Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 12-августундагы № 487 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2020-жылдын 30-январы № 46
Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 197 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Жашыл" экономика жана климаттын өзгөрүшү чөйрөсүндөгү макулдашылган мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын ишин жетектөө жана координациялоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 31-октябрындагы № 221 Жарлыгы менен бекитилген "2018-2040-жылдары Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын ишке ашыруунун алкагында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздугун жана климаттык туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 19-майындагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуна, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Климаттын өзгөрүшү, экология жана "жашыл" экономиканы өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) 1-тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Координациялык кеңеш жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук жана башка жактан камсыздоо Кыргыз Республикасынын Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Климаттык каржылоо боюнча борборго жүктөлсүн.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 108-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-июлундагы № 430 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-августундагы № 477 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-ноябрындагы № 783 "Климаттын өзгөрүү проблемалары боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 5-августундагы № 399 "Жашыл экономика боюнча координациялык комиссия жөнүндө" токтому.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын агроөнөр жай комплекси жана экология, экономика жана финансы бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | М.Д. Абылгазиев |
1-тиркеме
Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин КУРАМЫ
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 197 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси, Координациялык кеңештин төрагасы;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальниги, Координациялык кеңештин төрагасынын орун басары.
Координациялык кеңештин мүчөлөрү:
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри;
Кыргыз Республикасынын финансы министри;
Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри;
Кыргыз Республикасынын айыл чарба министри;
Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри;
Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Кыргыз Республикасынын энергетика министри;
Кыргыз Республикасынын транспорт жана коммуникациялар министри;
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри;
Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри;
Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору;
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Кыргыз Республикасынын Экономикалык саясатты изилдөөлөр институтунун директору (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директору (макулдашуу боюнча).
|
| 2-тиркеме |
Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңеш жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кенештин (мындан ары - Координациялык кеңеш) ишинин тартибин аныктайт.
2. Координациялык кеңсе өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечимдерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жапа тескемелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Координациялык кеңеш Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан координацияланган, климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча мамлекеттик органдар үчүн сунуштарды иштеп чыгууну жана даярдоону камсыз кылуучу консультациялык-кеңешүүчү орган болуп саналат.
2-глава. Координациялык кеңештин максаттары жана милдеттери
4. Координациялык кеңештин негизги максаты аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес жана эл аралык уюмдардын макулдашылган иш-аракеттеринин негизинде климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча саясатты иштеп чыгуу жана натыйжалуу ишке ашыруу боюнча координацияланган чечимдерди талкуулоо жана кабыл алуу, ошондой эле инвестициялык ресурстарды тартууга жана бул багыттагы иштерди натыйжалуу координациялоого көмөк көрсөтүү болуп саналат.
5. Координациялык кеңеш ишинин максаттуу багыттарына ылайык төмөнкүдөй милдеттердин аткарылышын камсыздайт:
1) туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетүү боюнча Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткаруу процесстерин жалпы координациялоону жана комплекстүү стратегиялык башкарууну, Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экология маселелери боюнча чараларды камсыздоо;
2) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча артыкчылыктуу чараларды макулдашуу жана аныктоо;
3) Кыргыз Республикасынын экологиялык коопсуздук чөйрөсүнө климаттык каржылоо, инвестицияларды тартуу маселелерин координациялоо.
3-глава. Координациялык кеңештин функциялары жана ыйгарым укуктары
6. Координациялык кеңештин негизги функциялары:
1) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча улуттук жана тармактык артыкчылыктуу программаларды, долбоорлорду кароо жана жактыруу;
2) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча милдеттерди, аныкталган программалык документтерди ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка кызыкдар тараптардын ишин координациялоо;
3) климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткаруу боюнча зарыл болгон отчётторду иштеп чыгуу, мезгил-мезгили менен жаңылоо жана берүү процессин жетектөө;
4) климаттын өзгөрүшү, экологиялык коопсуздук жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча климаттык фонддор жана эл аралык уюмдар менен кызматташуунун стратегиясын аныктоо;
5) мамлекеттик органдарды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын кызматташуу багытына ылайык эл аралык уюмдарда жана климаттык фонддордо улуттук координаторлор катары аныктоону макулдашуу;
6) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча иш-чаралар пландарын жана долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн кароо жана талкуулоо;
7) климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жеңилдетүү жана адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүктүрүүнү камсыздоо боюнча чараларды ишке ашыруу пландарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу;
8) климат, экология жана туруктуу өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорго өлкөнүн тышкы карызын алмашуу маселелери боюнча чечимдерди макулдашуу жана кабыл алуу.
7. Координациялык кеңеш төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик органдардан жана башка уюмдардан климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине карата саясатты ишке ашыруу боюнча зарыл болгон документтерди белгиленген тартипте суроого жана алууга;
2) климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине карата саясатты ишке ашыруу боюнча мамлекеттик органдардын жетекчилеринин отчетторун кароого;
3) климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине карата саясатты ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башка уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерин угууга;
4) климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча саясатты ишке ашыруунун жүрүшүн андан ары өркүндөтүү боюнча мамлекеттик органдар үчүн тиешелүү сунуштарды кабыл алууга жана киргизүүгө;
5) Координациялык кеңештин климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча саясатты ишке ашырууга карата кабыл алынган чечимдерин мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аткаруусуна сунуштоого;
6) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жарандык коомдун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн, көз карандысыз эксперттерди Координациялык кеңештин жыйналыштарына чакырууга жана климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелерине карата саясатты ишке ашыруу боюнча сунуштарын угууга;
7) Координациялык кеңештин компетенциясына кирген маселелерди кароо үчүн эксперттик топторду жана комиссияларды түзүүгө, министрликтердин жана ведомстволордун, аткаруу бийлигинин башка мамлекеттик органдарынын адистерин, ошондой эле жарандык жана эксперттик коомдоштуктун, жеке сектордун, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн тартууга.
4-глава. Координациялык кеңештин ишин уюштуруу
8. Координациялык кеңешти төрага башкарат.
Координациялык кеңештин төрагасы жок учурда анын функцияларын Координациялык кеңештин төрагасынын орун басарлары аткарат.
9. Координациялык кеңештин жыйналышы зарылдыкка жараша, бирок жылына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт.
10. Координациялык кеңеш жыйналыштын күн тартибиндеги маселелерди кароонун жыйынтыгы боюнча чечимдерди кабыл алат.
Координациялык кеңештин чечимдери жыйналышка катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болуп калган учурда, Координациялык кеңештин төрагасы добуш берген чечим кабыл алынды деп эсептелет. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн 2/3 кем эмес добушу кворумду түзөт.
11. Координациялык кеңештин жыйналыштарына добуш берүү укугусуз, чакырылгандар катары мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өкмөттүк эмес жана башка уюмдардын өкүлдөрү катыша алышат.
12. Координациялык кеңеш өзүнүн ишинин ачыктыгын жана кызыкдар тараптарга жана коомчулукка өзүнүн иши жөнүндө маалымдоону камсыздайт. Координациялык кеңештин жыйналыштарынын жыйынтыгы боюнча маалыматтар Координациялык кеңештин катчылыгынын расмий сайтында жайгаштырылат.
5-глава. Координациялык кеңештин катчылыгы
13. Координациялык кеңештин ишин катчылык - Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Климаттык каржылоо борбору камсыздайт, анын функциялары болуп төмөнкүлөр саналат:
1) Координациялык кеңештин ишин уюштуруучулук-техникалык жана маалыматтык-аналитикалык камсыздоо;
2) Координациялык кеңештин жыйналыштарын уюштуруу жана өткөрүү;
3) Координациялык кеңештин чечимдерин аткаруу процессин координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
4) климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу маселелери боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, эл аралык уюмдар жана башка кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүүнү камсыздоо.
14. Катчылык пландалган жыйналыш башталганга чейин 7 күн мурда (шашылыш жыйналыш өткөрүлгөн учурда - 2 жумуш күн мурда) Координациялык кеңештин мүчөлөрүнө чакыруу жөнөтөт жана зарыл болгон материалдарды даярдайт жана чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн алуусун камсыздайт.
15. Координациялык кеңештин катчылыгы кезектеги жыйналыш өткөрүлгөндөн кийин 15 жумуш күндүн ичинде Координациялык кеңештин жыйналышынын протоколун жиберүүнү камсыз кылат.".