Редакцияот 24.09.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 24-сентябры № 522

 

Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк маселелери жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексинин 36, 67-79-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 66-76-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесине ылайык, камкорчулук жана көзөмөлчүлүк боюнча ишти уюштуруу жана ишке ашыруу маселелерин регламенттештирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Камкорчулук жана көзөмөлчүлүк жөнүндө жобо;

- Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө жобо.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев