинде кирешелер жана мүлк жөнүндө күбөлөндүрүлгөн декларацияларга ыйгарылган каттоо номерлерин, декларанттардын аты-жөнүн көрсөтүү менен Декларациялардын реестрин түзөт жана чапталган конверттерде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине өткөрүп берет.
31. Мамлекеттик нотариалдык контора тарабынан күбөлөндүрүлгөн декларация декларациялануучу субъектте сакталат.