Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25-ноябрындагы № 632 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 19-августу № 466

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 90-беренесине жана "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандарына ар кандай категориядагы документтерди тариздөөдө андан ары көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-ноябрындагы № 699 "Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыккан Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана каттоо эсебинен чыгарууну жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

17-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"Эгерде Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту жана Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспорту белгисиз себептер менен мөөнөтү өтүп кетсе жана алмаштырганга тапшырылбаса, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси же болбосо Кыргыз Республикасынын тышкы саясий иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органынын консулдук кызматы арыз берүүчүгө ушул Жобонун 7-тиркемесине ылайык формада консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө белгиленген үлгүдөгү маалымкат берет.";

- Жобо ушул токтомдун тиркемесине ылайык 7-тиркеме менен толукталсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 19-августундагы № 466 токтомуна

тиркеме

 

 

 

"7-тиркеме

 

Талап кылынган жерге

 

Консулдук эсептен чыгаруу жөнүндө МААЛЫМКАТ

 

Бул маалымкат менен Кыргыз Республикасынын жараны ________________

(жалпы

______________________________________________________________________,

жарандык паспорттун ээсинин аты-жөнү)

______________________________________________________________________,

(сериясы, номери, датасы, документ берген

______________________________________________________________________,

мамлекеттик органдын аталышы)

_____________________________________________________________ тарабынан

(Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги мекемесинин аталышы)

консулдук эсептен чыгарылганы ырасталат.

 

Маалымкат берилген: ______________________________________________

(кызмат орду, ыйгарым укуктуу

______________________________________________________________________.

кызмат адамынын аты-жөнү)

 

М.О.                                                                                ________________________________

                                                                                                                      (колу)

 

                                                                                          201__-ж. "__" __________________