Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 22-февралындагы № 94 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 9-сентябры № 494
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 295-беренесине ылайык, акциздик жыйымдардын маркаларын колдонуунун тартибин жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасында акциздик жыйым маркаларын берүү жана колдонуу тартиби жөнүндө Жободо:
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "эсеп-өтүнмө" жана "өтүнмө" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "арыз-эсеби" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча ар түрдүү жөндөмөдөгү "салык органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү "салык кызматынын органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пункт:
"(буга ТЭИТН 2203 кодундагы сыра)" деген сөздөрдөн кийин "жана жүзүмдүн ширеси (коду ТЭИТН 220430)" деген сөздөр менен толукталсын;
төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Түрү, аталышы, сыйымдуулугу (алкоголдук буюмдар үчүн) боюнча акциздик өндүрүмдү маркалоо акциздик маркаларды алуу тууралуу салык кызматынын органынын чечими менен көрсөтүлгөн акциздик маркалардын түрүнө жана номуруна ылайык жүргүзүлөт.";
- 15-пунктта:
экинчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Акциздик маркаларды алуу үчүн салык төлөөчү салык кызматынын органына 2 нускадагы арыз-эсебин берет. Биринчи нускасы акциздик салыктын төлөнгөнү тууралуу салык кызматынын органынын белгиси менен салык төлөөчүгө кайтарылат, экинчи нускасы салык кызматынын органында калат. Салык төлөөчүнүн арыз-эсебине ушул Жобонун 2-тиркемесине ылайык аталыштар боюнча Акциздик буюмдарды спецификациялоо тиркелет.";
төртүнчү жана бешинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Импорттолуучу өндүрүмгө акциздик маркаларды сатып алуу үчүн импорттоочулар маркалануучу өндүрүмдү жеткирүүгө салык төлөөчү тарабынан күбөлөндүрүлгөн келишимдин түп нускасын жана көчүрмөсүн, маркаланган өндүрүмдү алып кирүүгө жана/же сатууга уруксаттаманы беришет.
Жогоруда саналган документтердин негизинде салык кызматынын органы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитиле турган формага ылайык, ыйгарым укуктуу банктан акциздик маркаларды алуу тууралуу 3 нускада чечим чыгарат. "Акциздик маркалар үчүн акы төлөө" деген белгиси менен бөгөттөлгөн эсепке каражаттарды төлөгөндөн кийин салык төлөөчү ыйгарым укуктуу банктан акциздик маркаларды алат. Акциздик маркаларды алуу тууралуу чечимдин биринчи нускасы - ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - салык төлөөчүдө, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.";
алтынчы абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- 16-пункттагы "№ 1 тиркемеге жана 4-тиркемеге (тамеки буюмдарын импорттоочулар үчүн)" деген сөздөр "1-тиркемеге жана 2-тиркемеге ылайык аталыштар боюнча Акциздик буюмдарды спецификациялоого" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
17-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"17. Чоң идиштерге куюлган алкоголдук продукцияны маркалоо үчүн акциздик маркаларды сатып алууга арызды тариздөөдө салык төлөөчү акциздик маркалардын номиналдык наркын жана акциздик салыкты төлөгөндүгү тууралуу ырастоону берет. Маркаланууга тийиш болгон көлөмдү жана акциздик маркалардын номиналдык наркын төлөөнү ырастагандан кийин салык кызматынын органы акциздик маркаларды алуу тууралуу чечим чыгарат.";
- 19-пунктта "Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Спиртти жана алкоголь продукцияларын чыгаруу, сактоо жана сатып өткөрүү боюнча мамлекеттик агенттикке, салык төлөөчүнү-акциздик маркаларды сатып алуучуну салыктык каттоо жери боюнча салык органына, Кыргыз Республикасынын бажы opганына жана Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция кызматына" деген сөздөр "салык төлөөчүнү - акциздик маркаларды сатып алуучуну салыктык каттоо жери боюнча салык кызматынын органына, бажы иши жана экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 20-пункттагы "Салык органдары маркалануучу өндүрүмдү өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептерди жана башка документтерди өз учурунда беришин контролдойт" деген сүйлөм "Салык кызматынын органдары маркалануучу продукцияны өндүрүүчү же импорттоочу салык төлөөчү тарабынан акциздик салыкты эсептөө үчүн эсептердин жана башка документтердин берилишин контролдойт" деген сүйлөм менен алмаштырылсын;
- 22-пункттагы "жана чекене баалардын диапазонун" деген сөздөр алып салынсын;
- 27-пункттун бешинчи жана алтынчы абзацтары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"- акциздик маркаларды алуу тууралуу чечимдин нускасын.
Салык кызматынын органы жогоруда саналган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу банкка акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө 3 нускада түзүлгөн чечим чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу жөнүндө чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - салык кызматынын органында калат.";
- 29-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Салык кызматынын органы жогоруда саналган документтерди текшерүүдөн өткөрөт жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитиле турган формага ылайык, ыйгарым укуктуу банкка бузулган акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу 3 нускада түзүлгөн чечим чыгарат. Акциздик маркаларды кайтаруу тууралуу чечимдин бир нускасы ыйгарым укуктуу банкта, экинчиси - акциздик маркаларды сатып алуучуда, үчүнчүсү - caлык кызмат органында калат.";
- 31-пункттагы "бажы органдары тарабынан" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 34-пункттагы:
экинчи абзац күчүн жоготту деп табылсын:
үчүнчү абзацтагы "салык жана бажы органдары тарабынан" деген сөздөр "салык кызматынын органдары жана бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 36 жана 37-пункттардагы "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик бажы комитети" деген сөздөр "бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
Жогоруда аталган жобого № 1 тиркеме ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
Жогоруда аталган жобого № 2 тиркеме ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда берилсин;
Жогоруда аталган жобого № 3 тиркеме күчүн жоготту деп табылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж.Сатыбалдиев
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомуна 1-тиркеме
|
"_______________________________________________________
(салык кызматынын органынын аталышы)
20__-жылдын "__" _______ № ___
__________________________________________________________
(уюмдун толук аталышы, дареги, банктык реквизиттери)
┌─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┬─┐
Салык төлөөчүнүн │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
идентификациялык коду └─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┴─┘
төмөнкүдөй маркаларды сатууну өтүнөт:
Марканын Сыйымдуу- Салык Салынуучу Акциз Акциздик
тиби(*) лугу саны көлөм салыгынын маркалардын
суммасы номиналдык
наркы
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
┌──┬──┬──┐ ┌────────┐ ┌────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐ ┌──────────┐
│ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │ │
└──┴──┴──┘ └────────┘ └────────┘ └──────────┘ └──────────┘ └──────────┘
(товардын аталышы) ____________________________________________________
Акциз салыгы 20__-жылдын "__" ______ № ___ төлөм документи менен № _____ эсепке _______________ сом суммасында төлөнгөн.
(сөз менен)
Марканын номиналдык наркы 20__-жылдын "__" _______ № ____ төлөм документи менен № _________ эсепке _____________________ сом суммасында
(сом менен)
төлөнгөн.
М.О. Уюмдун жетекчиси: ____________________
(колу)
Башкы бухгалтер: _____________________
(колу)
(*) маркалардын тиби:
A - арак; С - коньяк; L - ликер-арак ичимдиктери; V - вино; S шампан; Е - чыпкалуу сигарета; F - чыпкасыз сигарета.".
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 494 токтомуна 2-тиркеме
|
"________________________________________________________
(Салык кызматынын opганынын аталышы)
№ ___ "__" ________ 20__-ж.
┌─────────────────────────────────┬───────────────────────────────────┐
│ Салык төлөөчүнүн аталышы │ │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ Юридикалык дареги жана телефону │ │
├─────────────────────────────────┼───────────────────────────────────┤
│ ИСН │ │
└─────────────────────────────────┴───────────────────────────────────┘
┌──┬───────────┬──────────┬────────────────┬───────────────┬──────────┐
│№ │ Акциздик │ Маркасы │ Идиштин │Сатылып алынган│ Тамеки │
│к/│ өндүрүмдүн│(акциздик │ сыйымдуулугу. │ акциздик │буюмдарына│
│н │ түрү │өндүрүмдүн│ Тамеки │ маркалардын │эң жогорку│
│ │ │ аталышы) │буюмдарынын түрү│ саны │чекене баа│
├──┼───────────┼──────────┼────────────────┼───────────────┼──────────┤
├──┼───────────┼──────────┼────────────────┼───────────────┼──────────┤
├──┼───────────┼──────────┼────────────────┼───────────────┼──────────┤
├──┼───────────┼──────────┼────────────────┼───────────────┼──────────┤
└──┴───────────┴──────────┴────────────────┴───────────────┴──────────┘
Уюмдун жетекчиси: ______________________ ______________
(аты-жөнү) (колу)
М.О.".