Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-январындагы № 46 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-июлу № 430
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 17-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү өзгөргөнүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоолор киргизилсин:
- жогорудагы аталган токтом менен түзүлгөн Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссиянын курамында:
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;" позициясы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиктин директору;" позициясы менен алмаштырылсын;
төмөнкүдөй позициялар менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директору;".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министри |
Ж.Сатыбалдиев |