Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 158 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 29-июлу № 425
Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны берүүнүн тартиби тууралуу
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- кирешелер жана мүлк жөнүндө декларация бланкынын формасы;
- Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларацияны толтуруу жана күбөлөндүрүү тартиби;
- Кирешелердин жана мүлктүн классификатору.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары (макулдашуу боюнча) менен бирдикте "Кыргыз Республикасынын жарандарынын бирдиктүү салык декларациясын берүүсүнө даярдык көрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун жана бул токтомду колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- бир жумалык мөөнөттө Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестрин жүргүзүүнүн формасын жана тартибин, ошондой эле кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын пайдаланылбаган бланктарын жок кылуунун тартибин иштеп чыксын жана бекитүүгө берсин;
- бир булактан алуу ыкмасы менен кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын 5 миң даана бланкын сатып алсын;
- Кирешелер жана мүлк жөнүндө декларациялардын реестринин сакталышын камсыз кылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- бул токтомдон келип чыккан "Кыргыз Республикасынын 2013-жылга республикалык бюджети жана 2014-2015-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте берсин;
- андан ары бюджеттин киреше бөлүгүнө которуу үчүн декларациялык төлөмдөрдү эсепке киргизүүгө транзиттик эсеп ачсын.
4. Бир жолку декларациялык төлөмдөрдү мамлекеттик бюджеттин пайдасына кабыл алуу боюнча "РСК Банк" ачык акционердик коому ыйгарым укук берилген коммерциялык банк деп аныкталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы № 183 "Кыргыз Республикасынын жарандарын бирдиктүү салыктык декларация берүүгө даярдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана 2013-жылдын 1-июлунан баштап колдонулат.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 29-июлундагы № 425 токтому менен бекитилген |
|
|