Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
ТОКТОМ
2015-жылдын 11-сентябры № 627
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 86-беренесинин жоболорун ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-августундагы № 453 "Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Салык отчетун электрондук түрдө электрондук санариптик кол тамгасыз берүүнүн тартиби жөнүндө жободо:
- 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12. Салык кызматынын органдары тийиштүү чечимди чыгаруу менен субъекттердин Маалыматтык тутумга кирүүсүнөн төмөнкү учурларда баш тартышат (же кирүүгө бөгөт коюшат);
1) субъекттин салыктык каттоосу жок болгондо;
2) бул субъекттердин жалган ишкердикке жана жалган беримдерге катышкандыгы жөнүндө документ түрүндөгү маалыматтар болгондо.";
- 15-пунктунда:
"60" деген цифралар "90" деген цифралар менен алмаштырылсын;
"арыз берген" деген сөздөр "чечим чыгарылган" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 17 жана 18-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын;
- 20-пункттагы "Салык кодексинде" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинде (мындан ары - Салык кодекси)" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 22-пунктунда "Салык кодексинде белгиленген ченемдерге ылайык" деген сөздөр "эгерде Салык кодексинде башкача белгиленбесе" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |