Загрузка документа…
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 24-сентябрындагы № 522 токтому менен бекитилген |
Баланы үй бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бул Жобо ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жетим балдар жана ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана менчигинин түрүнө карабастан ушуга окшогон башка мекемелер) мекемелерге жайгаштыруу тартибин жөнгө салат.
2. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үй-бүлөгө тарбиялоого (асырап алууга), камкорчулукка (көзөмөлчүлүккө) же багып алуучу үй-бүлөгө), ал эми мындай мүмкүнчүлүктөр жок болгон учурда - жетим балдар же ата-энелеринин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык жактан коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана менчигинин түрүнө карабастан ушуга окшогон башка мекемелер) мекемелерге өткөрүп берилүүгө тийиш.
Жетим-балдарды, ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же чектелгенине, ата-энелери дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген) деп таанылганына, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жатканына байланыштуу ата-энелери жок балдарды интернат мекемелерине (менчигинин түрүнө карабастан) жиберүү соттун чечими боюнча жүргүзүлөт жана баланы үй-бүлөгө жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү болбогон учурда гана акыркы чара катары колдонулат.
3. Баланы сүйлөөсү, көрүүсү жана угуусу, акыл-эсинин өнүгүүсү бузулган балдар үчүн мектеп-интернаттарга жайгаштыруу бул интернат мекемелери ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациянын корутундусу боюнча, ал эми психоневрологиялык үй-интернаттарына - медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусу боюнча жиберилет.
Баланы тарбиялоонун өзгөчө шарттарына муктаж балдар үчүн атайын мектеп-интернатына жана психиатриялык ооруканаларга жайгаштыруу соттун чечиминин негизинде жүргүзүлөт. Сот тарабынан бала психиатриялык ооруканага жиберилгенде анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн (ата-энеси, камкорчулары (көзөмөлчүлөрү), багып алган ата-энеси, асырап алуучулар, алар жок болгон учурда - балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү) макулдугу талап кылынат.
4. Ушул Жобонун 2-пунктунун экинчи абзацында көрсөтүлгөн категориядагы балдарды менчигинин түрүнө карабастан интернат мекемелерине 6 айга чейинки мөөнөткө убактылуу жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундулары боюнча бул интернат мекемелери ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
5. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жана башка мамлекеттен репатриацияланган 4 жашка чейинки балдарды балдар үйүнө жайгаштыруу мамлекеттик саламаттык сактоо органы тарабынан балдардын документтерин тиркөө менен балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндө кайрылуусунун негизинде жүргүзүлөт.
6. Баланын ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн интернат мекемелеринде туруусунун негиздүүлүгүн кайра кароо аймагында баланын үй-бүлөсү жашаган аймактык бөлүмдүн, бул интернат мекемелери ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларынын негизинде, мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча уюмдардын арызы боюнча сот тарабынан ишке ашырылат.
7. Камкорчулукка алынгандарды ушул Жобонун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мекемелерден менчигинин түрүнө карабастан башка интернат мекемелерине которуу бул интернат мекемеси ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу боюнча аймактык бөлүм тарабынан жүргүзүлөт.
Эгерде сот камкорчулукка алынганды конкреттүү мекемеге аныктаган учурда, соттун чечими боюнча камкорчулукка алынганды которуу жүргүзүлөт.
Бир интернат мекемесинен башка интернат мекемесине которуу сот же аймактык бөлүм тарабынан белгиленген интернат мекемесинде камкорчулукка алынгандын болуу мөөнөтүнүн өзгөрүшүнө алып келбейт.
8. Баланын интернат мекемесинде туруусунун бардык мөөнөтүнүн ичинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте баланы өз үй-бүлөсүнө кайтаруу же болбосо баланы туугандарынын, камкорчулардын (көзөмөлчүлөрдүн), асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүнө, багып алуучу үй-бүлөлөргө жайгаштыруу боюнча зарыл болгон чараларды көрөт.
9. Балдар убактылуу жайгаштырылган мекемелер зарыл болгон учурда балдарды психологиялык-медициналык-педагогикалык консультациядан жана (же) медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан текшерүүдөн өткөрүү боюнча чараларды көрүшөт.
10. Мекеме менчигинин түрүнө карабастан көзөмөлүнө жашы жете электер жайгаштырылган мекемелердин камкорчулукка алынгандарынын пайдасына пенсиялардын, жөлөкпулдардын жана башка социалдык төлөөлөрдүн келип түшүүсү максатында камкорчулукка алынгандар 18 жашка чыкканга чейин, алар үчүн жеке депозиттик топтоо эсептерин ачат.
Мекеме жеке депозиттик топтоо эсептерин ачуу максатында тийиштүү банк мекемеси менен келишим түзөт.
Зарыл болгон учурда, мекеме камкорчулукка алынгандын банктык маалымдаректерин көрсөтүү менен, банк мекемеси менен мекеменин жетекчисинин ортосундагы келишимди тиркеп, камкорчулукка алынгандын пайдасына пенсияларды, жөлөкпулдарды жана башка социалдык төлөөлөрдү которуу үчүн тийиштүү органдарга кайрылат.
11. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укугун коргоо максатында аларды сүрөткө жана тасмага тартуу төмөнкү учурлардан тышкары тыюу салынат.
Мекеме ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды сүрөткө жана тасмага тартууга:
- бала менен таанышуу үчүн балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмү тарабынан жиберилген асырап алууга, камкорчулукка, көзөмөлчүлүккө талапкерлердин өтүнүчтөрү боюнча;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын же балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусунун негизинде, кийин сүрөттөргө же тасмаларга тартылган жашы жете электердин бетин ретуштоо жолу менен уруксат берүүгө укуктуу.
12. Ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды жетим балдар же ата-энесинин камкордугусуз калган балдар үчүн бардык типтеги мекемелерге (тарбиялоо мекемелери, калкты социалдык коргоо мекемелери, дарылоо мекемелери жана менчигинин түрүнө карабастан ушул сыяктуу башка мекемелер) убактылуу жайгаштыруу жөнүндө аймактык бөлүмдүн буйругунун жарактуулук мөөнөтү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режиминде аяктай турган болсо, камкордук көрүү, көзөмөлдүк кылуу же асырап алуу жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген учурларды кошпогондо, буйруктун күчү өзгөчө кырдаал/өзгөчө абал режими алып салынган айдан кийинки айдын акыркы күнүнө чейин узартылат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 24-августундагы № 433 токтомунун редакциясына ылайык)
| Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштыруу тартиби жөнүндө Жобого тиркеме |
Баланы үй-бүлөдөн тышкары жайгаштырууга
№ ____ ЖОЛДОМО
20__-ж. "__" _________ __________________
(калктуу конуш)
_______________________________________________________
(жолдомо берген органдын аталышы)
__________________________________________ убактылуу жайгаштырууга
(баланын аты-жөнү)
_______________________________________________________________________
(органдын, мекеменин аталышы көрсөтүлсүн)
_______________________________________________________________________ ______________________________________________ корутундусунун негизинде _______________________ мөөнөткө жиберилет.
Колу: ______________________________________
(аймактык бөлүмдүн начальниги)
М.О.