Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 6-сентябры № 489
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
"Айыл чарба каттоосу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, кезектеги айыл чарба каттоосун өз убагында өткөрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-декабрындагы № 854 "Кыргыз Республикасында 2014-жылдагы айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи жана үчүнчү абзацтар менен толукталсын:
"Ушул токтомдун 1-тиркемесинде көрсөтүлгөн республиканын алыскы зоналарында айыл чарба каттоосун өткөрүү 2014-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин белгиленсин.
2013-жылы төмөнкү аймактарда пилоттук (сынамык) каттоосу өткөрүлсүн:
- Нарын облусунун Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылдык аймагында 2013-жылдын 15-октябрынан 15-ноябрына чейин;
- Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук жана Гавриловка айылдык аймактарында 2013-жылдын 15-ноябрынан 15-декабрына чейин.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 3-1-пункт менен толукталсын:
"3-1. 2013-жылы Кыргыз Республикасында пилоттук (сынамык) айыл чарба каттоосун өткөрүү боюнча персоналдардын иштөө узактыгы жана эмгек акысынын өлчөмдөрү ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык белгиленсин.";
- бул токтомдун 1 жана 2-тиркемелерине ылайык редакциядагы 1 жана 2-тиркемелер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине ушул токтомдон келип чыккан тийиштүү чараларды көрүү сунушталсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489 токтомуна 1-тиркеме
|
┌─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┐
│ Облустар, │ Айылдык аймактар │ Калктуу конуштар │
│ райондор │ │ │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Баткен облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Кадамжай │Майдан │Кароол │
│ ├─────────────────────────┼─────────────────────────┤
│ │Көтөрмө │Кара-Шоро │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Жалал-Абад облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ала-Бука │Көк-Серек │Бирлешкен, Сары-Кол, │
│ │ │Төлөкө │
│ │Көк-Таш │Көк-Таш, Чоң-Сай │
│Аксы │Ак-Жол │Кызыл-Бейит │
│Сузак │Кызыл-Туу │Кара-Көл │
│Тогуз-Торо │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
│Токтогул │Сары-Камыш │Бардык калктуу конуштар │
│Чаткал │Аралбаев │Бардык калктуу конуштар │
│ │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Ысык-Көл облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ак-Суу │Эңилчек │Бардык калктуу конуштар │
│ │Жыргалаң │Бардык калктуу конуштар │
│Жети-Өгүз │Ак-Шыйрак │Бардык калктуу конуштар │
│ │Барскоон │Каракол │
│Тоң │Күн-Чыгыш │Арчалы │
│ │Улакол │Туура-Суу │
│Түп │Сан-Таш │Бардык калктуу конуштар │
│ │Карасаев │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Нарын облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Ат-Башы │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
│Жумгал │Миң-Куш │Миң-Куш, Кызыл-Сөөк │
│ │Кабак │Кең-Суу, Котур-Суу, │
│ │ │Табылгы │
│Нарын │Орток │Өрүк-Там, │
│ │ │Эки-Нарын │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Ош облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Алай │Сары-Таш │Бардык калктуу конуштар │
│ │Талды-Суу │Бардык калктуу конуштар │
│Араван │Алля Анаров │Кара-Булак │
│ │Керме-Тоо │Кичик-Алай, Күндөлүк, │
│ │ │Майдан-Тал, Миң-Теке, │
│ │ │Сары-Булак, Чөгөм │
│Кара-Кулжа │Алайкуу │Бардык калктуу конуштар │
│ │Кызыл-Жар │Бардык калктуу конуштар │
│ │Ой-Тал │Бардык калктуу конуштар │
│ │Чалма │Бардык калктуу конуштар │
│Ноокат │Исанов │Кичи-Алай │
│Чоң-Алай │Бардык айылдык аймактар │Бардык калктуу конуштар │
├─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┤
│ Чүй облусу │
├─────────────────┬─────────────────────────┬─────────────────────────┤
│Жайыл │Суусамыр │Бардык калктуу конуштар │
└─────────────────┴─────────────────────────┴─────────────────────────┘
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-сентябрындагы № 489 токтомуна 2-тиркеме
|
┌──┬─────────────────────────────┬─────────────────┬──────────────────┐
│№ │ Каттоо персоналдарынын │ 1 (бир) адистин │ Киреше салыгы │
│ │ аталышы │ иштөө мөөнөтү, │ жана Соцфондго │
│ │ │ (күндөр) │чегерүүнү кошкондо│
│ │ │ │ күнүмдүк эмгек │
│ │ │ │ акысынын өлчөмү, │
│ │ │ │ (сом) │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│1 │Каттоого алуучу │ 39 │ 250 │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│2 │Нускоочу-контролер │ 53 │ 250 │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│3 │Каттоочу │ 22 │ 250 │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│4 │Каттоо бөлүмүнүн координатору│ 86 │ 300 │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│5 │Каттоо документтерин кабыл │ 3 │ 250 │
│ │алуу боюнча адис │ │ │
├──┼─────────────────────────────┼─────────────────┼──────────────────┤
│6 │Каттоо маалыматтарын иштеп │ 7 │ 250 │
│ │чыгуучу адис │ │ │
└──┴─────────────────────────────┴─────────────────┴──────────────────┘
Эскертүү:
Төлөмдөрдүн өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдардын кызматтык акысына төлөнүүчү кошумча төлөмдөрдүн жана үстөктөрдүн райондук коэффициенттери эсепке алынбастан белгиленди.